Өлкөгө жана жарандарга рувайбизалар өкүмдарлык кылып, Ислам менен өкүм жүргүзүлбөй жаткан бүгүнкү заманда амри маъруф жана нахи мункар жазага ылайык кылмыш деп каралууда

160
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Өлкөгө жана жарандарга рувайбизалар өкүмдарлык кылып, Ислам менен өкүм жүргүзүлбөй жаткан бүгүнкү заманда амри маъруф жана нахи мункар жазага ылайык кылмыш деп каралууда

Алжир шаарларынын биринде ортоңку мектептин исламий шарият мугалими окуучу кыздан ауратын жапкан кийим кийүүнү талап кылганы үчүн жумушунан бошотулду. Анын бул талабы тарбия этикасы жана мектептин ички түзүмүнө тескери келет имиш! Фалестиндин Байт Лахм шаарындагы бир устаз-мугалим коопсуздук кызматы тарабынан «Фалестин байрагын акаараттоо жана ага карата окуучуларда кастыкты козутуу» айыбы менен камакка алынды. Бул устаздын жалгыз «айыбы» «мен байрак катары Расулуллахтын роясын моюнга алам» дегени болгон. Дагы бир устаз Расулуллах ﷺдын роясы жөнүндө окуучулар менен талкуулашканы үчүн зомбулук менен камакка алынган!

Бул дооматтар алдында устаз Муслима Шамий Хизб-ут-Тахрир борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосуна жазган түшүндүрмөсүндө ушуларды баса белгиледи: «Өлкө жана жарандарга рувайбизалар өкүмдарлык кылып, Ислам менен өкүм жүргүзүлбөй жаткан бүгүнкү заманда амри маъруф жана нахи мункар жазага ылайык кылмыш деп каралууда! Мункар жакшы нерсеге, маъруф жаман нерсеге айланды! Түпкүлүгүндө, шарият жакшы деген нерсе жакшы, шарият жаман деген нерсе жаман болушу керек эле. Ауратты ачып жүрүүгө, фахш-бузукулукка чакыруу эң кирешелүү ишке, бул нерселерге чакыргандар сый-урматталган белгилүү адамдарга айланып калды. Ким уятка жана шаръий кийимге чакырса, жек көрүүгө кабылып, жазага ылайык болуп калды! Мен Расулуллах ﷺдын роя-байрагынан башка байрактарды моюнга албайм деген киши фитна чыгаргандыкта айыпталып, соттолуучуга айланды. Негизги фитнага жана бөлүнүүгө себеп болгон Сайкс-Пико байрактарын ыйыктап, урматтаган кимсе мекенин сүйгөн сый-урматтуу адамга айланды!».

Муслима Шамий сөзүн минтип аяктады: «Ушулардын баарына карабастан, жүрөктөр – би изниллах – Аллах жана Расулуна ыйман менен толо, Ислам өкүмдөрүнө ишеним менен аруу. Ислам өкүмдөрү – Аллахтын урусаты менен – жакында Ислам мамлекетинде шексиз колдонулат. Акылдарды адаштырууга болгон күчтөрү менен канчалык аракет кылышпасын, Ислам өкүмдөрүн жаманатты кылууга, аны замандан артта калгандай жана заманыбызга жараксыз кылып көрсөтүүгө канчалык урунушпасын, Аллахтын уруксаты менен бул кара булуттар албетте тарайт, адаштыруулар жок болот. Бул Аллахка жеңил».

 Роя гезити, №368, 2021-жыл, 8-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here