Насрулло Махмудзода: Афганистан менен чек арада террорчулук коркунучу күчөп жатат

152
0

Насрулло Махмудзода: Афганистан менен чек арада террорчулук коркунучу күчөп жатат

Кабар: Тажикстан чек арасында Афганистан тараптан террорчулук коркунучу күчөп барууда. Бул тууралуу Тажикстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода Дели шаарында Афганистандагы коопсуздук маселелери боюнча өтүп жаткан диалогдо билдирди.
Ал: “Афган -тажик чек арасындагы кырдаал татаал бойдон калууда жана Афганистан тараптан террорчулук коркунучу күчөп барууда”, – деди.
Анын айтымында, Тажикстандын Афганистандагы абалдан тынчсызданууга негиздүү себептери бар.
“Мамлекетибиз Афганистан менен чектеш болгондуктан терроризм, экстремизм, наркотикалык заттардын контрабандасы жана башка трансулуттук кылмыштарга каршы күрөштүн алдыңкы сабында турат”, – деди Махмудзода.
Индиянын Дели шаарында өтүп жаткан Афганистандагы коопсуздук маселелери боюнча диалогго Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда.

Комментарий: Россиянын Афганистан коркунучун көбүртүп көрсөтүшү Орто Азиядагы залим президенттердин чырагына май тамызды. Бул тогуттар мындан өз режимдерин бекемдөө жолунда пайдаланып калуу аракетинде. Эмомали Рахмон ал тургай запастагы аскерлерди да тартып, өз режимине көптөгөн жылдардан проблема болуп келген Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна кошумча аскерлерди киргизди. Россия менен биргеликте кайра-кайра аскерий машыгууларды өткөрдү жана Тажикстандагы Россиянын аскерий басазы жаңы “Корнет” ракеталык комплекстери менен күчтөндүрүлдү. О.э.“Интерфакс” басылмасы Тажикстандагы аскерий база жаңы куралдар – Верба, Калашников АК-12 портативдик зениттик-ракета комплекстери, заманбап снайпердик мылтыктар жана өрт өчүрүүчү техникалар менен бекемделгенин жарыялады.
Мындан тышкары, тажик өкмөтү “афган коркунучунун” алдын алуу үчүн Кытайга да аскерий база үчүн жер бөлүп берди. 2019-жылы “Washington Post” гезити жергиликтүү калктан алынган маалыматтарга жана спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районунда, Кытай чек арасынан бир нече чакырым ичкериде Кытайдын аскерий базасы бар экендигин кабарлаган. Ал жердин тургундары америкалык журналисттерге базада жүздөгөн кытайлык аскерлер бар экендигин айтышкан.
Ооба, бул тогут акимдер бийлигин сактап калуу үчүн керек болсо шайтан менен кызматташууга даяр турушат. Ошол себептен да ар түрдүү жасалма коркунучтарды көбүртүп көрсөтүү менен эл аралык коомчулуктан бөлүнө турган каражаттарды алууга о.э. өздөрүнүн бийлигин бекемдеп калууга умтулуп жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here