БУУ: Афганистан калкынын жарымынан көбү ачарчылык жакасында

367
0

БУУ: Афганистан калкынын жарымынан көбү ачарчылык жакасында

 Кабар: Афганистан калкынын жарымынан көбү (39 млн адамдын 22,8 миллиону) ноябрдан мартка чейин “кризистик ” же “өзгөчө абалдагы” азык-түлүк таңкыстыгына дуушар болушат. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарбасы уюму о.э. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперттери ушундай тыянак чыгарышты.

Анда айтылышынча, кургакчылык, куралдуу жаңжал, COVID-19 пандемиясы жана экономикалык кризис афганистандыктардын жашоосуна терс таасирин тийгизген.

Отчёттун авторлору билдиргендей, Афганистанда ачарчылыктын алдында турган калктын саны апрель айынан бери 37 пайызга көбөйгөн.

Жылдын соңуна чейин беш жашка чейинки 3,2 млн бала тамак-аш жетишпестигинен зыян тартышы мүмкүн, эгер тез арада зарыл болгон жардамдар берилбесе, алардын 1 миллионго жакыны каза болушу мүмкүн.

“Биз убадалар менен адамдардын курсагын тойгуза албайбыз: убадалар чыныгы акчага айланышы керек жана бул кризисти эл аралык коомчулук биргеликте жөнгө салышы керек ”, – деди Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли.

Афганистан калкына жардам берүү үчүн айына 220 млн долларга жакын каражат талап кылынат. Кабарларда келишинче, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2021-жылдын башынан бери 10,3 миллиондой афганистандыкка жардам берген.

 Комментарий: АКШ Афганистандагы 20 жылдык баскынчылык согушунда бирер натыйжага жете албай шерменде болуп жеңилген соң, жеңилгенин жашыруу үмүтүндө Талибанды саясий сүйлөшүүлөр столуна тартты. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында АКШ Афганистандан аскерлерин чыгарып кете турган болду. А бирок, АКШ бир эшиктен чыгып кеткени менен экинчи эшиктен кайра кирип, Талибанды өзү каалаган жолго салуу аракетинен кайта элек. АКШ кайрадан кирген арткы эшик – бул эл аралык финансылык уюмдар. АКШ аскерий жол менен баш ийдире албаган кыймылды алардын колу менен моюн сундурмакчы болууда.

АКШ 17-августта Афганистан Борбордук банкынын АКШдагы бардык активдерин тоңдуруп, ушул аркылуу бийликке келген Талибан өкмөтүн миллиарддаган доллар каражаттан куржалак калтырды. Афганистан Борбордук банкынын жалпы запасы апрель айында 9,4 миллиард доллар болгон. Ошол запастын негизги бөлүгү Нью-Йорк федералдык резервдик банкында жана АКШнын башка финансылык институттарында сакталып келген.

 АКШнын артынан – анын экономикалык куралы болгон – Эл аралык валюта фонду 18-августта Афганистанга жардам берүүнү токтотту. Август айынын башындагы чечимге ылайык, аталган фонд пандемия себептүү Афганистанга 460 миллион доллар каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алган эле. Мындан тышкары, валюта фонду 370 миллион доллардык кредиттик долбоорду да токтотуп койду.

 Ошол эле убакта Евробиримдик да Афганистанга мурда белгиленген жардамдарды токтоторун жарыялады.

 Андан кийин Дүйнөлүк банк Афганистанга финансылык жардам токтотулганын билдирди. Дүйнөлүк банк эл аралык коомчулук жана өнөктөштөр менен мамлекеттеги кырдаал боюнча кеңешип иш алып бармакчы экендигин билдирди. Дүйнөлүк банк Афганистанда 20 долбоордун үстүндө иш алып барып жаткан эле.

 Былтыр ноябрь айында чет мамлекеттер Афганистанга 4 жылдын ичинде 12 миллиард доллардык гуманитардык жардам берүүнү пландаштырган эле…

 Дүйнөдөгү бардык ачарчылык жана жакырчылыкка себепкер болгон колонизатор мамлекеттер менен алардын колундагы куралы болгон финансылык уюмдар өнүгүп келе жаткан же таасирин өткөрмөкчү болуп жаткан мамлекеттерди жасалма түрдө ачарчылыкка жана экономикалык кризиске дуушар кылышат. Андан соң БУУ аркылуу ал мамлекеттерди жакырчылык жана ачарчылык күтүп турганын жар салып, бул кырсыктан куткармакчы болушат. 

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here