Кыргызстанда ВИЧ жуктургандар 11 миңден ашты

80
0

Кыргызстанда ВИЧ жуктургандар 11 миңден ашты

Кыргызстанда ВИЧ жуктургандардын расмий эсеби 11 миңден ашты. Алардын 10 400гө жакыны кыргызстандыктар, калганы чет элдиктер. Оору аныкталгандардын 63% эркек, 37% аялдар экенин Республикалык СПИД бирикмеси кабарлады.
Маалыматка ылайык, 11 миңден ашуун адамдын 36% маңзатты ийне менен сайынуудан улам, 48,5% жыныстык катнаш аркылуу жугузган. ВИЧ илдетине чалдыккан 1817 кош бойлуу келин бар. Акыркы үч жылда ВИЧ инфекциялуу 1500 аял көз жарган. Бир жарым жашка чейинки 400гө жакын бала дарыгерлердин каттоосунда турат. ВИЧтин акыркы стадиясы – СПИД. Бул оорудан Кыргызстанда ушул күнгө чейин 2500ге жакын адам каза тапкан
Дүйнөдөгү статистикага токтолсок, СПИДден ушул убакка чейин 42 миллиондон ашык адам ажал тапкан. Учурда вирусту жуктургандардын саны 44,5 млнго жетет. 2019-жылы эле бул илдетке дагы 1,7 миллион киши кабылган. Ооруга чалдыккандардын 79 пайызынын гана өз оорусунан кабары бар. Бул инфекцияны алгач ЛГБТ өкүлдөрүнөн тараса, кийин бул оорунун негизги таркатуучулары демократиянын дагы бир мөмөсү – сойкулар болуп калды. 1987-жылга келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму СПИДге каршы күрөшүү долбоорун кабыл алууга мажбур болгон. Бул вирустун негизги ташуучулары сойкулар менен маңзаттарды активдүү колдонуучулар болуп эсептелет. Бирок, капиталисттик система бул вирустардын негизги ташып жүрүүчүсү болгон наркотикалык заттарга, сойкулукка каршы күрөшкө маани бербейт. Тескерисинче, бул тармак капитализмде кирешелүү бизнес болуп эсептелет. Маселен, баңгизат бизнеси курал-жарак сатуудан кийинки 2-орунга чыкca, cойкулук наркотикадан кийинки эле кирешелүү бизнеске айланып калган. Натыйжада, ВИЧ жугузган бир сойкунун өзүндөгү оорудан кабарсыз болушу бул вирустун миңдеген балким, жүз миңдеген адамга жугуусуна себеп болоору бышык.
Белгилүү болгондой, капиталисттик түзүм проблемага чечим берүүдө пайдага негизделет. Ошондуктан, ВИЧ-СПИД сыяктуу илдеттерге каршы күрөшүүдө анын келип чыгуусуна эмес, оорунун өзүнө каршы күрөшкө маани берет. Мында да фармацевтикалык компаниялардын үлкөн пайдага туйтунуусуна шарт жаратат. Кыргызстанга окшогон коррупцияга баткан жана алсыз өлкөлөр каржы уюмдарынан грант алуу үчүн өз жарандарына бул илдетти жугузууга да даяр. Мамлекеттик “СПИД” борборунун маалыматына ылайык, 2007-жылы мамлекеттик ооркуналарда 36 жаш балага ВИЧ инфекциясы жуктурулган. 2008-жылы 72 балага, 2009-жылы 35 балага, 2010-жылы 22 балага, 2011-жылы 22 балага жуктурулган. Ошентип, 2007-жылдан 2012-жылга чейин жалпысынан 187 балага атайлып ВИЧ инфекциясы жуктурулган!
Мындан белгилүү болгондой, демократиядагы керт баш эркиндигинен улам бир катар көйгөйлөр келип чыгып адамзаттын насилин коркунучка салууда. Ал эми, Ислам дини бул илдет келип чыккан сойкулук менен баңгизатка каршы катуу күрөшөт. Аны менен алектенгендер оор жазага тартылат.
Албетте, Исламда жаза колдонуудан мурун коомду таза сактай турган таалим-тарбия берилет. Башкача айтканда, мектеп-медреседе эле окуучулар Жаратуучусун таанып, Анын буйрук-кайтарууларын үйрөнүп, Бейиштен үмүт кылган абалда сооптуу амалдарга умтулуп, күнөөдөн арылууну үйрөнүп чыгышат. Мына ушул сакофаттан кийин тоң моюндук кылып, кылмышка баргандарга Акыретте оор жазага кириптер болбошу үчүн шарий жаза белгиленет. Мисалы, кимде-ким наркотикалык заттарды колдонсо, ал кылмышкер эсептелип – жаллад, жарима жана он беш жылга чейин камак жазасына тартылат. Жазаны белгилөө казынын өкүмүнө коюп берилет. Кимде-ким наркотикалык затты сатса, сатып алса, иштеп чыгарса, ташыса же топтосо – жаллад, эки эсе жарима жана он беш жылга чейин камак жазасына өкүм кылынат. Кимде-ким ашкере же жашыруун абалда наркотикалык заттар колдонула турган жайларды ачса, жаллад жана он беш жылга чейин камак жазасын алат.
Пайгамбар (С.А.В) айтты: «…Кайсы бир коомдо фахш (бузукулук) таркап, а түгүл алар ушул иши менен белгилүү болуп кетишсе, алардын арасында мурунку өткөн адамдарда болбогон оору жайылат…» Пайгамбар а.с. дагы айтты: …Кайсы бир коомдо фахш пайда болдубу, алардын арасында өлүм кең таркайт…

Мумтаз Маверанахрий 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here