КОРОНАВИРУСТУ ЖУКТУРБАШ ҮЧҮН КАНЧА ЖОЛУ ВАКЦИНА АЛЫШ КЕРЕК?!

31
0

КОРОНАВИРУСТУ ЖУКТУРБАШ ҮЧҮН КАНЧА ЖОЛУ ВАКЦИНА АЛЫШ КЕРЕК?!

Pfizer жана BioNTech биргелешкен билдирүү жарыялашты, билдирүүдө бул фармкомпаниялардын ковидге каршы вакцинасы 12-15 жашка чейинки балдарды коронавирусту жуктуруп алуудан 100% коргойт делет.

Пандемия учурунда фармкомпаниялардын кирешелери эселеп көбөйдү. Бир эле Pfizer компаниясынын 2021-жылдагы кирешеси 36 млрд долларга жетери айтылууда. Мындай кирешелерге шилекейи тамган фармкомпаниялар пандемия бүтүп кала электе же болбосо алардын вакцинасына карата адамдардын ишеними жоголо электе учурдан пайдаланып дагы да көбүрөөк киреше табууга жетишүү үчүн умтулуп жатышкандай көрүнөт. Ошондуктан мурун вакцина жалаң гана чоңдорго колдонулуп жатса, эми болсо вакциналар өспүрүмдөр, ал тургай жаш балдар үчүн эффективдүү экени айтылууда. Ал эми, Кытай жана “Израилде” 5 жаштан жогору балдарга вакцина колдонула баштады.

Бирок фармкомпаниялардын сүрөөнү менен колдонулуп жаткан бул вакциналар канчалык эффективдүү? Бул суроого жооп жок. Себеби анын эффективдүүлүгү жөнүндө илимий изилдөөлөр өткөрүлө элек. Ошондой эле реалдуулук вакциналардын эффективдүүлүгүнө каршы элести берүүдө. Мисалы жогоруда айтылган “Израилдеги” абалды алып карасак, өлкө калкынын 67%дан ашууну вакцина алышкан, жада калса вакцинанын үчүнчү дозасы берилип жатат. Ага карабастан коронавирусту жуктуруу учурларды басаңдаган жок. Кызыгы, ал жерде дал ушул Pfizer жана BioNTech вакциналары колдонулууда. Европада да абал ушундай. Ал жерде орточо эсеп менен алганда элдин 60%дан ашууну вакцина алган, бул орточо эсеп, ал эми Европанын кээ бир өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 88%га жетет. Ошондой болсо да вирустун жайылышы басаңдабай, ал тургай күчөп жатат. Европа мамлекеттери биринин артынан бири локдаун жарыялашууда. Андан тышкары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2022-жылдын жаз мезгилине барып Европада 700 миң адам ковидден көз жумат деп эскертүү берди! Ушулардан улам вакциналар канчалык эффективдүү деген суроо ар кандай акыл жүргүзгөн адамдын оюна келет.

Капитализм адамзатка жалаң гана кырсыктарды, кризистерди, адилетсиздикти алып келди. Бул чындык жаш-кары, эркек-аял баарына белгилүү. Капитализмде эмнеге суроо-талап болсо, ошол нерсе дароо бизнеске айланат, бул учурда адамдардын шартына, азап тартышына маани берилбейт. Байлар адамдардын азап-кыйынчылыгынан акча табышат. Бул проблемалар капитализмдин, капиталисттик экономиканын колдонулуп жатканына байланыштуу. Ислам мунун тескериси. Исламда коомдун салматчылыгы биринчи орунда турган маселелердин бири. Ошондуктан Ислам мамлекетти элди дабалоо жолун өз мойнуна алып, вакцина жана дары-дармектерди өндүрүүнү милдеттендирет.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here