Бул күндүн эмнесин майрамдап жатасыңар?!

205
0

Басма сөз баянаты

Бул күндүн эмнесин майрамдап жатасыңар?!

Түркияда 29-октябрда республика күнүнүн 98 жылдыгы белгиленүүдө! Мусулмандардын баалуулуктарына ар түрдүү чабуулдар жасалып, акаараттар кылынган, күч-кубат жана улуулугубуз тартып алынган бул кордук күн майрамдалууда. Бул күндүн эмнеси майрамдалып жатат?! Куръан жана сүннөттүн бекер кылынганыбы же конституция жана мыйзамдардын булагын шарияттан алып, адамдарга берилгениби?! Же болбосо, эркектер уятсыздыкка, аялдар жарым жылаңач кийинүүгө үйрөтүлгөнүбү?! Бул күндө перзенттерибиз жана жаштарыбыздын баңгизатка малынгандыгы майрамдалуудабы же адам өлтүрүү, зордуктоо, зомбулук, ал тургай, жол транспорт окуяларынын себепчиси болгон спирттик ичимдик жана психотроп заттардын колдонулушуна мүмкүнчүлүк берилгениби?! О.э. «Стамбул конвенциясы», «Үй-бүлөсүздөр коому долбоору», мыйзамдарды Европага ылайыкташтыруудан улам жаралган кырсыктар белгиленип жатабы же Ислам өкүмдөрүнө ылайык турмуш куруунун намыска кол салуу деп белгиленишиби?! Же болбосо, ойноштук мамилелер деп жаштарды ар түрдүү бузукулукка көндүрүүбү?! Айткылачы, жаштарыбыз жана келечегибизди атеизм жана деизмге¹ тартууну белгилеп жатабызбы?! Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа ﷺ коштошуу хутбасында:

«وَإِنَّ رِبَا الجَاهِلِيَّةِ مَوْضُوعٌ»

«Жахилият рибасы ташталган» деп буйруганына карабастан, рибанын (сүткордуктун) мыйзамдаштырылганы о.э. кредит мүмкүнчүлүктөрү максималдуу даражада камсыздалганы белгиленип жатабы?! Республика силерге мына ушуларды алып келди… Бул нерселер заманбап цивилизациянын деңгээли деп аталууда!

Эй мусулмандар!

Силердин бүгүнкү күндө бактысыздыгыңарды жана алсыздыгыңарды сүрөттөөгө тил алсыз. Мамлекетиңерге карагыла, тарыхтагы улуу мамлекетти көрүп жатасыңарбы?! Тышкы саясатты колонизатор кафир Америка көзөмөлүндө алып барып жаткан, өз жеринде өз алдынча аракетке ээ болбогон, бардык ички иштерине Америка аралашып жаткан мамлекетке ыраазысыңарбы?! Өлкөңөрдүн жерлерине карагыла, бардык исламий жерлерге да карагыла, бул тарабы Индонезиядан тартып Кавказ, Борбордук Азияга чейин… Ушунча кең жердин бүткүл көзөмөлү Батыш мамлекеттеринин колунда экени силерди тынчсыздантпай жатабы?! Бул республикалык башкарууну бизге зордоп тыгыштырып жаткандар жер астында жана үстүндөгү байлыктарыбызды тартып алган кафир мамлекеттер экенин көрүп жатасыңарбы?! Мусулман кишинин назарында мындай башкаруу Аллахка күнөөкөр болуу, Исламга кыянаттык жана Мухаммад ﷺ Умматына саткындык кылуу болуп эсептелет. Бирок, ага карабастан, 98 жылдан бери ар жылы 29-октябрь майрам катары белгиленүүдө, бийчилер Уммат жарасы үстүндө бийлеп жатышат! Деги, Халифалыктын бекер кылынганын кантип майрамдоо мүмкүн?! Кантип мусулмандар Аллахтын Китеби, сүннөтү жана шарияты бекер кылынганын белгилеши мүмкүн?!

Эй мусулмандар!

Халифалыктын урандылары үстүндө айла-амалдар менен тикеленген, дарга асылган он миңдеген мусулмандардын жансыз денеси үстүнө тикеленген республика күнүн майрамдоо силерге жарашпайт. Биз мындай майрам, силер, мусулмандардын каалоо-талабыңар эместигин билебиз. Бирок, силер унчукпоону туура көргөнүңөр үчүн булардын баарына туш болуп жатасыңар.

﴿كُنْتُمْ خَيْرَ اُمَّةٍ اُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللهِ﴾

«(Эй Мухаммад Умматы) силер адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер»                                                                                                 [3:110]

Эй мусулмандар!

Аллах Субханаху ва Таала силерди ушундай сыпатка ылайык көргөндөн кийин, мындай адашууларга көрөрман болуп кол куушуруп олтуруу силерге жарашпайт! Негизиңерге кайткыла, мындай батыл башкаруудан жана анын кылмыштарынан кутулгула! Силердин пакиза табиятыңар рошид Халифалык мамлекетине муктаж. Ушундай болгон соң, биз менен биргеликте Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылууга чакырабыз. Демек, Халифалыкты жашоодо колдонуу үчүн жеңди түрүп, убада-шерт кылууга жана аракет баштоого даярсыңарбы?!

﴿إِنَّ اللَّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِم﴾

«Аныгында бир коом өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт»                                                                                                              [13:11]

Хизб-ут-Тахрирдин Түркиядагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here