Кызыл-Кыя шаарынын тургундары президентке кайрылуу жолдошту

420
0

Кызыл-Кыя шаарынын тургундары президентке кайрылуу жолдошту

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургундары Хизб-ут-Тахрир саясий партиясына мүчөлүккө айыпталып камалган алты мусулмандын бошотулушун талап кылып нааразылык акциясына чыгышты. Окуяны чагылдырган видео тасма социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Нааразылыкка чыккан тургундар камакка алынган жигиттер пандемияда, чек ара окуясында калктын жүгүн көтөрүп, ар дайым муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип келишкенин билдиришти. Ошондой эле, экстремисттик айыптар туура эмес тагылып жатканын, орган кызматкерлери куру доомат менен аларды кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышканын айтышты.

Комментарий:

Садыр Жапаровго чейин бийликке келген президенттер да өздөрүнүн башкаруудагы ийгиликсиздигин жашырууда о.э. мамлекеттеги саясий-экономикалык кризистерден элди чалгытууда “экстремизм” жана “терроризм”ге каршы күрөштү курал кылып алышат эле. Мисалы, Атамбаев 2014-жылы Россиянын басымы астында мамлекетти карапайым калк үчүн эч кандай пайдасы болбогон ЕАЭБге алып кирердин алдында дал ушундай ыкманы колдонуп, муслималарга карата “аңчылык” баштаган. Атамбаевден бийликти мураска алган Жээнбеков да Россиянын басымы себептүү жана эл аралык уюмдар бере турган жардамдарды алуу үчүн Ислам жана мусулмандарга, алардын арасында аялдарга каршы күрөштү улантты. Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшкөн Атамбаев жана Жээнбековдор кандай тагдырга туш болгонунан сабак албаган Садыр Жапаров да ошолордун изи менен жүрүп, ошол күрөштү улантууда. Бийликке келе электе “бир жылда мамлекеттик экономиканы көтөрөм, Кыргызстанды беш жылдын ичинде карыз алуучу мамлекеттен карыз берүүчү мамлекетке айландырам” деген убадаларды берген Жапаров бийликке келгенден бери бир да убадасын аткарбады. Тескерисинче, ал бийликке келгенден бери баалар асмандап, карапайым калктын жашоо деңгээли төмөндөп, жумушсуздук өсүп, экономика сенек болуп калды. А бирок, бийлик бул көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна Ислам жана мусулмандарга каршы күрөш менен алектенүүдө.

Түпкүлүгүндө, “экстремизм” терминин Исламга каршы күрөшүү үчүн Америка ойлоп тапкан. А Россия аны өз кызыкчылыгы жолунда иштетип, аймакта мусулмандарды өз таасири астында кармап туруу үчүн жасалма теракттарды уюштуруу менен өзүнүн позициясын бекемдеп келет. Анын бул кызыкчылыгын ага малай акимдер өз күрсүсүн сактап калуу максатында айрыкча шайлоо алдында ишке ашырып келет.

Орусия жана Кыргызстан мүчө болгон ШКУ уюмунда “экстремизм” терминине «Ыңгайлуу убакыттан пайдаланып бийликти күч менен басып алуу же ушул сыяктуу аракеттерди ишке ашыруу о.э. конституцияны бузуу жолу менен бийликти ээлеп алуу аракеттери. Ушул максатка жетүү үчүн куралдуу уюмдарды түзүү же ага мүчө болуу» деп аныктама берилген. (Шанхай конвенциясы 15.06.2001.)

Демек, бул аныктамага карасак, бийликти 2005, 2010, 2020-жылдары басып алган саясий топтор экстремисттер болуп эсептелет. А бирок, ар келген бийлик күрсүгө отурары менен экстремизм шылтоосу астында мусулмандарга каршы күрөш жүргүзүшөт.

Жыйынтыктап айтканда “Экстремизм” бир куфр термини болуп, ал ушул учурда жалаң гана Исламга жана мусулмандарга каршы иштетилип жатат. Бирок ушул терминге түшө турган (экстремисттик) жол менен бийликке келгендерге болсо этибар берилбейт. Тескерисинче, эл аралык саясат басымы астында алардын демократиялык акы-укуктары мамлекет тарабынан кепилдениши талап кылынат. Демек, “Экстремизм, терроризм…” терминдери артында демократияга негизделген капиталисттик дүйнөлүк башкаруу системасы турат. Алар Исламдын дүйнөлүк башкаруу системасына кайтышынын алдын алыш үчүн иштетилет. Ошондуктан, мусулмандар бул терминдерден пайдалануулары жана бири-бирин ушундай атамалар менен атап, куфрга кызмат кылуулары арам! Мындай атамаларды, ал тургай, күндөлүк жашообузда колдонбошубуз керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here