Тунис президентти менен анын атаандаштары ортосундагы күрөш – бүткүл өлкөнү чөгөлөтүүнү каалаган кулдар күрөшү

176
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис президентти менен анын атаандаштары ортосундагы күрөш бүткүл өлкөнү чөгөлөтүүнү каалаган кулдар күрөшү

 Устаз Мухаммаднасир Шувайха

Акыркы убактарда массалык маалымат каражаттарында Тунистеги эки карама-каршы тарап ортосунда кескин билдирүү күч алганы жөнүндө көп айтылды. Бир тарапта президент Кайс Саид болсо, экинчи тарапта анын каршылаштары, анын катарында Рошид Ганнуший турат. Бул билдирүүлөрдөн биринчиси 2021-жылы 27-ноябрда өкүлдөр палатасынын спикери, Нахза кыймылынын жетекчиси Рошид Ганнуший тарабынан айтылды. Ал: «Кимдир кааласын, каалабасын, дагы кимдир четке каксын, бирок, парламент албетте кайтат», – деди. Кийин президент Кайс Саиддин билдирүүсү 2021-жылы 30-ноябрда армиянын жогорку кеңешинин жыйынында айтылды. Ал куралдуу күчтөрдүн мамлекет жана мекенди коргоо үчүн жумшап жаткан аракетин мактап, анын шайлоолор, улуттук сыноолор о.э. эмдөө кампанияларын өткөрүүдөгү ролун жогору баалады.

Президент Тунистин өз эли, каармандык жана улуу кишилерге бай тарыхы менен күчтүү экенин, ага мекен үчүн ишенимдүү жана калыс адамдар керектигин баса белгиледи. О.э. ал мекенге зыян жеткирүү аракетинде жүргөндөргө каршы күрөшүү, калктын үмүттөрүн жүзөгө ашыруу, анын колдонуп болбой турган мыйзамдар менен алданышына жол бербөө үчүн армияны аманатты мойнуна алып аракетин улантууга чакырды. (Колдонуп болбой турган деп парламент тастыктаган 38-беренени айтты).

«Мамлекет оңой эле жеңилбейт жана анын мекемелери туруктуу… ким мамлекетке сокку берүүгө же анын мекемелерине жылжып кирүүгө аракет кылып жаткан болсо, курулай үмүт кылбасын, колунан келбейт», – деди Кайс Саид.

Ко-ош, дагы кескин билдирүүлөр айтылабы, арийне, Тунистеги саясий кризистин кезектеги баскычы келе жатабы? Бул билдирүүлөргө эмне үндөп жатат? Алардын максат кандай? Бул нерсе өлкө кызыкчылыгына кызмат кылабы?

Президенттин билдирүүсү кескинби же жөнөкөй реакция элеби?

Президенттин бул сөзү Ганнушийдин сөзүнө жооп болот. О.э. Ганнушийдин кеңешчиси Рияз Шаъбийдин «парламенттик кеңеш албетте кайтат, биринчи кыла турган иши 25-июль токтомдорун бекер кылуу болот» деген сөзүнө да жооп болуп эсептелет.

Демек, президенттин бул билдирүүсү өз атаандаштарынын билдирүүсүнө жооп болуп, мурдагыдай саткынга чыгаруу жана коркутуу маанисинде айтылды. Ушул аркылуу ал өз жолун улантышын жана андан таптакыр кайтпашын баса белгиледи. Бул президенттин абалды курчуткан билдирүүсү деп айтылбайт, балким, ал ошол эски келишим жана реформаларды колдонду. Себеби, Саиддин 25-июлдан бери, ал тургай, 2019-жылдагы шайлоо кампаниясынан бери оозунан бирдей сөздөр чыгат. Анын сөздөрү жаңылык эмес, андан бирер нерсе күтүлгүдөй… Тескерисинче, анын бул сөзү жасалма коркунучтуу, вакиъликте амал кылбай турган чекиттеринен баары тажаган… Бул билдирүүлөрдөн күндөн-күндө президенттин алсыздыгы көрүнүп жатат. Анын колдоп-кубаттоочулары да күн сайын уттуруп жатат, адамдар президенттин колунан эч нерсе келбейт дешүүдө. Себеби, ал түштүктөгү эң чоң Сафокис шаарынын коммуналдык таштанды проблемасын чече албаган соң, андан көп эсе татаал проблемаларды кантип чечсин?!

Спикер Ганнушийдин билдирүүсү атайылап уюштурулган кескин билдирүү, эмне үчүн?

Мындай алсыздык алдында Ганнушийдин «кимдир кааласын, кимдин каалабасын, дагы кимдир четке каксын, бирок, парламент албетте кайтат» деген билдирүүсү о.э. анын саясий иштер боюнча кеңешчисинин парламент кайтышы жана президенттин бардык токтомдорун бекер кылуу туурасындагы сөздөрү абалды курчутту.

Демек, кескин билдирүү Нахза кыймылынан чыкты. Биз муну Нахзанын кадамында анык көрүп турабыз. Мисалы, 26-июлда Ганнуший жана анын тарапкерлери парламенттен чыгып кетишти (алар Катар жана Британия тышкы иштер министрликтери абалды курчутпоо, тынчтыкты камсыздоо керек деген позицияда турушу артынан ушундай кылышты). Ошондо Ганнуший бир аз жан бере турган, ал тургай, кызматынан кете тургандай сүйлөдү. Кийин болсо, Нахза тарапкерлери партиянын урааны астында эмес, «Жарандар Тунистеги ыңкылапка каршы» сыяктуу элдин урааны астында демонстрация чыгарылды. Жана тышынан жарандык коом уюмдары катары көрсөтүлгөн жетекчилик астында Нахза атынан сүйлөгөн илманий күчтөр демонстрацияга киргизилди. Бул күчтөр эки ирет (2021-жыл, 10-11-март күндөрү) парламенттин имараты алдында ачык көрүнүштө чыгып сүйлөдү. Кийин Ганнушийдин «ким кааласын, кимдир каалабасын, бирок, парламент албетте кайтат» деген провокациялуу билдирүүсү айтылды. Ошол эле учурда, Испанияда «Парламенттер аралык Союздун» 143-сессиясы болду, анда Тунистеги иши токтотулган парламенттен 5 депутат катышты. Бул чакырыкты Ганнуший (жана күзөтүүчүлөр) Тунис парламентинин тан алынышы деп баалашты. Мындан мурда Европа Парламентинде «25-июль иш-чараларына» каршы 14 пункттан турган Тунис парламентин жана анын төрагасын тааныган резолюцияга добуш берилди жана анын бир нускасы спикер Рошид Ганнушийге жиберилген. Бул резолюцияда Тунис парламенти жана анын төрагасы таанылган. Нахзанын бул кадамынан көрүнүп тургандай, Ганнуший жана анын кыймылы саясий жана моралдык шылтоо издеп, аны Европа Союзунан жана Парламенттер аралык Союздан табышты. Ганнуший ошолордун колдоосуна таянып, президентке каршы кескин жана провокациячыл билдирүү берди. Бардык аракеттери алдын ала белгилүү болгон жана Ганнушийдин билдирүүсүнө айтылган жоопто армия жогорку кеңешинин жыйынан пайдаланган президентти провокация кылды.

Президенттин армия кеңешиндеги бул сөздөрү ага атаандаш болгон бардык партия жана уюмдар тарабынан раддия жыйынына себеп болгон көрүнөт. Алар президентти армияны өзүнүн белгилүү бейтараптыгынан чыгарып, саясий душмандыкты аралаштырып жатат деген жемелөөлөрдү айтышты. Армия болсо, буга унчукпай турат, себеби, анын милдети мамлекеттик мекемелерди коргоо болуп калган. Президент Кайс Саиддин саясий жактан колдоп-кубатталышы да – ичтен болобу, же сырттан Франциядан болобу – чектелип калган. Себеби, Франция аны негизги колдоочусу болушуна карабастан, бул туурасында сүкүт кылып жатат.

Тыянактап айтканда, Тунистеги абал – экономикалык кризис чөйрөсүндө күчтөрдү алдан тайдырып, энергияларды жок кылып, адамдарды үмүтсүздүккө түшүрүү. Адамдар экономикалык кризис аркылуу ушул даражада буулуп, ачка калышкан, натыйжада эмне берилсе ыраазы болуп жатышат, ал тургай, козголоңдон да баш тартып, ушунча кыйынчылыктарга ыраазы болуп жатат.

Кыскасы:

Чыныгы күрөш, күрөштүн тараптары, темасы жана аракет жолдору:

Кризистин маңызы кулдардын күрөшүндө өз тастыгын таппайт. Себеби, кулдар өз ыктыяры менен күрөшпөйт. Балким кожоюндары күрөшкө буйруса гана күрөшүшөт. Кожоюндары күрөштү токтоону жана жарашып, келишүүнү буюрса, күрөштү токтотушат.

Туура, Тунистеги күрөш деңиз артынан бир телефон чалуу келсе, тезинен токтойт. Бирок, колонизатор дагы эле адамдарды отко салууну улантмакчы, себеби, мамлекет жана жаран ага жалынышы керек… Ал козголоңдо кулатылган өлчөөнүн ордуна жаңы өлчөөнү орнотмокчу. Ооба, бул күрөш элчилер тарабынан жаңы нормалар коюлмайынча токтобойт. Бул нормалар аларга регион мамлекеттеринин бирикпеген, ыдыраган көз каранды абалда калышын камсыздашы керек. Качан ушул ишке ашса, күрөш аяктаганы жана эски жаңы доор т.а. колонизатордук жана өнүгүп жаткан демократиялык өлкөлөргө өкүлдүк кылуу доору башталганы жарыяланат.

Маселенин унутпоо керек болгон түпкү өзөгү болсо, бүгүнкү күндө Ислам Умматы, алардын катарында Тунис калкы демократия жана капитализм себептүү нугунан чыккан абалга каршы козголоң баштады жана бул козголоңдор капитализмдин өмүрүнө кооп туудуруп жатат, колонизаторлордун өкүмдарлыгын коркунуч астына коюуда. Колонизаторлор үчүн эң чоң коркунуч – ага каршы күрөшүп жаткан калк улуу Ислам Умматы болуп, анын тарыхы эр жүрөк, улуу адамдарга жана нусраттарга бай… Бул Уммат перзенттери көздөрү өз Исламын көрө турган, өз өлкөлөрүн, динин, улуулугун кайтарып алууну каалап калышты. Ооба, чыныгы күрөш мына ушул. Бул күрөштөгү тараптар төмөндөгүдөй: күрөштөгү биринчи тарап – колонизатор. Бул колонизаторлор биздин өлкөлөргө, Түндүк Африкага өкүмдарлык кылуу керек болгон стратегиялык орду деп карап жаткан Европа, АКШ жана Британия. Ал президенттик башкаруудан да, парламенттик башкаруудан да, партиялардан да, жарандык коом деп аталып жаткан уюмдардан да өз каалоосу үчүн гана пайдаланган тарап.

Күрөштөгү экинчи тарап: Тунистеги калкыбыз. Алар колонизатор системага каршы козголоң кылган тарап. Хизб-ут-Тахрир да алар менен бирге болуп, ал режим жана анын жуундукорлорун кулатуу жана Расулуллах ﷺ баштап берген ишти кайрадан баштоо үчүн анын минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө даъват кылууда.

Күрөштөгү тема:

Колонизатор өкүмдарлык кылууну жана көзөмөлгө алууну каалап жатат. Мусулмандар болсо, тахрирди-азаттыкты каалап жатат. Ислам алардан өздөрүн эле эмес, бүткүл адамзатты капитализм зулумунан куткарууну талап кылууда.

Ошондой болгон соң, бүгүн бул күрөштүн маңызын аң-сезимдүү түрдө билишибиз жана аны туура багытта алып барып, колонизатор кафирге жана анын малайларына каршы күрөшүүбүз, аларды таасирлери менен бирге кулатышыбыз зарыл. Негиз мына ушул. Армияларыбыз да Уммат тарабында туруп, кулдар күрөшүнө чекит коюшу керек.

 Роя гезити, №369, 2021-жыл, 15-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here