Жапаров Эрдоган менен жолугушууну пландап жатат

219
0

Жапаров Эрдоган менен жолугушууну пландап жатат

 Кабар: Президент Садыр Жапаров ноябрь айында Стамбул шаарында пландалып жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-жыйынынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

29-октябрда, Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин жетекчиси Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Маалымат катары айта кетсек, Садыр Жапаров быйыл июнь айында Түркияга расмий сапар менен барып, Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушкан. Ал жолугушууда негизинен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүкүтүрүү маселелери сүйлөшүлгөн.

 Комментарий: Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында Кыргызстандын Россия жана Түркия менен стратегиялык кызматташтыгы бекемделгенин, эпидемиологиялык кырдаал турукташып калары менен Кытайга сапар кылууну пландаштырып жатканын билдирди. О.э. араб жана Европа өлкөлөрүнө да барууну пландаштырып жатканын кошумчалады.

 Жапаровдун бул билдирүүсүнөн Кыргызстан тышкы саясатта көп векторлуу саясатка жүздөнгөнүн түшүнсөк болот. Белгилүү болгондой, Кыргызстан буга чейин толугу менен Россиянын таасири алдында болуп, ар бир ишин орустун каш-кабагына карап аткарып келди. А бирок, былтыркы төңкөрүш Россиянын каалоосуна тескери көрүнүштө ишке ашканы аз келгенсип, бийликке келген Жапаров анын ыраазылыгын албай туруп Өзбекстан менен чек ара маселесинде жакшы натыйжаларга жетишкени орустун каарын козгоду. Россия Кыргызстандан өч алуу үчүн кыргыз-тажик чек ара жаңжалын уюштуруп,  ал куралдуу жаңжалда тажик өкмөтү тарабында турду.

 Андан соң кыргыз бийлиги колунан келишинче Россиянын таасиринен чыгууга аракет кыла баштады. Мында Жапаров көп векторлуу саясат деген аталыш астында Кытай жана Батыш мамлекеттери менен кызматташтыкты күчөтүүгө умтулууда. Кыргыз бийлиги Түркия аркылуу АКШ менен жакындашууну көздөй бара жатат. Белгилүү болгондой, АКШ Борбор Азияга карата саясатын Түркия аркылуу ишке ашырат. Мында Түркия жана Борбор Азия мамлекеттеринин көпчүлүгү түрк тилдүү калктар экендиги пайдасын тийгизет. Акыркы кездерде Кыргызстан Түркия менен аскерий, соода-экономикалык кызматташтык о.э. түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы сыяктуу долбоорлор аркылуу мамилени бекемдеп жатат. Аскерий кызматташтыктын алкагында Кыргызстан Түркиядан “Bayraktar”  учкучсуз учуучу аппараттарын сатып ала турган болду. Кыргыз аскерлери Түркияда аскерий  өтө турган болду. Бул кыргыз бийлигинин Россиянын аскерий таасиринен кутулуу үчүн таштаган кадамдарынын бири болду. А бирок, өкмөт бул аракети аркылуу дагы кайрадан Россиянын каарына калуудан сактануу үчүн ошол эле убакта Россиядан “Орлан-10” учкучсуз учуучу аппараттарын сатып ала турган болду. Тыянактап айтканда, Жапаров Путиндин каарын козгой турган деңгээлде кескин аракет кылбастан, андан акырындык менен алыстоо позициясын карманууда.

 А бирок, Кыргызстан өкмөтү биринин таасиринен кутулуу үчүн башкасы менен мамилени жакшыртууга аракет кылып жатканы менен, бул мамлекеттердин бардыгынын көздөгөнү – башка мамлекеттерди колония кылуу, байлыктарын талап-тоноо, ал мамлекеттердин калкын арзан жумушчу күчү катары пайдалануу гана. Бул мамлекеттердин эч бири, алардын тили менен айтканда, “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине жакшылык жана жыргалчылык алып келүү үчүн жардам кылбайт. Тескерисинче, бир колонизаторду чыгаруунун акысына ал жердеги байлыктарды ээлеп алууну гана көздөйт.

 Эгер Кыргызстан калкы колонизаторлордон кутулуп, чындап эле өнүгүү жолуна түшүүнү каалай турган болсо, анда мунун жолу бирөө гана, ал да болсо, көпчүлүгү ыйман келтирген Ислам дини акыйдасы негизиндеги Халифалык мамлекетин кайра тикелөө. Мусулмандардын алдында мындан башка жол жок. Же Аллахтын өкүмдөрүн бийик кылуу аркылуу эки дүйнө бактысына жетишет, же бир колонизатордон кутулганы  менен башкасынын чеңгелине түшүп кордукта жашай берет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here