Пандора кагаздары жана жемкор жетекчилер

122
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пандора кагаздары жана жемкор жетекчилер

«Пандора кагаздары» деп аталган бул документтерден мурун да көптөгөн ушуга окшогон документтер болгон. Панама, Швейцария жана Люксембург документтерин мисал кылса болот. Алардын баары жемкор жетекчилердин бетин ачкан. Бул жашыруун документтер жана мамлекеттин каражаттарына кол салуу, бандитизм жана акча адалдоо, салык төлөөдөн качуу сыяктуу кылмыштарды жашырган башчыларды ашкере кылган. Бирок, Пандора документтери мурунку документтерден чоң ишенимге ээ экендиги, кеңири көлөмдүү иликтөөлөрү жана анык далилдери менен өзгөчөлөнүп турат.

«Пандора кагаздарын» иштеп чыгууда 600дөн ашуун журналист катышып, алар офшордо иш алып барган 14 компаниянын 12 миллиондой документин үйрөнүп чыгышты жана 29 миңден ашык офшор компанияларынын бетин ачышты.

Офшор компаниялар – бул АКШ, Британия жана башка Батыш мамлекеттериндеги кыймылсыз мүлк жана активдердин чет элдик ээлерин жогору даражада жашыруун сактаган кыялдагы-жасалма компаниялар. Офшор компаниялар бул операцияларды мал-мүлк жана активдердин түпкү ээлери болгон элдердин көзүнөн жашыруу үчүн чегаралар бойлоп иштеген өтө татаал тармактар аркылуу ишке ашырышат.

«Пандора кагаздарына» тиешелүү мындай үлкөн иликтөөнү Вашингтондогу Эл аралык Журналисттер Консорциуму (ICIJ) бейөкмөт уюму Британиянын «ВВС» жана «Guardian» гезити менен биргеликте ишке ашырды. ICIJ жүргүзгөн иликтөөлөрдө Британия жана АКШдагы миллиарддаган долларга сатып алынган 1500 кыймылсыз мүлктүн жашыруун ээлеринин өздүгүн аныктады. Ага жогорку кызматтагы жетекчилер, жемкор саясатчылар, алардын катарында 35 мурдагы жана азыркы лидерлердин о.э. 300 саясатчынын аттары тизмеси киргизилген. Мисалы:

  • Катардагы королдуктун үй-бүлөсү жана алардын Эмираттардагы кесиптештери;
  • Иордания королу Абдуллах II;
  • Ливандын азыркы премьер-министри Нажиб Микатий жана мурункусу Хасан Диаб;
  • Чехия премьер-министри;
  • Кения президенти;
  • Эквадор президенти;
  • Россия президенти.

Биз бул иликтөөлөрдөгү Иордания королу Абдуллах IIнү мисал кылсак болсок, башка жемкор саясатчылар жана алардын жалданган адамдары ким экендигин да түшүнүп алабыз. Иордания королу башкарып жаткан мамлекет оор экономикалык кризисте, калкы оор турмуш шартында жашап жатат. Жумушсуздук, кымбатчылык жана бардык экономикалык проблемалар коомдо кеңири жайылган. Бирок, король өзүнүн бар күчүн эзилген мазлум калктын эсебинен Британия жана АКШда заңгыраган кыймылсыз мүлктөргө ээ болууга сарптоодо. Офшор компаниялар аркылуу АКШ жана Британияда ага бүтүндөй керексиз кыймылсыз мүлктөрдү элдин көзүнөн жашырууга урунуп жатат.

Пандора иликтөөлөрү көрсөткөндөй, король Абдуллах Британияда, Калифорниянын Малибу шаарында жана борбор Вашингтондо 15 кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн 106 миллион доллар сарптаган. Ал атасы король Хусейн 1999-жылы каза болгондон кийин бийликти ээлегенден бери Пандора ачыкка чыгарган бул мүлктөрдү жашырып келген.

Бул иликтөөнүн натыйжаларын король жана анын сарайы моюнга алды. Сарай бул мүлктөрдүн «ашкере кылынбаганы алардын жашыруундугу эмес, жеке менчик экендиги себептүү» деген жоопту берди. Мындай кечирим суроо күнөө кылуудан да жаман! Себеби, коомчулуктан сыр тутууга урунуунун өзү кылмыш бар экенин жана кандайдыр бир жаман иш пландаштырылып жатканын түшүндүрөт.

Королдун жообуна келсек, ал «Иорданияга каршы компания бар… Бул биринчи ирет болуп жаткан жок… Саботаж кылууга жана күмөн ойготууга урунуп жаткандар бар» деп адаштыруучу жооп берди. Кийин ушул шерменделиктен коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн мамлекетте «экономикалык жана административдик реформаларды жүргүзүп жатканы» менен элди алдоого урунду.

Бул бейөкмөт уюмдун иликтөөлөрү өз калкынын мал-мүлктөрүн өздөштүрүү жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу үчүн каражаттарды чет мамлекетке чыгаруу менен алектенген бул акимдер колонизатор кафирлердин жалданган малайлары гана эмес, уурулар, жемкорлор жана бузукулар экенин далилдеди.

 Роя гезити, №361, 2021-жыл, 20-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here