Умматтын салтанатсыз эч кандай айбаты жок

206
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Умматтын салтанатсыз эч кандай

айбаты жок

 Устаз Абдуллах Али

Америкалык журналист Томас Фридман дагы чукул коңгуроо какты. Бирок, ал бул ирет капиталисттик Европа жана анын калкына коңгуроо кагып, аларды эгер чара көрүшпөсө бул кышта сууктан өлүп калуудан эскертти. О.э. ал жылытуу каражаттарына жооптуу болгон тараптарды энергия запастарына көңүл бурууга жана азыркы жаңы абалдан пайдаланып калууга чакырды. Анын сөзүнө ылайык, мындай абалда дүйнөлүк энергетикалык базарда, өзгөчө, Россия менен Катардан алып келинген табигый газ туурасында силкинүүлөр жүзөгө келип, мындан акылдуу пайдаланып калуу зарыл.

АКШнын «Нью-Йорк таймс» гезитинде жарыяланган «A Scary Energy Winter Is Coming. Don’t Blame the Greens» деген өз макалада Фридман «Blain’s Morning Porridge» кабарына таң калганын билдирди. Кабарда финансы базарлары боюнча стратег Билл Плейн Британия жана Европадагы абал жөнүндө айтып, энергия баалары кымбаттап жатканда «жакыр адамдар алдында эки жол калууда: колдорундагы болгон каражаттарына жеп-ичишет же сууктан өлүшөт» деди. Фридман өз макаласында адамдардын мындай тагдыры жөнүндө сүйлөп, бул нерсени адамдарды альтернатива менен камсыздоодон мурун таза энергияга өтүү жоопкерчилигин мойнуна алган Батыш өкөмөттөрүнүн саясатына байлады. О.э. ал өкмөттөр учурдагы идеалдуу альтернатива болгон «табигый газга» жапырт өтүшү дүйнө бойлоп газ баасынын табигый кымбатташына себеп болгонун баса белгиледи. Белгилүү болгондой, журналист бул жерде Иран Катар газынын экспортуна тоскоолдук кылып, «АКШ менен болгон чыр-чатакта» ушул абалдан пайдаланып жатканына ишара кылууда.

Фридмандын геосаясий абал жана эл аралык чөйрөлөр өз улуттук кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн жүргүзүп жаткан күрөш туурасындагы байкоолору өтө маанилүү нерсеге көңүлүбүздү бурду. Т.а. Ислам Умматы өз өлкөлөрүндө болуп жаткан бул окуяларга карата кандай позицияда турат?! Эмнеге бул яхудий капиталист журналист эки миллиардды түзүп жаткан Уммат жөнүндө унчукпай жатат, акыры, бул Уммат дүйнөдөгү географиялык жактан эң маанилүү жерлерде жашап жатат жана эсепсиз байлыктарга ээ Уммат болуп эсептелет, дүйнөлүк сооданын чоң бөлүгү анын жерлеринен өтөт, жер жүзүндөгү эч бир калкта кездешпеген биримдик жана күч-кубат факторлору ушул Умматта бар?!

Ко-ош, Ислам Умматын айбаты жок жана эч ким эсептешпей турган умматка айланткан нерсе эмне, деги, ал тарыхта, эми эле бутка туруп жаткан доордо бүткүл дүйнөгө айбатын көрсөтүп, Фарс жана Рум эки империяны жеңген го?! Т.а. бул Уммат адамзат хазараты жана азыркы заман өнүгүүсүндө активдүү улуттарды ээрчиген көз каранды умматка айланып калгыдай эмнесин жоготту?!

Ооба, Умматтын бүгүнкү күндөгү абалына жана канчалык алсырап, душмандарынын назарында этибары жоголгонуна таң калууга акыбыз бар. Түпкүлүгүндө, Умматта улуулук, үстөмдүк жана күч-кубат факторлору бар. Анда жогору деңгээлге жетүү үчүн материалдык каражаттар бар. Ал тургай, дүйнөнү фатх кылган ата-бабаларыбызда жок мүмкүнчүлүктөр азыркы Умматта бар. Уммат дагы эле динин, Куръанын, суннатын бекем карманып келүүдө, арийне, анда рухий жак да бар. Бирок, Умматта жок нерселердин негизи-өзөгү – Ислам мамлекетинде көөдөлөнгөн салтанат.

Бийлиги тартып алынган эч бир Уммат кубаттуу болбогон. Ар кандай Уммат бийлик менен гана айбатка ээ болгон. Бийлик болбосо, намыс да, жан да, мал да корголбойт. Бул өлчөө Ислам Умматына да тиешелүү. Албетте, ал башка умматтардай эмес, себеби, ал адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат, маъруфка буюрат, мункардан кайтарат, Аллахка ыйман келтирет. Ошондуктан, ал көп кылымдар бою бардык умматтар оңдолуусу үчүн үлгү болуп келди. Бирок, бүгүн үлгүнүн өзү бузулса, ким аны оңдойт?!

Исламий Умматтын абалына назар салган кишиге ушул нерсе анык көрүнөт: ал бүгүнкү күндө кор алсыз абалга түшүп калды, каны, намысы жана малынын кол тийгистиги калбады, булар туурасында убадага да, милдетке да каралбай жатат. Уммат адамзаттын эң төмөнү эсептелген жана бешенесине кордук жазылган кишилердин колу менен, ал тургай, бут жана уйларга сыйынган мушриктер тарабынан өлтүрүлүүдө. Мусулмандар кайда, кайсы мамлекетте жашабасын, абалы мына ушундай. Бир сөз менен айтканда, мусулмандар өз боордошторунун кыргынга, качкындыкка жана кордукка учурап жатканын социалдык тармактар же массалык маалымат каражаттары аркылуу күбө болушууда. Бул аянычтуу көрүнүштөрдү көрүп, мусулман боордошторунун абалына кайгырып-өкүнүп, колдорунан келгенче аларга жардам берүүгө аракет кылышууда. Бирок, алар бөлүнүү жана бытырандылыктын түпкү акыйкатынан, боордошторуна чыныгы нусрат бере албай жатканынын себебинен бүтүндөй кабарсыз калышууда.

Бирок, исламий өлкөлөрдүн бөлүнүшүнөн негизги кызыкдар болгон колонизатор кафир бул акыйкатты жакшы билет. Бирок, бул бөлүп салынган өлкөлөрдү мамлекет дегенге да жарабайт, себеби, алар адамдардын кызыкчылыгын камсыздоодон эле эмес, ал тургай, өзүн баскынчы душмандан коргой алышпайт. Ошентип, Батыш мусулмандардын биримдигин бөлүп салды. Негизи, мындан мурда Расулуллах ﷺ аларды бир дин, бир имам жана бир байрак астында бириктирген эле.

Ооба, Ислам жана мусулмандарды жек көргөн бул колонизатор алардын бутуна чөгөлөгөн саткындарды көрбөгөндө, мусулман өлкөлөрүнө кирбеген, ал тургай, кирүүгө батына да албаган болот эле. Бул саткындар Батыштын улутчулдук жана мекенчилдик сыяктуу бузгунчу пикирлери менен суугарылып, адамдардын динин да, дүйнөлөрүн да бузушту. Куфр улутуна бузгунчу мыйзамдарын исламий өлкөлөргө эч кандай тоскоолдукуз жана каршылыксыз киргизишине жардам беришти жана ушул кафирлердин кызыкчылыгы үчүн саткын кызматкер болууну өздөрүнө ыраа көрүштү. Ошентип, колонизатор кафир Халифалык мамлекетинде көөдөлөнгөн бийликти кулатууга жетишти, бул бийлик мусулмандардын кубатынын жана азиздигинин булагы эле. Ошол убакта Британия тышкы иштер министри болгон лорд Керзон муну бардык колонизаторлордон жакшыраак түшүндү. Британия коомдук кеңешинде депутаттардын бири анын Түркиянын эгемендүүлүгүн моюнга алганына нааразылык билдиргенде: «Маселе мындай, Түркия жеңилди, ал кайра бутка тура албайт, себеби, биз анын кубатын – Халифалык жана Исламды жок кылдык», – деп жооп берген.

 

Роя гезити, №361, 2021-жыл, 20-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here