Кыргызстан-Кытай кызматташтыгы талкууланды

50
0

Кыргызстан-Кытай кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-ноябрда Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан Кытай менен соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Ал Министрлер кабинети инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Ду Дэвэнь өз кезегинде ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтулганын билдирип, эки өлкө ортосунда өз ара ишеним орнотулганын айтты.

Жолугушууда тараптар “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жогорулатуу, “Түндүк-Түштүк” унаа жолунун курулушун жыйынтыктоо жана ирригацияга берилген гранттык каражаттардын өздөштүрүлүшүн да талкуулашты.

Буга чейин Шанхайдагы дүйнөлүк ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү чогулган эл аралык импорттук көргөзмөдө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин “Бир алкак – бир жол” демилгесин ишке өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирген. Анын айтымында, Африканын, Түштүк Американын, Түштүк Азиянын, Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын бир топ өлкөлөрүнө – инвестициялык жардамдар сунушталууда.

Кытайдын Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы аракеттери активдешип барууда. Муну пандемияга чейинки долбоорлордун жандануусунан жана жаңы келишимдердин ишке ашуусунан байкоого болот. Мисалы, кытайлык компания тендерден утуп алган “Коопсуз шаар” долбоору жана кен казган компаниялардын ишмердиги жандана баштады. Мындан тышкары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча документтер даярдалып бүткөнү айтылууда.

А бирок, Кытайдын Борбор Азияда таасири артышы Россиянын кызыкчылыктарына тескери келгендиктен, ага каршы аракеттерин кылып келет. Маселен,  Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна 2000-жылдан бери тоскоолдук кылып келет. Акыры өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү тардыгынан улам долбоорго өзү да катышуу шарты менен ыраазы болду. Мындан тышкары, Кытайдан Кыргызстанга өткөн товардын көлөмүн кыскартуу үчүн бирдиктүү бажы салыгын киргизип, натыйжада унаа жана башка жүктөрдүн бажы төлөмү эселеп өстү.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан бийлиги Орусиянын экономикалык чабал абалынан улам Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп барууда. Муну Кытай да өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып, ири долбоорлорду ишке ашырууга белсенип турат. Түпкүлүгүндө, бул ири мамлекеттер өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салышууда. Алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьёлорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында өздөрүнүн экономикасын көтөрүүдө. Демек, Кыргызстан мусулмандарынын өнүгүү жолу бул колонизаторлордон кутулуудан башталат. Башкача айтканда, башка мусулман боордоштору менен биргеликте, бүткүл дүйнөлүк Исламий Халифалыкты тикелөөлөрү шарт. Үммөт алдында мындан башка капитализм зулматынан кутулуунун жолу жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here