Байлык жана бийлик үчүн Батыш Суданда дагы согуштар башталып, күнөөсүз кандар төгүлдү

173
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Байлык жана бийлик үчүн Батыш Суданда дагы согуштар башталып, күнөөсүз кандар төгүлдү

 Устаз Ибрахим Мухаммад Мушриф

Хизб-ут-Тахрир – Судан вилаяты маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Судандын батыш аймактары, айрыкча, Батыш Дарфур Жанина чыгышындагы Жабали Мун району акыркы күндөрдө дагы кандуу окуяларга күбө болду. БУУ тушундагы ОСНА уюму маалымдашынча, ушул жылы 20-ноябрь күнү көчмөн араб бедуиндери менен Масирия уруусунун дыйкандары ортосунда кагылышуу жүз берди. Окуядан беш күн өтүп, БУУ бул кагылышууда жүздөгөн адамдын каза болгону жана көптөгөн айылдарга өрт коюлганы жөнүндө кабарлады. БУУ ушуларды кошумчалады: ушул жылдын 29-ноябрынан 2-декабрына чейин жүргүзүлгөн мекемелер аралык гуманитардык баалоо убагында топтолгон маалыматтарга ылайык, Судан ичиндеги бул региондун Хижлижа жана Силий айылдарына о.э. Дарфур аймактарынын айылдарына 6 665 адам көчүрүлгөн. 2 261 адам Чад мамлекетине көчүрүлгөн. («Кудсул Арабий», 2021-жыл, 12-декабрь).

Баса белгилеп кетсек, Жабали Мун Судандын жаңы тарыхында саясий сот жараянын өткөрүү менен атагы чыккан район болду. Анда мурдагы вице-президент Жаъфар Намирий соттолду. Мурда Жабали Мунда бир разведка чыры болгон. Анда бир немис уюмунун жетекчиси бүткүл регионду курчаган катуу ачарчылыктан зыян көргөн жергиликтүү калкка гуманитардык жардам көрсөтүү деген нерсени жамынып, тоодон табылган үлкөн урандан жашыруун пайдаланууга урунган. («Sky News Arabia», 2021-жыл, 10-декабрь).

Айтып өтүү зарыл, Дарфурдагы демографиялык түзүлүш Британия колонизаторлугу доорунан бери уруучулук негизинде иштелип чыккан. Мисалы, Дарфур аймагынын түштүк бөлүгү Масалиттерге, түндүгү Арника тобуна, Кулбис району Кимир уруусуна берилген. Жабали Мун болсо Масирияга берилип, алар өздөрүн Тоо Масириялары деп аташат. Аймактын чыгышында да түрдүү көп уруулар бар. Кээ бир араб уруулары мал-жандыктарын оттотуу үчүн бүткүл регион бойлоп ар дайым көчүп жүрүшөт. Колонизаторлор Судан аймактарында монополияларды пайда кылып, ар бир урууну ушулардан бирине чектеп, калктын демографиясын ушул негизде түзүшкөн. Өлкө башына келип-кетип жаткан өкмөттөр да ушул тартипте башкарууну улантат, ал тургай, уруучулукка көбүрөөк этибар берип, байлыктарды жана бийликти бөлүүнү уруучулук негизде ишке ашырышат. Акыбетте региондо уруулар аралык согуш келип чыгат. Бул согушка белгилүү бир уруунун токойлор жана пайдалуу кендерден турган жалпы мүлктү монополия кылышы, калгандар аларга жетише албашы себеп болот.

Акыркы күндөрдө жүз берген ушундай окуяларда өкмөт аларды жоюу үчүн аралашкан жок. Тескерисинче, 2021-жылы 2-декабрда башаламандык кайра күч алды жана акыркы эки айда кан дарыя болуп акты, малдар талап-тонолду, намыстар тебеленди, Пайгамбарыбыз ﷺдын ушул хадисине амал кылынбады:

«لَنْ تُفْتَنَ أُمَّتِي حَتَّى يَظْهَرَ فِيهِمُ التَّمَايُزُ، وَالتَّمَايُلُ، وَالْمَقَامِعُ. قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ مَا التَّمَايُزُ؟ قَالَ: التَّمَايُزُ: عَصَبِيَّةٌ يُحْدِثُهَا النَّاسُ بَعْدِي فِي الْإِسْلَامِ. قُلْتُ: فَمَا التَّمَايُلُ؟ قَالَ: تَمِيلُ الْقَبِيلَةُ عَلَى الْقَبِيلَةِ فَتَسْتَحِلُّ حُرْمَتَهَا. قُلْتُ: فَمَا الْمَقَامِعُ؟ قَالَ: سَيْرُ الْأَمْصَارِ بَعْضُهَا إِلَى بَعْضٍ تَخْتَلِفُ أَعْنَاقُهُمْ فِي الْحَرْبِ»

«Менин Умматым аларда тамаюз, тамаюл жана макамиъ пайда болмоюнча фитнага учурашпайт…». Мен: «Я Расулуллах, тамаюз эмне?», – деп сурадым. Пайгамбар алайхиссалам: «Менден кийин адамдар Исламда пайда кыла турган текчилдик», – деди. «Тамаюл эмне?», – деп сурадым. Пайгамбарыбыз: «Бир уруу башка бир урууга ыктап, анын кол тийгис нерселерин өзүнө адал кылып алышы», – деди. «Макамиъ эмне?», – деп сурадым. «Шаарлар бири-бирине каршы жүрүп, согуш чыгаруулары», – деди». (Хаким, «Мустадрак»).

Биз бул кыргындан кийин өлкө бийлиги жана борбордук бийлик тарабынан болгон чакырыктарды уктук. Алар куралдарды жыйнап алуу, коопсуздукту камсыздоо жана мамлекеттин айбатын көрсөтүү үчүн коопсуздук күчтөрү, армия жана куралдуу кыймылдардан биргелешкен коопсуздук комиссиясын түзүүгө чакырышты. 10-декабрь күнү Масириянын кээ бир жетекчилери Батыш Дарфурда чогулуп, тынчтык конференциясы өткөрүлгөнгө чейин чабуул кылбоого убада беришти. Келишимге он бештен ашык жергиликтүү администрациялар кол койду.

«Sudan-press.net» сайтынын 2021-жылы 11-декабрдагы кабарына ылайык, Дарфур аймагынын акими Мани Арка Мунавий аймагындагы Дарфур түштүгүндөгү Каршылык комиссиясы, ыңкылап органдары жана Көз карандысыз жаштар тобунун уруучулук чыр-чатактарды жана зомбулуктарды токтотууга о.э. текчилдикке каршы күрөшүүгө каратылган демилге кабыл алганын билдирди. Бул демилдеге уруулар ортосунда коркууга салуу жана өч алуу ордуна, чыр-чатактарды жоюу үчүн «адилеттүү чечим, диалог жана боорукеңдик» урааны астында диалогдон пайдалануу керектиги айтылган. Т.а. региондордогу акимдер ушул жана башка адаштыруучу чечимдерге чакырышууда. Мисалы, Батыш Дарфур акими Хадий Идрис Дарфур райондорунда коопсуздуктун бузулушун жоюу үчүн атайын күчтөрдү түзүүгө чакырып: «Биз бул күчтөрдү жаңы Сил лагерине топтоп, аларды түндүк, батыш жана түштүк райондор бойлоп таратабыз», – деди. («Suna-sd.net», 2021-жыл, 11-декабрь).

Илманий түзүм турган соң, ал жерде, бул жерде мазмунсуз-жалган билдирүүлөрдү берүү менен коопсуздук да болбойт жана козголоңду да тынчытпайт. Жок, бул жерде ушул өлкө калкынын акыйдасынан келип чыккан түзүм керек. Бул түзүмдүн өкүмдөрү улуу Исламга негизделген мамлекетте т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде колдонулат. Негизи, Ислам мусулмандардын бири-бирине каршы согуш кылышынан катуу кайтарып эле калбастан, адамдарды жалгыз акыйда казанында бышырган. Ушул себептен улам, анын өкүмдөрү бардык адамзатка жеткириктү болуп, аларга уруучулук негизиде да, региондук негизинде да карабайт. Ислам өкүмдөрү адам проблемаларын адамдын проблемасы деген этибарда чечет, башкача этибарда эмес. Бүгүн Дарфур калкы компаниялар жана кээ бир адамдар менен талашып тартышып жаткан жалпы мүлк Исламда ар бир адамдын мүлкү деп белгиленген. Мисалы, жайлоолор да мал-жандыктарга белгиленген, башка бир да топко эмес. Башкарууга келсек, ал Исламга негизделген, сүйлөшүүлөр столунда келишиле турган уруулар аралык орун ажыратуу идеясына негизделбеген. Бул жөнүндө Умар Фарук разияллаху анху мындай деген: «Адамдар үстүнөн проблемаларды чече ала турган, ал себептүү адамдардын айыбы ачылбай турган, кумура үчүн ачууланбай турган жана Аллах үчүн жемелөөчүнүн жемесинен коркпой турган акылы курч кишиден башкасы өкүм жүргүзө албайт».

Адамдардын коопсуздугуна, мал-мүлктөрүнө жана намыстарына душмандык кылып жаткандарга келсек, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинин ички коопсуздук кызматы аларга шурта жиберип, куугунтуктайт жана өлтүрүү, дарга асуу же бут-колдорун кайчылаш кесүү же башка жерге сүргүн кылуу сыяктуу Куръани Каримде келгендей жазалайт:

﴿إنَّمَا جَزَاءُ الَّذِينَ يُحَارِبُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَسْعَوْنَ فِي الأَرْضِ فَسَاداً أَنْ يُقَتَّلُوا أَوْ يُصَلَّبُوا أَوْ تُقَطَّعَ أَيْدِيهِمْ وَأَرْجُلُهُمْ مِنْ خِلاَفٍ أَوْ يُنفَوْا مِنْ الأَرْضِ﴾

«Албетте, Аллах менен Анын Расулуна каршы согуша турган жана жерде бузукулук кылуу аракетинде жүрө турган адамдардын жазасы-өлтүрүлүү же дарга асылуу, же кол-буттары кайчылаш кесилүүсү, же өз жерлеринен сүргүн кылынуу»                                                  [5:33]

Халифалыктын ички иштер кызматы коопсуздукту камсыздоодо шуртадан пайдаланууга чектелет. Козголоңчулар, куралдуу уруу топтору жана атайын коопсуздук компанияларынан түзүлгөн биргелешкен коопсуздук күчтөрү деген нерсе Халифалыкта бүтүндөй болбойт. Бул мамлекет өзүнүн шуртасынан башкасынан пайдаланбайт, качан гана коопсуздук орнотууга шуртанын күчү жетпеген учурда гана халифадан – муктаждыгына карап – башка күчтөрдөн же армиядан жардам берүү талап кылынат. Демек, Судан башчылары жана Дарфур калкы качан эс-акылдарын жыйнап, ааламдар Роббисинин өкүмдөрүнө кайтышат экен. Нажат, коопсуздук жана бул дүйнөдөгү тынчтык менен Ахыреттеги ийгилик ааламдар Роббисинин өкүмдөрүндө?!

 

Роя гезити, №369, 2021-жыл, 15-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here