Өзгөндө диний көйгөйлөр талкууланды

287
0

Өзгөндө диний көйгөйлөр талкууланды

 Кабар: Акыйкатчы институтунун “Укук кербени” долбоорунун алкагында Өзгөн шаарында уюштурулган жыйында диний көйгөйлөр талкууланды.

Акыйкатчынын маалымат кызматы билдиргендей, тургундар райондун аймагында мусулманчылык көз караштан улам кара чүмбөт кийген кыз-келиндер көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдиришкен. Ошондой эле, үйлөнгөн жаштардан Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын документин сурабай эле молдолор өз билемдик менен нике кыйып жатканын айтып, мыйзам аркылуу буга чек коюп берүүнү суранышкан. Айрым ата-энелер мектепке жоолукчан барган кыздарга тыюу салган учурлар болгонуна арызданышкан.

 Өзгөн райондук администрациясында өткөн жыйынды акыйкатчынын орунбасары Альберт Колопов баштаган укук коргоочулар катышышты. Акыйкатчы кеңсесинин адистери “Укук кербени” долбоору аймактарда эл менен жолугуп, мекеме-ишканалардагы абал менен таанышып жүрүшөт.

 Комментарий: Кыргызстанда ар дайым шайлоонун алдында адамдарды чыныгы көйгөйлөрдөн чалгытуу үчүн Ислам жана мусулмандар о.э. коомдун исламдашып бара жатышы проблемасын көтөрүү адаттагы көрүнүшкө айланып калды. Расмий өкмөт берген убадаларын аткара албай жатышына мусулмандар айыптуу кылып көрсөтмөкчү болушат. А бирок, ошол эле убакта коомдо кумсалар, лесбиянкалар, жынысын алмаштырып жаткандар, агасы карындашын зордукташына о.э.  экономикалык кыйынчылыктар себептүү өзүн-өзү өлтүрүү абалдары көбөйүп бара жатышына көңүл бурулбайт. Акыйкатчы институтун окуучу кыздардын кошбойлуу болуп калышы жылдан-жылга көбөйүп бара жатканы кызыктырбайт, бейкүнөө жарандар айлап-жылдап сот жана тергөөсүз абактарда кармалып жатышы кызыктырбайт. Канчалаган адамдар жан чыдагыс кыйноолор себептүү кылбаган кылмышты моюнга алып, дагы канчасы курулай доомат менен жаза мөөнөтүн өтөп жатканы аларды кызыктырбайт.

 Аларды кызыктырган жана алардын тынчын ала турган абал – бул коомдун исламдашып бара жатышы, мусулмандар күндөн-күнгө өз динин толугураак кабыл алып, шарияттын талабы алкагында адал-арамды айырмалап, Ислам дининин талаптарын толук аткарууга умтулуп жатышы, аялдардын намысын сактап, шарият талабы негизинде кийиниши. Себеби, коомдун исламдашып барышы алардын бузук түзүмү үчүн чыныгы коркунуч болуп эсептелет. Анткени, мусулмандар өз динин тереңирээк түшүнгөн сайын учурдагы бузуку түзүмдү жек көрүүүсү жана бул түзүмгө ишенбестиги күчөп бара берет. Расмий өкмөт болсо өмүрүн узартуу үмүтүндө ар бир абал жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, колунан келишинче Ислам динин жамандап, динине амал кылып жаткан мусулмандарды караңгы, террорист жана экстремист кылып көрсөтүүгө умтулат. А бирок, алардын бул айла-амалдары өздөрүнө каршы иштейт, инша Аллах.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here