АКШ өзүнүн артынан Европаны да сүйрөп, Ливияда шайлоо өткөрүү үчүн ал жердеги чөйрөлөргө басым өткөрүүдө

168
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ өзүнүн артынан Европаны да сүйрөп, Ливияда шайлоо өткөрүү үчүн ал жердеги чөйрөлөргө басым өткөрүүдө

 Устаз Ахмад Мухаззиб

Бийликте зомбулук кылып жаткан залим аким кулатылгандан кийин да көбүнчө карамүртөз мамлекеттердин жардамы менен башаламандык уланат, кээде узакка да созулат. Ошол убакытта мурунку режимдин адамдарга кылган зулумуна жана зомбулугуна жардам берген саркындалар кайра дагы майданга кайта баштайт. Муну Ливия мисалында көрүшүбүз мүмкүн, балким, башка мамлекеттерден да көбүрөөк байкалды. Мурунку режимдин түзүмү мамлекеттин көпчүлүк тармактарына, ал тургай, өкмөттүн ичине чейин кирүүгө жетишти. Мисалы, юстиция министри мурун Ыңкылап комитетинде (Каззафийдин атаандаштарын жок кылуучу аппарат) иштеген. Улуттук биримдик өкмөтүндөгү экономика министри да Каззафийдин министрлеринин бири болгон. Мурунку режимдин кээ бир адамдары Хафтар менен союздаш болуп алышты. Мисалы, тышкы иштер министри Хафтар тарапкерлеринин бири болуп, ал да мурунку режимдеги адамдар, айрыкча, Каирде жашап жаткан Ахмад Каззафуддам сыяктуу элден уурдалган байлыктарды өздөштүргөндөр менен жакшы байланышта. Каззофуддам 2012-жылы Мустафа Абдулжалил тарабынан жиберилген Али Саллабийге мамлекеттен уурдалган акчалардын 25 миллион долларын колго алганын айткан.

Бул, өлкөдөгү абалды окурман түшүнүп жетиши үчүн айтылган фактылардын башы гана.

Бул окуялардын айрымдарын карап чыгабыз:

  • 2021-жылы 4-октябрда Табрук өкүлдөр палатасы мамлекеттин жогорку кеңешине кайрылбастан, өлкө президентин жана өкүлдөр палатасын шайлоо жөнүндө мыйзам чыгарды. Негизи, мамлекеттин жогорку кеңеши иш жүзүндө Сухайрат документи негизинде түзүлүп, бул документте өкүлдөр палатасы шайлоолор жөнүндө мыйзам иштеп чыкмакчы болсо, жогорку кеңешке кайрылып, аны менен кеңешүүсү шарт экендиги айтылган.
  • Үстүбүздөгү айдын башында Акила Салих төрагалык кылган бул Табрук өкүлдөр палатасы кворум жана шайлоочулардын саны боюнча ачык жасалма добуш берүү алдамчылыгынан пайдаланып, Дабиба өкмөтүнөн ишенимди алып салуу туурасында мыйзам чыгарды.
  • Адилет жана Курулуш партиясы, Улуттук Нажат Фронту партиясы, Өзгөрүү партиясы жетектеген Ливия партиялары Табрук өкүлдөр палатасынын токтомдорун каралаган билдирүүлөрдү чыгарышты.
  • Ливиянын батышындагы Бириккен күчтөргө байланыштуу телеканалдардын баары туруктуу түрдө Хафтардын кылмыштарына көңүл бурушту. Хафтар, анын армиясы жана ага караштуу согушкерлер акыркы алты жыл ичинде жасаган бул кылмыштары катардагы жарандарды өлтүрүү, мүчөлөрүн кесүү, адамдарды тирүүлөй көмүү, мал-мүлктөрдү ойрон кылуу жана өрттөө болгону айтылды.
  • Туңгуюкка кирип калган мына ушундай чөйрөдө премьер-министр Абдулхамид Дабиба чыгып Хафтар жана Акила Салихке каршы сөз күрөшүн баштады. Кийин адамдар кабылып жаткан азап-кыйынчылыктарды шылтоолоп, алардын жарааттарынан батыштык кожоюндарынын планын ишке ашырууда пайдаланды. Т.а. турмуш курмакчы болгон ар бир жигит-кызга материалдык «грант» берүү токтомун тастыктап, аларга 40.000 динар өлчөмүндө акча бөлүү аркылуу жаштарды өзүнө тартып, кызыктыра баштады. Натыйжада, Хафтар жана анын кошуунуна каршы күрөштө көпчүлүктө үмүт ойгонду. Жөлөк пул алуучуларга 450 динар компенсация берүү туурасында көп жыл мурун кабыл алынган токтомго өзгөртүү киргизип, компенсация 900 динардан бериле турган кылды о.э. мугалимдердин компенсациясын көтөрүү туурасында да токтом чыгарды. Муну менен Дабибанын эл менен экендиги башкаларга караганда көбүрөөк көрүндү.
  • Дабиба Хафтар жана Акила Салихтерге каршы сөз согушун баштап, алардын атын атабастан «кимселер» деп мындай билдирүүлөрдү берди: «Катардагы жарандарды кыргын кылган, адамдарды тирүүлөй көмгөн жана Ливия калкын өлтүрүү үчүн ар мамлекеттен курал алып келген кимселер менен биз кантип жарашабыз жана келишебиз?!». О.э. ал: «Командачы макамдагы малай жана канкор кимселерге ыраазы болушубуз жана алар менен кызматташуубуз мүмкүн эмес», – деп кошумчалады.
  • Дабиба өлкө жаштарынын чоң бөлүгүн өзүнө тартууга жана финансылык токтомдор менен баштарын айлантууга жетишти. О.э. ал алдын ала пландалган, кийин токтотуп, тоңдурулган көптөгөн долбоорлорго кой коюп, аларды мурунку министрликтерге таштап койду, бирөөсүн да ишке ашырган жок. Электр энергия проблемасын чечти, бирок, кийинчерээк белгилүү болгондой, адамдарга басым кылуу жана элде «чечимге жетишүү мүмкүн эмес» деп үмүтсүздүктү пайда кылуу максатында электр энергия проблемасы атайылап жасалма пайда кылынган. Бул сыяктуу иштер менен мамлекеттин коопсуздук кызматы жана министрликтердеги мамлекет артындагы мамлекет алектенип келген.

Булар мурдагыдан да кооптуу түс алып жаткан ички абал жөнүндө. Дабиба бул сыяктуу компенсациялар, гранттар жана жетишкендиктерди ишке ашыруудан Ливия калкынын кызыкчылыгын ойлогон жок. Балким, алардын көңүлүнөн орун таап, шайлоо үчүн добуштарын сатып алууну ниет кылууда. Кала берсе, ал Ливия үстүнөн зомбулук кылуу, байлык жана ресурстарын ташып кетүү сыяктуу колонизатор кафир Батыштын саясатын аткарууда. Т.а. анын бул иш-чаралары Ливия үстүндө болуп жаткан мамлекеттер аралык күрөш алкагында болууда.

Эми Ливия маселесиндеги мамлекеттер аралык аракетке келсек, Франция кууп чыгарылып, мурунку таасири да жок кылынган соң, АКШ шайлоолор деген иш-чараны колдоп-кубаттай баштады. Мисалы, АКШ элчиси көптөгөн билдирүүлөрүндө шайлоолорду өз убагынан т.а. 24-декабрдан кечиктирбей өткөрүү зарылдыгын катуу баса белгиледи. https://www.omanobserver.om/ сайтындагы кабарда да: «Америка Ливия чыр-чатагын чечүүгө байланыштуу «5+5» аскерий жана коопсуздук биргелешкен комитетинин ийгиликтеринен үмүт кылат», – деп айтылат.

Араб Мамлекеттеринин Лигасы Ливия сахнасында таасири жоктугуна карабастан, сахнадагы жалпы агымды түшүнүү үчүн «5+5» жыйынынын акыркы натыйжаларын алкыштап жатат. Акыркы натыйжада «бардык жалданган аскерлерди жана чет элдик согушкерлерди Ливиядан этап-этабы менен, тең салмактуу түрдө алып чыгуу планы тастыкталган».

Түркия түрк өкүлдөрү палатасынын спикери Мустафа Шентоптун оозуу менен: «Биз Ливия шайлоолорун колдоп-кубаттап, өз убагынан т.а. 24-декабрдан кечиктирилбей өткөрүлүшүнүн тарапкерибиз», – деди.

Дабиба Ливия маселесин талкуулоо жана Катарды ушул айдын соңунда өтө турган «Ливия туруктуулугу» деген конференцияга катышууга чакыруу үчүн шаршемби күнү Катарга барат.

Табрук өкүлдөр палатасы шайлоолордун убактысын бекер кылуу жана президенттик шайлоону 24-декабрда өткөрүү, кийин бир ай өтүп парламенттик шайлоону өткөрүү жөнүндө токтом чыгарды.

Булардын баары Хафтар үчүн жасалды т.а. эгер ал жеңип чыга турган болсо, парламенттик шайлоодо оюн кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, эгерде жеңилип калса, өз армиясынын командачылыгына кайтат.

Италия тышкы иштер министри АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолуккандан кийин Ливиядагы шайлоолор ийгиликсиз аяктаса, чоң коркунуч пайда болорун эскертти.

Жогоруда айтылган нерселерден Америка парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүгө умтулуп жатканы белгилүү болууда. Шексиз, ал анын малайлары бийликти колунда кармап турушун каалап жатат. Буга жетишиши мүмкүн, бирок, жетише албай турган болсо, анда Хафтардын «жарылуучу жабдыктары» кайра ишке түшүрүлүшү мүмкүн.

Чамасы, Америка Абдулхамид Дабибаны өзүнө каратып алган көрүнөт. Дабиба Мисирге барды жана Сисий менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мисирликтерге чоң долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген экономикалык келишимдерди түздү. Түркияга да барды жана түрктөрдүн 2011-жылдан мурун жасалган иштерин талкуулады жана түрк компаниялары Ливия майданына кайта баштады.

Абдулхамид Дабибанын регионалдык жана эл аралык жактан колдоп-кубатталып, мына ушул ырааттуу аракеттеринен көрүнүп тургандай, эгер шалйоолор өткөрүлө турган болсо, анын жеңип чыгышынын ыктымалы чоң.

Булардын баары ачык-айкын көрүнүп турат. Бирок, эң кооптуусу, эл банктардан сүткордук кредиттерди алышы үчүн кеңири жол ачып берүү иштеринин башталганы… Бул нерсе мамлекетте менчик өнөр жай жана долбоорлорду өнүктүрүү деген шылтоо менен ишке ашырылат. Муну менен адамдар Аллах жана Расулуна каршы согушка кирген болушат. Негизи, Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

﴿الَّذِينَ يَأْكُلُونَ الرِّبَا لاَ يَقُومُونَ إِلاَّ كَمَا يَقُومُ الَّذِي يَتَخَبَّطُهُ الشَّيْطَانُ مِنَ الْمَسِّ﴾

«Сүткор болгон адамдар (Кыямат Күнүндө мүрзөлөрүнөн) турушпайт. Бирок, жин тийген, акылдан азган сымал турушат»                                                                                     [2:275]

Демек, сүткордук чоң күнөө болгон иштерден.

Тыянактап айтсак, башка мусулмандардын проблемаларынын чечими сыяктуу, Ливия проблемалары үчүн бир гана чечим бар. Ал да болсо, бул өлкөнү кафир колонизатор Батыштын чеңгелинен куткарып, аны Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө Аллах Азза ва Жалланын өкүмүнө моюн сунушун камсыздоо. Бул мамлекет адамдардын иштерин колонизатор кафир Батыштын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу максатында эмес, Аллах Табарака ва Тааланын ыраазылыгына жетүү максатында башкарат.

Аллах Тааладан бизге бул хак мамлекетти тездетишин сурайбыз.

 

Роя гезити, №361, 2021-жыл, 20-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here