Акаев бийлиги Кумтөргө кандай кыянаттык кылган?

125
0

Акаев бийлиги Кумтөргө кандай кыянаттык кылган?

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев орусиялык “Московский комсомолец” басылмасына 20-декабрда берген маегинде Бишкекке барардан мурун Орусиянын президенти Владимир Путин менен макулдашканын айтып берди.

Акаевдин айтымында, ага карата “куугунтук токтотулуп, бардык иштер жабылды. Ал эми Кумтөр боюнча айтып жатып, 2000-жылдары алар кыянаттыкка барып, экологияга чоң зыян келтиргенин, биздин чиновниктердин бир бөлүгүн коррупцияга батырганын билдирди.

Буга чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти өз кызматында туруп, Кумтөрдөгү талап-тоноодон үлүшүн алып келгенин айткан.

Акаевге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдө, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдө жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Улуттук коопсуздук комитети “Кумтөр иши” боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана бул иш боюнча жаңы айыптар тагылганын маалымдады. Ошондой эле “тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа бериле” турганын айтты. Бул билдирүү формалдуу түрдө актануудан башка нерсе эмес экенин иштин жыйынтыктары эле айгинелеп турат. Акаев каякта жүрөт да, булар эмнени айтып жатышат?

Ал эми оппозициялык саясатчылар Акаевдин келип кетишин Бакиевди жана анын режимин актоого болгон аракет катары баалашууда. Негизи, иштин чыныгы төркүнү кайда, эмесе кеп башынан келсин.

Комментарий:

1991-жылы түбү литвалык Канада жараны Борис Бирштейн Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен президент Акаевдин кеңешчиси болуп дайындалган. Анын “Сиабеко” деген фирмасынын ортомчулугунда Кумтөрдү иштетүү канадалык “Камеко” компаниясына берилген. Канадалык тарап менен сүйлөшүүлөрдү өкмөт башчы Насирдин Исанов жүргүзгөн. Бирок, Исанов менен Бирштейн отурган унаа кырсыкка учурап, өкмөт башчы көз жумган. Бирштейн менен айдоочу болсо жеңил жараат менен аман калышкан. Бул сырдуу өлүм дале табышмактуу бойдон калып келет. Ушундан кийин өкмөт башчы болгон Турсунбек Чыңгышев 1992-жылы 3-декабрда “Камеко” менен генералдык макулдашууга кол койгон. Натыйжада, «Кумтөр голд компани» акционердик коому түзүлгөн. Анын акцияларынын үчтөн бир бөлүгү «Камеко» компаниясынын, ал эми үчтөн эки бөлүгү Кыргызстан өкмөтүнүн менчигинде болгон.                                                   

Кыргызстан менен канадалыктар 1993-жылы Кумтөр боюнча биринчи келишимге жетишкенде, Директорлор кеңешинде Кыргызстан өкүлдөрү төрагалык кылган. Бирок, инвесторлор кенди иштетүүчү «Кумтөр Оперейтинг Компанини» түзүп, Директорлор кеңешинде төрагалык кылган кыргызстандыктар ага эч кандай таасир эте албай калган.          1994-жылы кенди иштетүүнүн техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Долбоордо 276 млн. доллар каралганына карабастан, иш жүзүндө 452 млн. доллар сарпталды деп, канадалыктар 175 млн. доллардан ашык каражатты омуруп алышкан. Биргелешкен ишкананы курууга 175 млн. доллар ашыкча акча кеткени тууралуу чуу чыкканда «Камеко» да, анын кыргызстандык “адвокаттары” да ал акчанын кайда кеткенин тактап беришкен эмес. Баарынан кызыгы, фабрика курууга жумшалды делген бул каражат чет элдик банктан 452 миллион АКШ доллары өлчөмүндө пайыздуу насыя болуп алынган. Кредитти болсо “Камеко” компаниясы биздин эле Кумтөр кенди күрөөгө коюп алган. Кийин Кыргызстандын 1 тонна 800 килограмм алтыны “насыя алуу үчүн күрөөгө коюлат” деген шылтоо менен Бирштейндин менчик учагында сыртка кетип, ошол бойдон дайынсыз  жоголгон. Ошол кездеги “Кыргызалтындын” жетекчисинин айтымында, аталган алтын “тараза жоктугунан” көз божомол менен берилген. Жогорудагы 452 млн. доллар кийин үстөгү менен 650 млн. доллар кылып кайтарып берилген. Бирок, бул карыз кенден өндүрүлгөн каражат менен жабылса да, фабрикадагы техникалар Кыргызстандын менчигине өтпөй калган.

Жогорудагы карыздар акталганга чейин канадалыктар долбоордо белгиленген 14 тоннадан ашыкча түрдө, жылына 24-25 тоннадан алтын казып, салыксыз жылдарды пайдаланып калган. Ошентип, Кумтөр кени иштегенден тартып 2003-жылга чейин Кыргызстан пайда көрбөдү. Долбоорго ылайык, республикага кенден алынган таза кирешенин эсебинен 400 миллион доллар түшүш керек болчу, салыктардын эсебинен дагы 400 миллион доллар түшмөк. Бирок, акыркы беш жарым жылдын аралыгында Кумтөрдөн Кыргызстанга болгону 56 миллион доллар гана каражат түшкөн. Болгондо да бул акчанын көпчүлүгү салыктан түшкөн. Ал эми дивидендден болсо «Камеко» Кыргызстанга 6 млн. доллар гана карматкан.                                                             2002-жылы «Камеко» Кыргызстанга “Кумтөрдү” реструктуризациялоо сунушун киргизген. Мында “реструктуризация” термини менен Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сатып алуу  жымсалданып айтылган. «Камеко» буга карата “Кумтөр менен Монголия, АКШда иштетип жаткан башка алтын кендерин бириктирип, бир компания түзүү аркылуу баалуу кагаздар базарына чыгабыз” деген шылтоону ойлоп тапкан. Негизи реструктуризациядан көздөлгөн максат “Кумтөрдөн” Кыргызстанга түшчү пайданын жана ишкананын Кыргызстанга өтүп кетишинин жолун бууш болгон. Негизи, “Кумтөр” Кыргызстан менчигине 2007-жылы 10-майда толугу менен өтүшү керек болчу. Бирок, Канада колонизаторлору ага жеткирбей туруп, “Кумтөрдү” “реструктуризациялап” салды.

Бул келишимдин түзүлүшүнө да Акаевдин тушунда 2003-жылы өкмөт башчы Николай Танаев менен “Камекодогу” директорлор кеңешинин мүчөсү, президенттин уулу Айдар Акаев макулдук беришкен. О.э. парламенттин каршылыгына карабастан, Танаев өкмөттүн токтому менен реструктуризацияны ишке ашырган. Ошентип, 2003-жылы Кыргыз өкмөтү менен Канаданын «Камеко» корпорациясы «Сентерра голд» аттуу компания түзүштү. Эки тараптуу макулдашууга ылайык, 716 тонна алтын запасы бар Кумтөр кени, Монголиянын 43 тонна алтыны бар “Бороо” жана болжолдуу 50 тоннадай алтыны бар “Гацуурт” кендери, Американын Невада штатындагы 30 тоннадай алтыны бар “Рен” кени кирет. Негизи, “Центерра голд инк” компаниясы түзүлгөндө Кыргыз Өкмөтү 69 пайыз үлүшкө ээ болушу керек болчу. Себеби, Кумтөрдөгү алтындын запасы жанагы аты аталган башка кендерди кошкондо 6 эсе көп экенине карабастан, Кыргызстан 32 пайыз гана үлүшкө ээ болуп калган. Калган 68 пайыз үлүш канадалык ишкерлерге өтүп кеткен. Андан да жаманы, Кумтөрдөн бул учурда жылына 14-18 тонна таза алтын өндүрүлүп жаткан. Ал эми, чет жактагы кендер эми гана чалгындалган болчу.                

2004-жылы болсо өкмөт «Центеррадагы» 30% үлүштүн ичиндеги жөнөкөй акциялардын 16%ын 85 миллион долларга сатып жиберди. Ушуну менен Кыргызстандын “Сентеррадагы” үлүшү 17%га түшүп калган.

Мына ушундай кыянаттыктарга карабай Акаев бийликтин убактылуу кызыкчылыгы жана Путиндин колонизаторлук саясатынан улам акталууда! Ал эми алтын кендердин чыныгы ээси болгон калк куру убадалар менен оозандырылууда!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here