Дүйшөмбү шаарында “Евробиримдик-Борбор Азия” форматындагы министрлердин жолугушуусу болду

299
0

Дүйшөмбү шаарында “Евробиримдик-Борбор Азия” форматындагы министрлердин жолугушуусу болду

Кабар: Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында болуп өткөн Европа Биримдиги жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-жолугушуусунда негизинен Афганистандагы кырдаалга көңүл бурулду.

Жолугушууга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери, Еврокомиссиясынын тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел, эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссар Ютта Юрпилайнен катышты
Еврокомиссиянын тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жосеп Боррел башында турган делегациянын Тажикстанга сапары 24-ноябрга чейин уланат.

Комментарий: Бардык колонизатор мамлекеттер менен уюмдар Афганистандагы кырдаалдан пайдаланып региондогу таасирин бекемдеп алууга аракет кылышууда.
Россия “Афганистан коркунучунан” пайдаланып региондогу мамлекеттер үстүндөгү аскерий таасирин күчөтүүгө умтулуп жаткан болсо, АКШ афган жеринен бир эшиктен чыгып кеткени менен, экинчи эшиктен кайра кирүү планынан баш тарткан жок. АКШ Афганистандагы триллион доллардан ашык чыгымынан баш тартып оңой эле чыгып кетпеши анык. Ошол себептен да региондогу мамлекеттер менен аскерий база куруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул аркылуу региондогу аскерий аралашуусун сактап калууга умтулуп жатат.
Европа Биримдигине мүчө колонизатор мамлекеттер да Афганистандагы баскынчылык согушуна салым кошушкан. Алар да бул согушка миллиарддаган доллар каражат жумшаган, демек, алар да Борбор Азия республикаларын оңой эле башка колонизаторго тапшырып коюуну каалашпайт. А бирок, азырынча Евробиримдиктин региондогу мамлекеттерге саясий же аскерий таасири алсыз. Ошол себептен да Евробиримдик негизинен ар түрдүү экономикалык долбоорлорго жана билим берүү тармагындагы программаларга көңүл бурууда.
5-ноябрда Бишкекте “Евробиримдик-Борбор Азия” аталышындагы алгачкы экономикалык форум болуп өттү. Форумга Казакстан жана Өзбекстандын премьер-министрлери, ал эми Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьер-министрлери катышты. Евробиримдиктен Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жетекчиси жана башка ишкерлер катышты.
2021-жылдын 15-ноябрында болсо Өзбекстан президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Исматулла Эргашев Брюссель шаарында Евробиримдиктин Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Афганистан кризисин тынч жол менен жөнгө салуу жана тез арада гуманитардык жардам жеткирүү маселелери талкууланды. О.э. Евробиримдик келечекте Термез шаарында гуманитардык хаб түзүүдө Өзбекстан менен активдүү кызматташууга кызыкдар экендиги айтылды…
Демек, Борбор Азия региону үстүндөгү колонизатордук күрөшү күчөп барууда. Өкүнүчтүүсү, биздин малай акимдер арзыбаган материалдык пайда үчүн же бийлигин сактап калуу үмүтүндө күч ким тарапта болсо ошону ээрчип кете беришет. Алар үчүн үммөттүн кызыкчылыгы жана келечеги эч кандай мааниге ээ эмес.
Эгер, балдарыбыз да ушул колонизаторлорго көз каранды болушун, өз байлыктарына ээ боло албай, бир сындырым нан табуу үчүн мигрант болуп кордолушун каалабасак, анда бул сыяктуу колонизаторлорду жана алардын жугундукор малайлары болгон жергиликтүү акимдерди жок кыла турган Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда тынымсыз аракет кылышыбыз керек. Себеби, мусулмандарды эле эмес, бүтүндөй адамзатты колонизатор капиталисттик түзүмдүн зулумунан Халифалык мамлекети гана куткара алат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here