Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (7-бөлүк).

336
0

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (7-бөлүк).

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

3 –  Үммөт кызыкчылыктарын табанний кылуу:

“Үммөт кызыкчылыктарын табанний кылуу” дегени – ошол саясий хизб Үммөт кызыкчылыктарын жүзөгө чыгара турган шаръий өкүмдөрдү баян кылып бериши. Ушул кызыкчылыктардын эң башында Исламды жашоонун бардык иштеринде толук бойдон колдонуу турат. Расулуллах с.а.в. өзүнө түшүрүлгөн вахий менен кудум ушул ишти кылган. Ошондуктан да ал зат мамлекет тикеленишинен мурда мушриктерге төмөнкү аяттарды тилават кылат эле;

قُلْ تَعَالَوْا أَتْلُ مَا حَرَّمَ رَبُّكُمْ عَلَيْكُمْ ۖ أَلَّا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا ۖ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا ۖ وَلَا تَقْتُلُوا أَوْلَادَكُم مِّنْ إِمْلَاقٍ ۖ نَّحْنُ نَرْزُقُكُمْ وَإِيَّاهُمْ ۖ وَلَا تَقْرَبُوا الْفَوَاحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ ۖ وَلَا تَقْتُلُوا النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ() وَلَا تَقْرَبُوا مَالَ الْيَتِيمِ إِلَّا بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ حَتَّىٰ يَبْلُغَ أَشُدَّهُ ۖ وَأَوْفُوا الْكَيْلَ وَالْمِيزَانَ بِالْقِسْطِ ۖ لَا نُكَلِّفُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا ۖ وَإِذَا قُلْتُمْ فَاعْدِلُوا وَلَوْ كَانَ ذَا قُرْبَىٰ ۖ وَبِعَهْدِ اللَّهِ أَوْفُوا ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ

Айткын: Келгиле, Роббиңер силерге арам кылган нерселерди окуп берейин, Ал Затка бир да нерсени шерик кылбагыла; ата-энеге жакшылык кылгыла; балдарыңарды кембагалдыктан (коркуп) өлтүрбөгүлө – силерге да, аларга да Биз ырыскы беребиз – бузук иштердин ашкересине да, жашыруунуна да жакындабагыла; Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жандыктарды өлтүрбөгүлө, бирок ак менен (т.а. өч алуу үчүн, же динден кайтканы, же никесиз-зына кылганы үчүн шарият өкүмү менен өлтүрүшүңөр мүмкүн). Балким акыл жүгүртөөрсүңөр деп силерди мына ушул нерселерге буюрду. Жетимдин малына тээ ал бойго жеткенге чейин эң жакшы жол менен гана жакындашкыла (этияттык менен мамиле кылгыла)! Өлчөө жана таразаны адилеттик менен толо тарткыла! Биз эч бир жанга мүмкүнчүлүгүнөн тышкары нерсени жүктөбөйбүз. Сүйлөгөнүңөрдө (күбөлүк бергениңерде) мейли тууганыңар болсо да адилеттүү болгула! Аллахка берген убадаңарды аткаргыла! Балким эскертме (насыят) аларсыңар, деп силерди мына ушул нерсеге буюрду ”.[6:151-152].

وَإِذَا الْمَوْءُودَةُ سُئِلَتْ () بِأيّ ذَنْبٍ قُتلَتْ

Тирүүлөй көмүлгөн (ар бир) кыздан кандай күнөө себептүү өлтүрүлгөнү суралганда…”.[81:8-9].

Расулуллах с.а.в. мушриктерге мына ушуга окшогон – адамдардын кызыкчылыктарын коргоону камтыган – аяттарды тилават кылып, хадистерди айтат эле.

ХИЗБ мүчөлөрү тарабынан Үммөт кызыкчылыктарын башкаруу саясий иштер менен болот: анда турмуштук иштерди муалажа кыла турган шаръий өкүмдөрдү баян кылышат о.э. ушул өкүмдөрдү абзел тутууга, аларды колдоно турган мамлекетти тикелөө үчүн аракет кылууга шыктандырышат. Үммөт кызыкчылыктарын кабыл алып, аларды башкаруу – амалда эмес – саясий башкаруу болот. Себеби Үммөттүн жашоосундагы иштерин амалий башкаруу Исламда хизбдер жана шахстардын эмес, мамлекеттин иши. Бирок ХИЗБ жана анын мүчөлөрүнүн иштерди башкаруу кудуретине этибарды каратуу максатында, иштерди башкаруу көрүнүшүн баян кылуу үчүн, Үммөттүн жетекчилигин колго алууга жардам бере турган, шарият уруксат берген иштердин кээ бирлери жардамында амалий башкаруу да хизб жигиттери үчүн жаиз, ал турган ушуга тартылышат.

4 – Кафирлердин пландарын ашкере кылуу:

Даъват менен ачык чыккандан кийин, Куръан аяттары мушриктердин даъватка, Расулуллах с.а.в.га жана ал заттын сахабаларына каршы жашыруун тил бириктирүүлөрүн ашкере кылып түшүрүлө баштаган. Аллах Таала мындай дейт;

وَقَدْ مَكَرُوا مَكْرَهُمْ وَعِندَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِن كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَالُ

Чынында эле, алар (Мекке мушриктери) өздөрүнүн айлакерликтерин кылышты. (Бирок) эгер алардын айла-амалдары себептүү тоолор жемирилип кете турган болсо да, алардын (бул) айла-амалдары Аллах алдында (маалым)”.[14:46].

Аллах Таала алардын кандай арам соодаларын ашкерелеп, мындай дейт;

وَيْلٌ لِلْمُطَفِّفِينَ (1) الَّذِينَ إِذَا اكْتَالُوا عَلَى النَّاسِ يَسْتَوْفُونَ (2) وَإِذَا كَالُوهُمْ أَوْ وَزَنُوهُمْ يُخْسِرُونَ

(Өлчөм жана таразадан) уруп калуучу кимселерге кыйроо-тозок болсун! Алар адамдардан (бирер нерсени) өлчөп алган убактарында толо кылып ала турган, аларга өлчөп же тартып берген убактарында болсо кем кылып бере турган кимселер”.[83:1-3].

Аллах Таала мушриктердин мусулмандарга карата жийиркеничтүү иштерин ачыктап мындай дейт;

إِنَّ الَّذِينَ أَجْرَمُوا كَانُوا مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا يَضْحَكُونَ (29) وَإِذَا مَرُّوا بِهِمْ يَتَغَامَزُونَ (30) وَإِذَا انقَلَبُوا إِلَىٰ أَهْلِهِمُ انقَلَبُوا فَكِهِينَ

Чынында кылмышкер-кафир болгон кимселер ыйман келтирген заттарды (келеке кылып) күлүүчү болушту. Качан (момундар) алардын алдынан өтүшсө, алар бири-бирине көз кысышып ымдап-ишараттар кылышар эле. Качан үйлөрүнө кайтышса (момундарды келеке кылып ызаа бергендеринен) ырахаттанып кайтышар эле”.[83:29-31].

Даъват жүгүн көтөрүүчүлөр мусулмандарга каршы уюштурулуп жаткан фитналарга каршы турушу, Ислам пикирлерин бузуп көрсөтүүгө каршы күрөшүүсү керек. Ал үчүн болсо эл аралык саясат, эл аралык абал о.э. эл аралык майданга ташталган пикирлерден аң-сезимдүү түрдө кабардар болуу талап кылынат. Себеби, бул даъватчылар – жакынкы күндөрдө – Исламды бүтүндөй адамзатка алып чыга турган Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн Үммөт жетекчилигин мойнуна алган Хизбдин МҮЧӨЛӨРҮ болуп эсептелишет.  Ошондуктан, ушул жетекчи мына ушундай улуу жоопкерчилик деңгээлинде болбосо, каршы тараптагылар аны талкалап салышат жана анын ойгонуу жолундагы аракетин сенек кылып коюшат. Хижраттан мурда Рум жана Фарс ортосунда болуп жаткан согуштардын натыйжасы боюнча Абу Бакр р.а. менен Курайш ортосундагы мелдеш кыссасы жана Расулуллах с.а.в. ушул мелдешти макулдашы – даъватчылар эл аралык саясатты жана  эл аралык абалды күзөтүп барышы зарыл экендигине далил болот. Бул тууралуу Аллах Таала да мындай деген;

الم (1) غُلِبَتِ الرُّومُ (2) فِي أَدْنَى الْأَرْضِ وَهُم مِّن بَعْدِ غَلَبِهِمْ سَيَغْلِبُونَ (3) فِي بِضْعِ سِنِينَ ۗ لِلَّهِ الْأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِن بَعْدُ ۚ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ (4) بِنَصْرِ اللَّهِ ۚ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ ۖ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ (5)

Алиф, лам, мим. Абдан жакын жайда Рум жеңилди. (Бирок) алар (румдуктар) бул жеңилүүлөрүнөн кийин бир нече жыл ичинде албетте жеңип чыгышат. Абалкы-акыркы бардык иш Аллахтын (колунда). Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси”.[30:1-5].

Жогорудагы аяттар мына ушул этибарды тастыктап, бул аркылуу эл аралык абалдын келечекте боло турган сүрөтүн сызып берди. Ага ылайык, мусулмандар Ислам мамлекети дүйнөдөгү биринчи мамлекет болушу үчүн Фарс жана Рум үстүнөн Аллахтын нусраты менен үстөм болушат.

Бүгүнкү күндөгү мусулмандардын колунда – эгер алар нусрат шарттарына амал кылышса – Ислам келечеги үчүн анык план жана Аллах Таала тарабынан нусратка болгон убадалар бар. Ушул убадалардын айрымдары катъий. Мисалы, Аллах Таала айтат;

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَىٰ لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا

Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды”.[24-55].

هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَىٰ وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ

Ал Өз Расулун Туура жол жана чындык дин менен бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат”.[9-33].

Ислам дини насроний, мажусий жана яхудий диндеринен үстөм болгону сыяктуу эле, албетте, ал капитализм, социализм жана башкалар үстүнөн да үстөм болот.

Аллахтын мусулмандарга берген убадаларынын айрымдары болсо, зонний. Мисалы, Расулуллах с.а.в. айтат;

تكونُ النُّبُوَّةُ فيكم ما شاء اللهُ أن تكونَ، ثم يَرْفَعُها اللهُ – تعالى -، ثم تكونُ خلافةٌ على مِنهاجِ النُّبُوَّةِ ما شاء اللهُ أن تكونَ، ثم يَرْفَعُها اللهُ – تعالى -، ثم تكونُ مُلْكًا عاضًّا، فتكونُ ما شاء اللهُ أن تكونَ، ثم يَرْفَعُها اللهُ – تعالى -، ثم تكونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً فيكونُ ما شاء اللهُ أن يكونَ، ثم يَرْفَعُها اللهُ – تعالى -، ثم تكونُ خلافةً على مِنهاجِ نُبُوَّةٍ

Силердин араңарда Аллах каалаганча пайгамбарлык уланат. Кийин Аллах каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин зордукчул падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот”. Имам Ахмад риваят кылган.

Мусулмандарга берилген убадалардын дагы бири – Расулуллах с.а.в.дын Константинополдон кийин Рум шаары фатх кылынышы о.э. мусулмандарга каршы яхудий жана насронийлердин чабуулу. Аллах жана Расулу тарабынан берилген бул убадалар мусулмандардын күрөштү тынымсыз улантуу чечимин ого бетер күчөтөт о.э. Ислам мамлекетин тикелөө жолунда даъват жүгүн көтөрүүдө туруктуу болуу үчүн кайратын ого бетер курчутат.

Тафаъул  тарыйкаты: Пикирий күрөш жана саясий күрөш.

Расулуллах с.а.в. тафаъул – Үммөткө таасир өткөрүү баскычында “жамаий сакафат”, “кызыкчылыктарды табанний кылуу”, “пландарды ашкере кылуу” сыяктуу иштерди аткаруу үчүн белгилүү бир тарыйкатты карманды. Ушул тарыйкат пикирий күрөш жана саясий күрөштө өз көрүнүшүн табат.

Пикирий күрөш – бул чалгытуучу пикирлерди кескин каралоо жана аларга карата аёосуз чабуул кылуу. Ошол чалгытуучу пикирлер негизине курулган түшүнүк жана мамилелерге чабуул кылуу андан соң ийри жолдун каршысында туура жолдун планын сызып берүү. Ошондуктан, куру чабуулдун өзү жетиштүү болбойт. Балким, ошол чалгытуучу пикирлердин ката экендигин жана алар Исламга тескери келгени үчүн бузук пикирлер экендигин баяндап берүү, андан соң адамдардын мамилелерин жана алардын жашоосун тартипке салуу үчүн ошол бузук пикирлердин ордун ээлей турган Ислам пикирлерин жана анын өкүмдөрүн баяндап берүү зарыл. Ушул пикирий күрөш акыйдавий пикирлери сыяктуу акыйдадан келип чыккан жана анын үстүнө курула турган пикирлерди да камтыйт.

Пикирий күрөш жамаий сакафатта, кызыкчылыктарды табанний кылууда жана пландарды ашкере кылууда даана көрүнөт. Мунун себеби, ушул үч иштин коомдогу мамилелерди тартиптештире турган пикир жана өкүмдөргө байланышы бар, себеби, коом кайсы өлкөдө болбосун, ал адамдар арасындагы туруктуу мамилелерден турат. Коомду өзгөртүү болсо, ошол коомдогу адамдардын арасындагы мамилелерди тартиптештире турган пикирлерди пикирий күрөш аркылуу өзгөртүү менен жүзөгө чыгат.

Аллах Таала айтат;

 مَا اتَّخَذَ اللَّهُ مِنْ وَلَدٍ وَمَا كَانَ مَعَهُ مِنْ إِلَهٍ إِذًا لَذَهَبَ كُلُّ إِلَهٍ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلا بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ سُبْحَانَ اللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ

Аллахтын баласы жок жана Ал зат менен бирге бир да кудай болгон эмес. Андай болбогондо, албетте ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетип, бири-биринен жогору болуп алышаар эле. Аллах алар айтып жаткан шериктерден пак-таза”.[23:91].

Ал дагы айтат;

وَلَا تَقْتُلُوا أَوْلَادَكُمْ خَشْيَةَ إِمْلَاقٍ ۖ نَّحْنُ نَرْزُقُهُمْ وَإِيَّاكُمْ

Балдарыңарды жокчулуктан коркуп өлтүрбөгүлө – аларга да, силерге да Биз Өзүбүз ырыскы беребиз”.[17:31].

Аллах Таала дагы айтат;

لِّسَانُ الَّذِي يُلْحِدُونَ إِلَيْهِ أَعْجَمِيٌّ وَهَٰذَا لِسَانٌ عَرَبِيٌّ مُّبِينٌ

Чынында, биз алардын: «Куранды Мухаммадга бирээр адам үйрөтүүдө» деп жатканын билебиз. (Бирок алардын бул сөздөрү болбогон негизсиз сөз, себеби) алар жаңсап жаткан адамдын тили бөтөн (ажамий, арапча эмес) бул (Куран) болсо таасын арабча”.[16:103].

Демек, пикирий күрөш мына бул үч аятта төмөнкүдөй шекилде;  жамаий сакафатта “акыйдаларына” чабуул кылууда, кызыкчылыктарды табанний кылууда “жакырчылык себептүү перзенттерди өлтүрүшүнө” чабуул кылууда, кафирлердин пландарын ашкере кылууда болсо, алардын “Куръан Аллахтын каламы эмес, кандайдыр бир кишинин сөзү” деген күмөнүнө каршы чабуул кылууда көрүнүүдө.

Өзгөртүү үчүн мабдаий негизде аракет кыла турган хизб өзүнүн ишмердүүлүгүндө пикирий күрөшсүз ийгиликке жете албайт. Себеби, андан коомдун пикирине жана хиссине өкүмдар болуу, аны тарбиялоо талап кылынган. Бул аркылуу, раъиятка Исламды колдоно турган жана Исламды дүйнө жүзүнө алып чыга турган халифалык мамлекетин курууга даярдоо үчүн, коомду хизб кабыл алган пикирлери аркылуу Ислам шекил-калыбына, исламий көрүнүшкө киргизүү.

Мына ушундан белгилүү болгондой, тафаъул баскычында хизб пикирий күрөш менен Үммөт каршысында өзү табанний кылган түшүнүктөр, өлчөөлөр жана канааттануулар топтомун көрсөтүүгө о.э. Үммөттү да мына ушул топтомду кабыл алуу деңгээлине жеткирүүгө, андан соң Үммөт аркылуу халифалыкты тикелөө үчүн хукм-башкарууну колго алууга аракет кылышы керек болот. Себеби күрөш пикирий болгондуктан, ал куру пикирий күрөш эле эмес, өлчөөлөр, түшүнүктөр жана канааттануулар күрөшү болуп эсептелет. Ошондуктан, бул күрөш умумий алакаларды да, умумий кызыкчылыктарды да өз ичине алат. Себеби, бул күрөш Үммөттү талкалоону эмес, вужуду алардан турган түшүнүктөрдү, өлчөөлөрдү жана канааттанууларды талкалоо аркылуу Үммөттүн бузук вужудун талкалоону көздөйт. Мындан көздөлгөн максат, Үммөт акыйдасы болгон Ислам акыйдасынан келип чыккан түшүнүктөр, өлчөөлөр жана канааттануулардан турган солих вужудду тикелөө. (уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here