Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (8-бөлүк).

219
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (8-бөлүк).

Саясий күрөш болсо пикирий күрөшкө кошумча саясий хизбдин негизги амил-түрткүлөрүнөн болуп эсептелет. Саясий күрөш – бул Ислам менен өкүм жүргүзбөгөн малай акимдерге каршы күрөштө жана аларды өзгөртүү үчүн мухасаба кылууда демилге көрсөтүү дегени. Бул болсо, алардын Үммөткө кылып жаткан кыянаттарын, Үммөткө каршы кафир мамлекеттерге малайлык кылып жатканын кескин ачып таштоо менен болот. Ошондо алардын айбаты талкаланып, Үммөттө алардын бийлигин жок кылууга кайрат пайда болот. Саясий хизб саясий күрөштү ачык жана атаандаштык кылган абалда алып барат. Ал жалтактап, кошомат кылбайт. Тынч гана отурууну тандабайт, кыйынчылыктар жетиши аны күрөштөн тыйып коё албайт. Себеби, мындай күрөш хизбдин негизин түзгөн исламий фикраттын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет.

Хизб – бул табанний кылып жаткан адамдарда көрүнүп жаткан исламий түшүнүктөр, өлчөөлөр жана канаттануулардан түзүлгөн маънавий шахсият. Ырасында, хизб мүчөсү хизб табанний кылып жаткан дал ушул түшүнүктөр, өлчөөлөр жана канааттануулар топтомун табанний кылган соң, ал да мына ушул пикирий-шуъурий куллдан(бир бүтүн нерседен) бир жузь болуп эсептелет. Эгер хизб мүчөсү мына ушул пикирлер топтомун, анын ичинде саясий күрөштү, чырайлуу көрүнүштө өздөштүрүп алса жана аны чырайлуу көрүнүштө ишке ашырса, албетте ал өзүнүн да шаъниси болгон хизбдин шаънисин көтөргөн болот. Эгер ал саясий күрөштү да өз ичине алган мына ушул пикирлер топтомуна амал кылууда жөндөмсүздүк кылса, өзүнө да, хизбге да зыян жеткирет. Мындай шартта хизб ал сыяктуу жөндөмсүз мүчөнү дароо дабалоого киришет. Эгер ал дабалануудан баш тартса, анын кесели башка мүчөлөргө да жукпасын үчүн хизб андай мүчөдөн баш тартат.

Хизб өзүнүн пикирий жана саясий күрөшүндө бардык мүчөлөрү менен биргеликте бир дене болуп майданга түшөт. Коомдогу чалгытуучу ката пикирлерге жана Үммөттүн үстүнө минип алган акимдерге каршы күрөшөт. Бул – хизб табанний кылган пикирлер себептүү – пикирий күрөш болуп эсептелет. О.э. ал хизб өз мүчөлөрүнүн дилдерине эккен күрөшүүчү табияты, талкуулашууга чакыруусу себептүү ирода күрөшү да болуп эсептелет. Күрөш майданында пикирдин канчалык күчтүү болушу өтө маанилүү. Бул жаатта күчтүү эрктин мааниси да пикирдикинен калышпайт. Себеби, эгер күчтүү пикирди көтөрүп чыгып жаткан адамдын эрки бош болсо, мындай күчтүү пикирден пайда жок. Согушкерге согуш майданында курал-жарак кандай зарыл болсо, даъватчы үчүн жашоодо өзүнүн пикирин жүзөгө чыгаруу үчүн бекемдик жана туруктуулукту түшүндүрүүчү бул күчтүү эрк да ошончолук зарыл. Күчтүү пикир Үммөттүн өз мабдаъсына болгон ишенимин канчалык деңгээлде кайтарып бере алса, кудум ошондой эле, даъватчылардагы күчтүү эрк да даъватчыларды Үммөттү жетектөөгө татыктуу даражага алып чыгат. Себеби, Үммөт өз акыйдасынан келип чыккан пикир жана райъларды кабыл алган соң, ал ушул пикирлерге кайдыгер карабайт. Т.а. Үммөт ушул пикирлерди жеткирүүчү кишилердин сабырына, эркине катуу көңүл бурат. Үммөт акыйкатсыздыктарга каршы турууну, ага каршы күрөшүүнү алкыштайт. Ал өзүнөн чыккан эр жүрөк уландарын жакшы көрөт.

Үммөттү жетектөө жана Үммөт менен биргеликте Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан хизб даъватты жеткирүүдө о.э. саясий күрөштө төмөнкү сөздөрдү айткан Расулуллах с.а.в.дан өрнөк алган абалда өзүнүн амалдарын Ислам өкүмдөрү боюнча жүргүзөт;

لا يَمْنَعَنَّ رجلا هيبةُ الناس أن يقول بحق إذا علمه

“Эсиңерде болсун, бирер киши акыйкатты билсе, аны ошол акыйкатты айтуудан адамдардын айбаты тосуп калбасын”.

الساكت عن الحق شيطان أخرس

“Акыйкатты айтуудан сүкүт сактаган адам – дудук шайтан”.

Экинчи Акаба байъаты жөнүндө жөнүндө Убада ибн Сомиттен мындай риваят келет;

بايَعْنا رسولَ اللهِ صلَّى اللهُ عليه وسلَّم على السَّمعِ والطَّاعةِ في اليُسرِ والعُسرِ والمَنشَطِ والمَكرَهِ وألَّا نُنازِعَ الأمرَ أهلَه وأنْ نقومَ ـ أو نقولَ ـ بالحقِّ حيثما كنَّا لا نخافُ في اللهِ لومةَ لائمٍ

“Биз Расулуллах соллаллаху алайхи ва салламга кыйынчылык жана жеңилдик абалыбызда да, кубаныч жана капачылыгыбызда да кулак салып моюн сунууга, жакшылыктарды башкаларга да каалоого, ишти өз ээсинен талашпоого, кайда болсок да Алланын жолунда жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон акыйкатты айтууга байъат бердик”. Бухарий риваяты. Бул жана ушуга окшогон далилдер бизде кайда болсок да, кимдин алдында болсок да, жаманатты кылуучулардын жаманаттысынан жана акимдердин айбатынан коркпостон акыйкатты айтышыбызды талап кылат. Мунун акысына Аллах Таала бизге чоң-чоң соопторду Расулуллах с.а.в. аркылуу убада кылган. Расулуллах с.а.в. айтат:

ان من اعظم الجهاد كلمة حق عند سلطان جائر

“Жабыр кылуучу залим падыша алдында айтылган акыйкат сөз албетте эң чоң жихаддан болуп эсептелет”.

سيد الشهداء حمزة و رجل قام الي امام جائر فامره و نهاه فقتله

“Шейиттердин саййиди Хамза ибн Абдулмутталиб жана залим падыша алдында туруп, аны амри-маъруф жана нахий-мункар кылган, натыйжада залим падыша аны өлтүрүп жиберген киши”.

А бирок, даъватчылар үчүн жете турган кыйынчылык жана балээлер көпчүлүк убакта сыноо үчүн жана дин душмандары алдында даъватчылар төмөн кетпеши үчүн сыноо катары берилет. Аллах Таала айтат:

ولنبلونكم حتي نعلم المجاهدين منكم و الصابرين و نبلو اخباركم

Албетте Биз, силердин араңардагы мужахид жана сабыр кылуучу заттарды билгенибизче, дагы силердин ал-кабарыңарды текшерип-жүзөгө ашырганыбызча силерди сынайбыз”. [47:31]

ولقد فتنا الذين من قبلهم فليعلمن الله الذين صدقوا وليعلمن الكاذبين

Акыйкатта болсо, Биз алардан мурдагы кишилерди сынаган элек го! Анан (ушул сыноонун жардамында) албетте Аллах чын сүйлөгөн кишилерди да, жалганчы адамдарды да анык билет”.[29:3] Мурунку пайгамбарлар мындай балээлерге кандай жолуккан болсо Расулубуз жана өрнөгүбүз Мухаммад с.а.в. да кудум ошолордой эле жолуккан. Мындай абалда Аллах Таала Пайгамбарыбыз с.а.в.ды сабырсыздык кылуудан же дин душмандарын ыраазы кыла турган тарапка бир аз болсо да майил болуудан катуу эскерткен. Аллах Таала айтат:

إِن كَادُوا لَيَفْتِنُونَكَ عَنِ الَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ لِتَفْتَرِيَ عَلَيْنَا غَيْرَهُ ۖ وَإِذًا لَّاتَّخَذُوكَ خَلِيلًا (73) وَلَوْلَا أَن ثَبَّتْنَاكَ لَقَدْ كِدتَّ تَرْكَنُ إِلَيْهِمْ شَيْئًا قَلِيلًا (74) إِذًا لَّأَذَقْنَاكَ ضِعْفَ الْحَيَاةِ وَضِعْفَ الْمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ عَلَيْنَا نَصِيرًا (75)

(Эй Мухаммад, мушриктер) сени Биздин аброюбузга, (вахийден) башка нерселерди ойлоп чыгарууң үчүн — Биз сага вахий кылган аяттардан алдап-буруп жиберүүлөрүнө аз калды. Андай болгондо (т.а. алардын жол-жоруктарына жүрсөң), сени дос кылып алган болоор эле. Эгер Биз сени (акыйкат жолдо) бекем кылбаганыбызда, сен аларга бир кыйла кызыгууңа аз калды. Андай болгондо, албетте Биз сага дүйнө (азабын) да, Акырет (азабын) да эки эсе кылып таттырган болоор элек, кийин өзүң үчүн Бизге каршы бир да колдоочу таба албаган болоор элең”.[17:73-75].

Хизб тафаул баскычында башына түшө турган кыйынчылыктар жөнүндө аң-сезимдүү түрдө кабардар болушу керек. Бул кыйынчылыктарга каршы туруп, аларды жеңип өтүшү үчүн анын жарактуу куралы болушу важиб. Бүгүнкү күндө Ислам дүйнөсүндөгү даъватчылар жолугуп жаткан мындай кыйынчылыктардын айрымдарына токтолуп өтөбүз;

а) Хизб менен Үммөт ортосун тосо турган ар түрдүү ыкма жана васиталар менен тиш-тырмагына чейин куралданган өкүмдар катмар, бийликтеги топ. Бул топко каршы туруу үчүн хизб өзү көтөрүп жаткан мабдаъ менен коргонушу о.э. өзүнүн мүчөлөрүнө жетип жаткан кыйынчылыктарды көтөрүшү керек. Эч кандай шыктандыруу же коркутуу анын өзү табанний кылган шаръий тарыйкаттан кайтышына же эч кандай маддий шыктандыруу акысына мабдаънын бир бөлүгүн болсо да четке кагууга алып барбашы керек. Мекке мушриктери өздөрүнө жакпаган нерселерден тыйылышы акысына падышалык, мал-дүйнө, кадыр-барк сунуштаганда Пайгамбарыбыз с.а.в кандай позицияда тургандыгын даъватчылар эч качан унутпасын. Ошондо Расулуллах с.а.в. Мекке мушриктери менен өзүнүн ортосуна ортомчу өкүл болуп келген абасы Абу Талибге мындай деген эле;

ياعم لو وضعت الشمس في يميني والقمر في يساري ما تركت هذا  الامر حتي يظهره  الله او اهلك في طلبه

“Эй абаке, ушул ишти ташта деп оң ийниме күндү, сол ийниме айды коюшса да таштабаймын. Же Аллах муну ишке ашырат, же ушул жолдо өлүп кетемин”. Ибн Исхак риваяты. Алар “бир жыл биздин Лат жана Манатыбызга ибадат кыласын, бир жыл сенин кудайыңа ибадат кылабыз” деп айтышканда төмөнкү аят түшүрүлдү;

قُلْ يَا أَيُّهَا الْكَافِرُونَ (1) لَا أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ (2) وَلَا أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ (3) وَلَا أَنَا عَابِدٌ مَا عَبَدْتُمْ (4) وَلَا أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ (5) لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ (6)

(Эй Мухаммад), айткын: «Эй кафирлер! Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын. Жана силер да мен ибадат кыла турган (Аллах)ка ибадат кылуучу эмессиңер. Мен силер ибадат нерсеге ибадат кылуучу эмесмин. Жана слер да мен ибадат кыла турган (Аллах)ка ибадат кылуучу эмессиңер. Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн!”[109:1-6].

 Дагы айтат;

قُلۡ أَفَغَيۡرَ ٱللَّهِ تَأۡمُرُوٓنِّيٓ أَعۡبُدُ أَيُّهَا ٱلۡجَٰهِلُونَ ]الزمر:[ 64

Айткын! Али силер мени Аллахтан башкага ибадат кылууга буюрасыңарбы, эй наадандар”.[39:64]

б) Маалымат каражаттары, мектеп жана медресе о.э. жогорку окуу жайлар сыяктуу мамлекеттик мекемелер таратып жаткан чет элдик пикир жана сакафаттар бүгүнкү күндө даъватчылар жолугуп жаткан кыйынчылыктар түркүмүнөн болуп эсептелет.

Мындай жат пикир, жат сакафаттарга каршы күрөшүү үчүн алардын Исламга тескери жана ката экендигин баяндоо, алардын ордуна исламий пикирлерди т.а. ийри сызык каршысында түз сызыкты коюу керек. Мына ошол аркылуу Үммөт өз мабдаъсы жана өзүнүн пикирлери туура экендигин аныктап алат. Ушундан өз мабдаъсын бооруна тартып, анын негизинде ойгонушу үчүн Үммөттүн ушул мабдаъга болгон ишеними кайарадан кайтып келет.

ж) Негизги өлчөө пайда болуп калгандан кийин Үммөттөгү шахстар алаксып калган жеке кызыкчылык да тафаъул баскычындагы кыйынчылыктар түркүмүнө кирет. Бул кыйынчылыкты жеңип өтүү үчүн Үммөт перзенттери арасында адал жана арам деген шаръий өлчөөнү кайрадан тирилтүү керек. Ал үчүн болсо, ырыскы, ажал жана Аллахка тобокел кылуу сыяктуу исламий акыйда пикирлерин сиңирүү керек болот.

д) Даъватчылардын кээ бирлери Үммөт ичиндеги оорулардан таасирленип алышы да тафаъул баскычындагы кыйынчылыктардан. Бул кыйынчылыкты жеңип өтүү үчүн андай кишилерге хизб тарабынан көңүл бурулушу жана аларды муалажа кылуу зарыл болот. Себеби, ушул аркылуу ал кишилер өздөрүнө келип кыйынчылык жана алдоо, фитналарга каршы өздөрүндө күч таба алгыдай болушсун. Эгер аларга хизб тарабынан берилген дабаанын пайдасы болбосо, алар четтетилет. Себеби, негизи даъватчы жетелеме, оорулуу эмес, тескерисинче жетекчи, коид жана табиб болушу керек.

Чындыгында, Меккеде Расулуллах с.а.в. жана сахабаларга мына ушундай, балким мындан да оорураак кыйынчылыктар келген. Ошондо Аллах Таала Расулуллах с.а.в.ды өз жолунда сабырдуулук менен турууга жана фитналарга сабыр кылууга гана буюрган. Аллах Таала айтат:

وان كادوا ليفتنوك عن الذي اوحينا اليك لتفتري علينا غيره واذا لاتخذوك خليلا ولو لا ان ثبتناك لقد لقد كدت اليهم شيئا قليلا

(Эй Мухаммад, мушриктер) сени Биздин аброюбузга, (вахийден) башка нерселерди ойлоп чыгарууң үчүн — Биз сага вахий кылган аяттардан алдап-буруп жиберүүлөрүнө аз калды. Андай болгондо (т.а. алардын жол-жоруктарына жүрсөң), сени дос кылып алган болоор эле. Эгер Биз сени (акыйкат жолдо) бекем кылбаганыбызда, сен аларга бир кыйла кызыгууңа аз калды”.[17:73-74].

 Аллах Таала  дагы айтат:

وَدُّواْ لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ

Алар сенин (өздөрүнө) көңүлчөөктүк-келишим кылышыңды каалашат, ошондо алар да (сага) көңүлчөөктүк кылышат. (Бирок, сен алардын бул каалоолоруна моюн сунбагын!)”[68:9].

Аллах Таала дагы айтат:

وَٱحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَنۢ بَعْضِ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ إِلَيْكَ

Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун”. [5:49] Чындыгында, мусулмандар “Курайш мусулмандарды угуп, биздин да талаптарыбызды кабыл алып, мусулмандарга азар берүүнү токтотсо экен” деп Расулуллах с.а.в.дын Курайшка карата бир аз жеңилирээк мамиледе болушун Аллахтан үмүттөнүшөт эле. Даъват жүрүшү үчүн Курайш менен мусулмандар ортосунда жакшы мамиле болушун каалашат эле. Бирок, Расулуллах с.а.в.дын даъватта бекем турушу, Аллах талап кылган мавкифте (позицияда) сабырдуулук менен турушу Курайштын мусулмандарга азар бериши ого бетер күчөшүнө түрткү болду. Ал тургай, бул абал “Исра” окуясы жүз бергенге чейин уланды. Расулуллах с.а.в Исра окуясы жүз бергенден кийин бул тууралуу абасынын кызы Хинд бинту Аби Талибге айтып берди. Ошондо Хинд;

“Эй Аллахтын пайгамбары, мунун адамдарга айта көрбөңүз. Алар сизди жалганчыга чыгарышат жана сизге мындан да көбүрөөк азар беришет”, –  деди. Ошондо Расулуллах с.а.в. ага;

والله لاحدثنهموه

“Аллахка касам, мен бул окуяны аларга сөзсүз айтып беремин”, деген вахий менен жооп берди. Курайш бул окуяны угуп Расулуллах с.а.в.ды шылдыңдады. Динде экиленип жүргөн мусулмандар динден чыгып муртад болуп кетишти. Ошондон кийин мына бул аят түшүрүлдү:

وَمَا جَعَلْنَا الرؤيا التى أَرَيْنَاكَ إِلاَّ فِتْنَةً لِّلنَّاسِ

Биз сага (Меърож түнүндө) көрсөткөн «Түш»тү адамдар үчүн бир фитна-сыноо гана кылдык”.[17-60].

Ал эми чыныгы момундардын болсо, бул окуядан кийин өз Роббиси жана набийине болгон ыймандары ого бетер бекемделди.

Ошондуктан хизб же жамаат, жарып кирүү жана каршы туруу өтө оор машакаттарга алып бара турган окуяларга туш болуп калса, бул окуяларга Расулуллах с.а.в. Мекке коомуна жана анын айланасындагы урууларга жүздөнгөнү сыяктуу жүздөнүшү керек. Хизб азыркы шарттар башкача экендигин, адамдар даъваттан качышын, күч түзүмдөрү күчтүү экендигин шылтоолоп, эч кандай таъвил же кошоматчылыкка таянбашы керек. Себеби, даъватчылар өз күчүн – Аллахка ыйман келтирүү жана Ага тобокел кылуу аркылуу – Аллахтан алышат. Өздөрү табанний кылып жаткан фикраттын сахихтиги жана өздөрү карманып жаткан тарыйкаттын тууралыгына болгон ыйманынан алышат. Алардын ушул күч-кубат булагы өзгөрүп туруучу вакиъден да, алар дуушар болуп жаткан кыйынчылыктардан да бир нече эсеге күчтүү болгон түрткү болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө даъватчылар Исламдын айрым жактарына көз жумуп коюшу үчүн ар түрдүү таргиб жана тархибге (кызыктыруу жана коркутууга) дуушар болуп жатканы сыяктуу эле, буга чейин мындай иштерге Расулуллах с.а.в. жана сахабалары да дуушар болушкан. Исламды жашоодо жүзөгө чыгаруу алардын тагдыр чечүүчү маселеси болгон. Мекке өзүнүн куфрунда катуу туруп алган,  сахабалар ар түрдүү азарларга дуушар болушкан, Расулуллах с.а.в.дын коргоочусу Абу Талиб көз жумган, күн сайын даъватты жеткирүү машакатынан кийин баш баанек таба турган жери, жубайы, Расулуллах с.а.в. га жардам берүүчү Хадижа энебиз да каза болгон.  Мына ушулардын бардыгына карабастан, Расулуллах с.а.в. Мекке мушриктеринин  азарларына;

ان لم يكن بك علي غضب فلا أبالي

“Эгер мага ачууланбаган болсоң, мен бул азарларга көңүл бурбаймын”,- деген сөздөрү менен жүздөнүп, даъватында бекем болду. Ибн Исхак риваяты.

Тафаъулдун натыйжасы оң же терс болушуна карабастан, даъватчылар ушул баскычта бирөө-жарымга жакшы көрүнүүгө аракет кылбашы, бирер пикирди айландырбашы керек. Себеби, мабдаъий даъват өз даъватчыларынан жетекчилик Исламдыкы гана болушу үчүн аракет кылууну катъий талап кылат. Ошондуктан, эч качан мабдаъ эсебинен жалтактоо,  колунда бийлиги бар кишилерге өзүн жакшы көрсөтүү мүмкүн эмес. Кандай азарларга жолукпасын, кандай таргиб жана тархибге дуушар болбосун мабдаъны гана бекем кармашы керек болот. Анткени, алардын куралы – Аллахка жана өздөрү көтөрүп жүргөн мабдаънын тууралыгына болгон ыймандары. Мына ушул ыйман Аллах Таала даъватчылар үчүн сызып берген тарыйкатта жүрүүнүн туруктуулугун камсыздоонун кепилдиги болуп эсептелет. Мына ушул ыйман – эгер алар Аллахка ыйман келтиришсе, Ага тобокел кылышса, Аллахтын тарыйкатын бекем кармашса – Аллах аларга убада кылган нусраттын кепилдиги.

Аллахка жана Исламга ыйман келтирүү өкүмдөрдү түшүнүүдөн башка нерсе.  Себеби, далилден келип чыккан, вакиъге туура келүүчү катъий тастыктан турган ыйман эч кандай күмөн жакындабай турган туруктуу жана өзгөргүс болуп эсептелет. Ал эми ижтихад менен шаръий далилдерден истинбат кылынган өкүмдөр даъватты жеткирүүчүлөр раъйында туура болгон абалда, алардын ката болуу ыктымалы да бар. Мындай өкүмдөр үстүндө даъватчылар башка мусулмандар менен талкуулашуусу да мүмкүн. Бул дегени даъватчылардын өздөрү чыгарып жаткан фикрат өкүмдөрүнө жана өздөрү жүрүп жаткан тарыйкат өкүмдөрүнө карата түшүнүктөрү шамал агымында экендигин, шамал кайда соксо ошол тарапка ийилип кете беришин түшүндүрбөйт. Тескерисинче, алардын фикрат жана тарыйкат өкүмдөрү жөнүндөгу түшүнүктөрүн туура түшүнүк деп этибарга алуу керек. Себеби, ал терең изденүү аркылуу жетишилген,  терең жана жаркын пикирден келип чыккан  түшүнүк.

Ошондуктан, даъватчылар даъватка мээримдүүлүк кылууну, даъватка жан тартышын айтып жаткан же максатка жетүү үчүн бардыгынын этибарын өзүнө тартып жаткан кишилерден, “Исламга тескери эмес” же “Исламга туура келет” деген хужжат менен ишке ашып ар кандай райълардан сак болушу керек. Ошондуктан, алар ырасында мындай райълар шаръий далилге таянбаган соң жана ырасында сахих жол менен истинбат кылынбаган соң, мындай райъларды четке кагышсын. Аллах Таала дагы айтат:

وَٱحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَنۢ بَعْضِ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ إِلَيْكَ

Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун!”. [5:49] (уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here