Россия Кыргызстандын тил боюнча мыйзам долбооруна кабатыр

226
0

Россия Кыргызстандын тил боюнча мыйзам долбооруна кабатыр

Кабар: Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко элчиликтин Instagram’дагы расмий баракчасында “Кыргызстандын мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.
Анын айтымында, Россия тил мыйзамы боюнча абалга тыкыр көз салып турат жана мыйзам долбоорунун азыркы түрүндө кабыл алынышы Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилинин чөйрөсүн кыскартууга, орус тилдүү жарандардын укуктарынын кыскарышына алып келет деген кооптонуулар бар.
Николай Удовиченко: “Орус тилинин Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы гуманитардык миссиясы тууралуу өлкөбүздө кадыр-барктуу болгон дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн эстесек ашыкча болбос.Жетишкендиктерден ушунчалык оңой эле баш тартуунун кереги барбы?” – деп жазган.

Комментарий: Россияга иштөө үчүн же убактылуу жашоо максатында барган Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары орус тили, Россиянын тарыхы жана мыйзамдары боюнча экзамен тапшырышы керек. Орус бийлигинин мындай токтом кабыл алышына жогоруда аталган өлкөлөрдүн бир да башчысы же расмийлери нааразылык билдиришпеди. Тескерисинче, мигранттардын орус тилин жана мыйзамдарын билүүсү ал жакта жумуш таап кетүү үчүн пайдалуу болорун айтышып, ал мыйзамды колдоп чыгышты. Ошол эле убакта Орто Азия республикаларынын биринде төрөлүп, өмүр бою ошол жерде жашап келген орустардын жергиликтүү элдин тилин, тарыхын билбестиги адаттагы эле көрүнүш болуп эсептелет. Аларга эч ким, эч нерсе дей албайт. Эгер орус тилдүү жарандарга карата бирер иш же аракет боло турган болсо, орус өкмөтү жана элчиканалары дароо аракетке келип, улуттук азчылыктардын укуктары тебеленип жатканы жөнүндө жар салышат. Жергиликтүү президент жана чиновниктер болсо орус тили улуттар аралык диалог тили экендигин шылтоолоп, ал тургай мамлекеттик иштерди да орус тилинде жүргүзүшөт. Мына ушулардын өзү да региондо ким “большой брат” экендигин көрсөтүп турат.
Кыргызстан мурдагы СССР колониялары ичинде Россиянын сакафий таасири алдындагы мамлекеттердин алдыңкы сабында турат. Кыргыз өкмөтү ушунча жылдан бери Россиянын сакафий колониясынан кутулуу үчүн бир да кадам таштабады. Тескерисинче, башка кошуна республикалардан айырмалуу түрдө, орус тилине рамий тил макамын берди. Белгилүү болгондой, колонизатор мамлекеттин сакафатын жаюуда алфавит жана тил маанилүү роль ойнойт. Мисалы, социалистик түзүм келген соң Борбор Азия мусулмандары миң жылдан ашуун убакыт пайдаланып келген араб алфавитин жокко чыгарып, өз сакафатын кириллица алфавити аркылуу жайып баштады. Баскынчы орус өкмөтү бул аркылуу “бир ок менен эки коён атты”. Биринчиден, араб алфавитин жокко чыгаруу менен региондогу мусулмандарды миңдеген жылдар бою үйрөнүп, өздөштүрүп келген Ислам сакафаты жана Ислам тарыхынан үзгөн болсо, экинчиден, жергиликтүү калк арасында “сабатсыздыкты жоюу” шылтоосу менен кудайсыз коммунисттик идеологияны жайды.

Бүгүнкү күндө капиталисттик түзүмдүн өкүлдөрү болгон Батыш мамлекеттери латын алфавитин колдонушат. Ошол себептен, алар үчүн бардык мамлекеттер ушул алфавиттен пайдаланышы өтө маанилүү. Алар ушул максатына жетүү үчүн “түрк тилдүү улуттар биримдиги” деген шылтоону пайдаланышат. О.э. билим берүү тармагына гранттарды ажыратуу аркылуу таасирин кеңейтип барат. Мисалы, Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагына 37,5 миллион евро бөлдү. Бул каражат өсүп келе жаткан жаш муунга батышча дүйнөкарашты сиңирүү үчүн берилип жатканы сокурга да көрүнүп турган акыйкат.
Эгер Евробиримдиктин бул максаттары ишке аша турган болсо, анда жакынкы келечекте Европанын баалуулуктары, анын ичинде “бир жыныстуу нике” адаттагы көрүнүшкө айланып калат.

АКШ жана Батыш мамлекеттеринин санкциялары жана Путиндин диктатордук саясаты себептүү Россия төмөн карай кулап бара жатат. Ал бардык сакафий, аскерий, саясий экономикалык колонияларын өзү менен кошо тартып кетиши мүмкүн. Колонизатордуктун жогорудагы төрт түрү алгач сакафий колония орноткондон кийин кирип барат. О.э. колонизатордуктан кутулууда да, алгач колонизатордун сакафий таасиринен кутулуу өтө маанилүү.

Абдурахман Адилов 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here