Кыргызстан менен Өзбекстан Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алмашты

268
0

Кыргызстан менен Өзбекстан Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алмашты

Кабар: Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, сүйлөшүү учурунда эки тараптуу мамилелер жана эл аралык саясаттагы маанилүү маселелер талкууланган.

Кабарда келишинче, Афганистандагы бүгүнкү абал, анын эл аралык коопсуздукка таасири, региондогу өлкөлөр менен болгон экономикалык интеграциясы о.э. афган калкына чукул арада гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланган.

О.э. Өзбекстан президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Исматулла Эргашев Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин катычысынын орун басары Таалатбек Масадыков менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Комментарий: Афганистанда тезирээк тынчтык орнотулса Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Афганистан жана Пакистан аркылуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошол себептен да региондогу өлкөлөр –Тажикстандан башкасы – Афганистан менен жакшы кошуначылык мамиле орнотууга т.а. бийликке келген Талибан кыймылы менен жакшы мамиле орнотууга аракет кылышууда. Афганистанга гуманитардык жардамдарды жана жогорку даражалуу өкүлдөрүн жөнөтүшүүдө.

Афганистанда тынчтык орнотулса региондогу мамлекеттерге пайдалуу болгон “Мазари Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бирок, бул АКШга тийиштүү долбоор болуп, Американын Афганистанга бастырып киргенде көздөгөн максаттарынын бири Борбор Азия республикаларындагы сырьёну – Россиядан четтеп өтүп – Афганистан аркылуу Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар багыты менен океанга алып чыгуу болгон. Эгер бул долбоор ишке ашса, Россиянын Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин бир топ алсыратат. Бул болсо, Россияга жакпай турган иш экендиги анык. Ошол себептен да ал “афган коркунучун” мүмкүн болушунча көбүртүп көрсөтүү менен региондогу мамлекеттерди Афганистандан алысыраак кармап турууга умтулууда.

Региондогу мамлекеттер өз алдынча Талибандын өкмөтүн таанып, дипломатиялык мамиле орното алышпайт. Ал үчүн Россия уруксат бериши керек. Ошондуктан да алар азырынча Россия Талибанга карата кандай позиция ээлешин күтүп, жардам жана өкүлдөрдү жөнөтүү менен чектелип турушат.

Абдурахман Адилов 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here