Вакциналар согушу

242
0

Вакциналар согушу

 Кабар: Коронавируска каршы ZF-UZ-VAC2001 аталышындагы өзбек-кытай вакцинасы менен эмделген жарандар ажылык жана умра зыяраты үчүн Саудияга кире алышпайт. Буга аталган вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) каттоосунан өтпөгөнү, бул препаратты Саудия расмийлери тааныбаганы себеп болууда.

 Коронавирус менен күрөшүү штабынын мүчөсү Нурмат Отабеков Vaksinauz Telegram каналынын катталуучусуна жооп берип жатып, ZF-UZ-VAC2001 вакцинасын ДССУнун каттоосунан өткөрүү үчүн зарыл болгон документтер тапшырылганын билдирген.

“Эгер ДССУ бул вакцинаны тааный турган болсо, анда бул маселе табигый түрдө чечилет. Учурда диний комитет тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Саудиянын расмийлери менен эмдөөдөн өткөндүгү туурасындагы сертификаттарды таануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, – деген Н. Отабеков.

Эр-Рияд тааныган вакциналар арасында Pfizer/BioNTech (АКШ/Германия), AstraZeneca (Британия), Moderna (АКШ) жана Johnson&Johnson (АКШ) препараттары бар.

 Комментарий: Коронавирус пандемиясы дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан колонизатор мамлекеттерге жана алардын жетекчилери болгон ири капиталисттерге киреше булагы болуп калды. Колонизатор мамлекеттер жаңы базар үчүн атаандашып жаткан капиталисттерге башка мамлекеттердин эшиктерин ачып берүү үчүн өздөрүндө өндүрүлгөн жана АКШнын куралы болуп эсептелген ДССУнун каттоосунан өткөн вакцина менен эмделгендер гана өлкөгө киришине уруксат берип, малай акимдерден да ушуну талап кылышууда.

 Мисалы, АКШ Азык-түлүк продукцияларын жана дары-дармектерди көзөмөлдөөчү башкармалыгы тарабынан тастыкталган жана ДССУ макулдаган – Pfizer жана BioNTech, Moderna о.э. Johnson & Johnson дон башка вакцина менен эмделгендер мамлекеттин аймагына киришине тыюу салып койду. ДССУ болсо алты вакцинаны макулдаган. Алар, Pfizer жана BioNTech, AstraZeneca, Индиянын Serum, Johnson & Johnson, Moderna жана Кытайдын Sinopharm компаниялары чыгарган вакциналар.

 О.э. Евробиримдик да өзүнүн аймагында каттоодон өткөн вакциналардын бири менен эмделгендерди гана киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Алар – BioNTech/Pfizer, Moderna, AstraZeneca жана Johnson & Johnson вакциналары.

Евробиримдик Россия жана Кытай вакциналарын Европа калкын эмдөө үчүн колдонулуучу дарылар катарына киргизүүнү каалабастыгын жарыялады.

Еврокомиссиянын өкүлү Эрик Мамер “эмдөө стратегиясына Евробиримдиктин аймагында өндүрүлгөн дарылар гана кирет” деди.

“Биз вакциналар боюнча Евробиримдикте вакцинаны өндүрүүчү мамлекеттер менен гана келишимдерди түзөбүз.  Россия же Кытай менен сүйлөшүүлөрдү өткөрбөйбүз. Алар эч качан Евробиримдиктин эмдөө стратегиясынын бир бөлүгү болушпайт”, – деди Мамер.

 Фармацевтикалык компаниялар колонизатор мамлекеттердин колдоосу астында үлкөн кирешелерге ээ болуп жатышат. “The People’s Vaccine Alliance” кыймылынын отчётунда келишинче, коронавируска каршы вакцина чыгарган фармацевтикалык компаниялардын кирешеси себептүү жаңы тогуз миллиардер пайда болгон. Ошол жаңы миллардерлер катарында Кытайдын “CanSino Biologics” компаниясынын үч негиздөөчүсү, Американын “Moderna” компаниясынын төрт өкүлү, “BioNTech” компаниясынын башчысы жана испаниялык “Rovi” фармацевтика компаниясынын башкы директору кошулган. Ал миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жеткен.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here