Бишкек кайрадан абасы булганган шаарлар рейтингинде алдыңкы орунга чыкты

206
0

Бишкек кайрадан абасы булганган шаарлар рейтингинде алдыңкы орунга чыкты

 Кабар: World Air Quality сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкек шаары 7-ноябрда абасы булганган шаарлар рейтингинде биринчи орунга чыкты.

Ошентип, Бишкек шаары Индиянын Дели, Пакистандын Карачи шаарларын артта калтырды.

 Ал эми 8-ноябрда Бишкек абасы булганган шаарлар сабында төртүнчү орунду ээледи.

 World Air Quality сайтындагы маалыматта Бишкектеги кырдаал кооптуу деп сыпатталган.

 Комментарий: Бишкек шаары бир топ жылдан бери абасы булганган шаарлар рейтингинде “алдыңкы орунду” бербей келет. Абанын булганышы акыркы 4 жылдын ичинде ого бетер күчөп кетти. Адистер буга бир нече себептер бар экенин айтышууда: биринчиден, Бишкек ЖЭБи сапатсыз реконструкцияланышы; экинчиден, шаарда көп кабаттуу үйлөрдү шамалдын айланышын эсепке албастан куруу; үчүнчүдөн, автоунаалардын көптүгү.  

 Баш калаанын абасы Бишкек ЖЭБи 386 миллион долларга реконструкциялангандан кийин ого бетер начарлап кетти. Себеби ушунча каражат жумшалганына карабастан, ЖЭБ мурункудай эле көмүр жана мазут менен иштеген бойдон калды. Аны газга же башка экологиялык жаткан зыяны азыраак отунга өткөрүү тууралуу эч ким ойлонбоду. Ошентип, Бишкек бир нече жылдардан бери абасы булганган шаарлар рейтингинде алдыңкы орунду бербей келет.

Адистердин көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин чыгарган тыянагына таянсак, адамдын булганган абадан дем алышы жүрөк-кан тамыр ооруларына жана дем алуу органдарында оорулар пайда болушуна себепкер болот. Калктын аялуу катмарына ден соолугу начар адамдар, жаш балдар жана карылар кирет. Айтылышынча, абадагы уулуу заттардын таасири өтө күчтүү жана ал нерв системасына да таасирин тийгизет. Расмий өкмөт карапайым калктын мойнуна ушунча карызды илгени жетишпегендей, элдин жана келечек муундун ден соолугун да коркунучка дуушар кылууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here