НАТО Россиянын Украина жаатындагы талабын четке какты

187
0

НАТО Россиянын Украина жаатындагы талабын четке какты

Кабар: Россия Украинанын альянска киришине тоскоолдук кыла албайт. НАТОдогу союздаштар ушундай пикирде. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселдө өткөн Россия-НАТО кеңешинин сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдирди.

 “Украинанын НАТОго кошулушуна Россия вето коё албайт”, – деди Столтенберг.

Анын айтымында, Украина НАТОго кошулууга качан даяр болгонун Украина жана НАТОнун 30 мүчөсү чечет.

Столтенберг Россия делегациясы менен дээрлик төрт саатка созулган сүйлөшүүнү татаал, бирок пайдалуу сүйлөшүү болду деп сыпаттады.

Өз кезегинде, АКШ мамлекеттик катчысынын биринчи орунбасары Венди Шерман АКШ “башка мамлекет үчүн НАТО эшиктерин жабууга” эч кимге жол бербестигин айтты.

Россия-НАТО кеңешинин бул жолугушуусу коопсуздук кепилдиги боюнча экинчиси болду. Биринчи жолугушуу Женевада Россиянын тышкы иштер министрлиги менен АКШ мамлекеттик департаменти  делегациялары ортосунда болуп өткөн. Үчүнчү жолугушуу 13-январда ЕККУнун алкагында өтөрү күтүлүүдө.

Россия Вашингтон жана анын союздаштарына “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Россиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды койгон.

 Комментарий: … Россия азыркы Украина кризисин башкарып жатып Украинадан баш тартып, аны АКШ менен НАТОго калтыргысы келбейт, айрыкча Батыштын санкцияларына туруштук бергенден кийин. Мындан тышкары, Россия Американын бүгүнкү күндөгү негизги ташбиши Кытайга каршы туруу деп эсептейт. Башкача айтканда, Россия Америка Украинаны коргоо үчүн аны НАТОго мүчө кылууда Америка ресурстарынын керектелишинен келип чыккан оорчулуктан улам ал кадамга эч качан барбайт деп эсептейт. Анткени, бул нерсе Американын Ыраакы Чыгыштагы Кытайга каршы даярдыгын начарлатат… Ошондой эле, Россия аскердик жактан алсызыраак жана энергия менен камсыздоо маселесинде Россияга көбүрөөк көз каранды болгон Европаны баалабайт. Тактап айтканда, Россия Украинада ийгиликке жетүү үчүн эл аралык кырдаал ага ыңгайлуу деп эсептейт….

… Талдоо аркылуу Россия өзүн кесепети өзүнө тийип кала турган кризиске киргизип жатканын көрүп жатабыз. Америка Украина президентин Россия Украинага басып кирүүдөн башка аргасы калбаган провокацияга түртүшү мүмкүн, анын натыйжасында ал Украина кагылыштарына аралашып, Европа менен аралашып кетет. Украина Америка аны коргошу керек болгон НАТОнун мүчөсү эмес. Ал эми, Россия ката кетирип, Украинага басып кирсе, Америкага Европа өлкөлөрүн баш ийдирүүгө жана Россиянын агрессиясына каршы турууну шылтоолоп аларды Америка чапаны астына кайра алып келүүгө бардык негиздерди берет. Бул жагдай Россия үгүттөгөн эл аралык көп полярдуулукка (уюлдуулукка) туура келбейт. Россия көрбөгөн горизонт дагы бар. Россия Украинага басып кирген учурда Америка Россияга кысым көрсөтүү аркылуу Россия менен Кытайдын ортосунда пайда болгон союзду бузуу үчүн жаңы куралга ээ болот. Америка Украинага каршы агрессор болгон Россиядан алыс болуусу үчүн Кытай менен болгон соода аркылуу Кытайга кысым көрсөтүп, аны коркутуп-үркүтүшү мүмкүн: Кытай бул кысымга моюн сунуп, Россиядан алыс болсо, анда Америка чоң максатына жеткен болот. Россия Украинага баскынчылык кылгандан кийин түрдүү санкцияларга дуушар болуп, Украинадан чыгып кетсе, Американын талаптары Украинанын чыгышына жетет, ал тургай, Крымга да жетип Россияны Украинага басып кирүүдөгү кандайдыр бир пайдалардан куру жалак калтырат. Тескерисинче, Россиянын башына кырсыктар келет. Бул Америка Чыгыш Европа өлкөлөрүн кыжырдантып, аларды Украинада Россияга сокку уруу үчүн эффективдүү жана таасирдүү аскердик колдоо көрсөтүүгө мажбурлашынан тышкары иштер. Мүмкүн Россиянын Ооганстандагы чарчаган тажрыйбасы эсибизден алыс эместир. Ушунун баары Россия Украинанын айланасында кооптуу оюнду ойноп жаткандыгын билдирет, бул Россия үчүн чоң тузакка айланып, анын кесепети өзүнө тийиши мүмкүн б.а. өзүнүн ишинин кесепеттерин түшүнбөгөн келесоо сыяктуу болот!.

  Хизб ут-Тахрирдин амири шайх Ата ибн Халил Абу Роштанын “Украина кризисинин акыйкаты, көлөмү жана мотивдери” суроо-жообунан. 22.12.2021.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here