Кытай Кыргызстанга жардам катары миң тоннадан ашык азык-түлүк берди

101
0

Кытай Кыргызстанга жардам катары миң тоннадан ашык азык-түлүк берди

Кабар: Кытай өкмөтү Кыргызстанга 1150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана  50 тонна соя майынан турган гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

 58 контейнерде келген гуманитардык жардам  5-октябрдан 25-октябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилген. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Кытайдан келген жардам материалдык резервдер корунда сакталып турат.

 Комментарий: Быйыл июнь айында да Кытай Кыргызстанга жардам катары 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсмдүк майын жана грант түрүндө 350 миллион юань (54 миллион АКШ доллары) берген. О.э. 150 миң доза “Sinopharm” вакцинасын да жеткирип берген эле.

 Кытай Кыргызстанга жардамдарды берүү менен бир катарда токтоп калган долбоорлорун кайрадан ишке түшүрүү маселесин да чечип келет. Мисалы, кытайлык компания тендерден утуп алган “Коопсуз шаар” долбоору эмдиги жылдын жаз мезгилинен баштап ишке кирише турган болду. Мындан тышкары, бир кездерде элдин катуу каршылыгы себептүү токтоп калган Кадамжай районундагы Шамбесай, Нарындагы Солтон-Сары алтын кендеринде, андан кийин Жетим-Тоо темир кенинде кытайлык компаниялардын ишин жандандыруу маселеси да күн тартибинде турат. Демек адаттагыдай эле, Кытай өкмөтү Кыргызстанга жардам берип көрүнүү менен жерлерибиз жана кен-байлыктарыбызды алууга аракет кылууда. Муну ун, кумшекер жана өсүмдүк майы көрүнүшүндө жардам берүү пардасы артына жашырууда. Бул ыкма кудайсыз коммунисттердин элди “ашказанды тузак кылып” башкаруу ыкмасы болуп, ушул аркылуу экономикалык жактан оор абалда турган элди алдоо жана буга чейин калыптанып калган Кытайга каршы маанайды жок кылуу аракети болуп эсептелет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here