АКАЕВ «ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮ» ТЕБЕЛЕП КЕЛИП-КЕТТИ

261
0

Акаев «эгемендүүлүктү» тебелеп келип-кетти

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевге карата кылмыш иштери бүтүндөй токтотулду. Акаевдин билдирүүсүнө ылайык, ага карата бардык иштер жабылды.

Акаевдин Кыргызстанга бул экинчи сапары. Мындан мурун ал «Кумтөр иши» боюнча быйыл август айында келип кеткен. Анын Кыргызстанга экинчи сапары да «Кумтөр ишинин» алкагында болду. 14-декабрда «Кумтөр иши» боюнча көрсөтмө берүү үчүн келген Акаев 20-декабрда кайра Москвага учуп кетти. Аскар Акаев «Кумтөр иши» боюнча жемкорлук иштерине тиешеси жок деп табылды. Бул тууралуу Аскар Акаев мындай дейт: «Эми мага карата эч кандай доо жок, бардык иштер жабылды. Кыргызстандын ар бир жараны сыяктуу ал жакка каалаган убакта ээн-эркин кирип чыга алам».

Ошондой эле, Аскар Акаев президент Садыр Жапаровдун жеке чакыруусу менен келгендигин жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге ыраазылыгын билдирди. Акаев анын коопсуздугу Россия тарабынан кепилдегенин моюндап: «Эч кандай шек болгон жок, анткени менин сапарым тууралуу маселе Россия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин жана Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган», – деди. Ал 2005-жылы кулатылгандан баанек тапкан Россия жана Путин туурасында мындай дейт: «Мен Владимир Владимировичке Россияда мага ушунчалык меймандос мамиле кылганы үчүн чексиз ыраазымын. Бул жерде иштегениме 16 жыл болду, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн».

«Кумтөр иши» алкагындагы Аскар Акаевге байланыштуу бул окуялар Кыргызстан колония астындагы өлкө экенин жана кимге колония экенин ачык-айкын көрсөтүүдө. Анын жогорудагы билдирүүлөрү Россияга колония экенибизди жана башчыларыбыз Россияга малай экенин ачыктап жатат. Ал эми, Путин Акаевдин коопсуздугун кепилдикке алуу менен өзүнүн кожоюндугун көрсөтүп, өлкөбүздүн ички иштерине чейин аралышып жатат. Акаев ким эле? Мисалы, ал өлкөнү демократия аркылуу империалисттерге колония кылып берген, Россияга болгон кулдукту сактап келген, Кумтөр сыяктуу элдин кен-байлыгын чет өлкөлүктөргө талап-тоноттурган, Аксы окуясында катардагы жарандарды кыргын кылган… залим башчы эле. Ошого карабастан, мындай кылмышкер Россия башчысынын кепилдиги менен өлкөбүзгө келди жана камакка алынгандын ордуна толук акталып, эркин коё берилди.

«Эгемендик» (албетте жасалма эгемендик) алганыбыздан бери бийлик башына келген ар кандай башчы Россиянын малайы болду. Өлкөбүздүн тышкы, а түгүл ички саясаты Россиянын көрсөтмөлөрү негизинде аткарылып келди. Мындай саясат элди жакыр кылып, өлкөнүн кен-байлыктары талап-тонолушуна, жаштарыбыз арзан жумушчу болуп чет өлкөлөргө чыгып кетишине мажбур кылды. Бул абалдан тажаган эл ар сапар төңкөрүш жасаганда кулатылган президенттер кожоюну Россиядан колдоо таап жатышты жана Россия режими ал малайлары үчүн «эң ыңгайлуу шарттарды» түзүп берип баанегине алды. Ал эми, элибиз сызга отуруп, күнүмдүк көр оокаты менен алек. Бийлик башына болсо кайра эле Россияга малай башчылар келишти.

Россия бул мурунку башчыларды (малайларын) дагы деле өлкөбүздүн ички иштерине аралаштырып пайдаланып келүүдө. Ал эми, бул малайлар кожоюнуна садык экенин (берилгендигин) билдиришип, кожоюнунун буйругун аткаруу менен Кыргызстанда «диний экстремизм» күчөп кетти дегенин токтотушпайт. Албетте, булардын бири Аскар Акаев. Ар качандан бир качан «Кыргызстан үчүн эң чоң коркунуч – бул диний экстремизм» деп сайрап келет.

Андыктан, эл мындай колониялык саясаттан кутулушу үчүн капитализм (демократия) системасын четке кагышы зарыл. Себеби капитализм колонизаторлуктун үстүнө курулган. Капитализм кулатылмайын колонизаторлук эч качан токтобойт. Ак ит, кара ит, баары бир ит дегендей, Россиянын таасиринен чыкканыбыз менен, Америка, Кытайдын таасирине кирип калышыбыз мүмкүн. Ал колонизатор мамлекеттер да ички иштерибизге аралашып, кен-байлыктарыбызды талап-тоношот жана экстремизмди шылтоолоп колониялык саясатын улантышат. Муну дүйнө мамлекеттеринин мисалында жана «экстремизм», «терроризмге» каршы дүйнөлүк күрөштүн алкагындагы иш-аракеттерден ачык-айкын көрүүгө болот. Ошон үчүн, капитализмден баш тартып, Исламга кайтуубуздун, Ислам системасын колдонуубуздун учуру келди. Бүгүн Исламга мусулмандар гана эмес, дүйнө муктаж болуп турат!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here