(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).
Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты
(6-бөлүк).
Амирге итаат кылуу ошол амирдин өзүнө гана итаат кылууга чектелбейт. Ал амир дайындаган жооптуулардын баарына итаат кылууну да өз ичине алат. Себеби, мусулмандардын мамлекет башчысы катары Расулуллах с.а.в. мындай деген;
ومَن أطاعَ أمِيرِي فقَدْ أطاعَنِي، ومَن عَصَى أمِيرِي فقَدْ عَصانِي
“ … жана ким менин амириме итаат кылса, анда мага итаат кылганы, ким менин амириме асийлик кылса, анда мага асийлик кылганы”. Бухарий риваяты.
Ъамм же хосс амир болушуна карабастан, залим амирге итаат кылуу анын зулумуна моюн сунууну же анын шариятка каршы чыгышына сүкүт сактоону түшүндүрбөйт. Тескерисинче, Ислам ошол итаат менен биргеликте амирлерди катуу мухасаба кылууга да чакырат. Аллах Таала айтат;
كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ
“Силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар: маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер”.[3:110].
وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ
“Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун”.[3:104].
وَالْمُؤْمِنُونَ وَالْمُؤْمِنَاتُ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۚ يَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ
“Мумин жана муминалар бири-бирине дос. Алар (бири-бирин) маъруфка буюрушат жана мункардан кайтарышат”.[9:71].
Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат;
من رأى منكم منكراً فليغيره…
“Силерден ким мункарды көрсө, аны өзгөртсүн….”. Муслим риваяты.
لَتَأْمُرُنَّ بالْمَعْرُوفِ، ولَتَنْهَوُنَّ عَنِ المُنْكَرِ، أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللَّه أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَابًا مِنْهُ، ثُمَّ تَدْعُونَهُ فَلا يُسْتَجابُ لَكُمْ
“Албетте силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар, же албетте Аллах Таала силерге Өзү тараптан болгон азапты тездетет. Андан соң силер дуба кыласыңар, акыбетте дубаларыңар кабыл болбойт”. Термизий риваяты.
كَلَّا، وَاللَّه لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ، وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، ولتَأْخُذُنَّ عَلَى يَدِ الظَّالِمِ، ولَتَأْطرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ أَطْرًا، ولَتَقْصُرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ قَصْرًا
“Жок! Аллахка касам, силер албетте маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар, силер албетте залимдин колунан кармап акыйкатка моюн сундурасыңар жана акыйкатка чектейсиңер”. Абу Давуд риваяты.
Амирлерди мухасаба кылуу важиб. Ар кандай жамааттын маъсият жана куфрдан башка орунда амирине итаат кылышы важиб болгону сыяктуу эле, өзүнө амир кылып алган амирди – ъамм болобу, хосс болобу айырмасыз – мухасаба кылышы да зарыл. Эгер амир кылып шайлангандар амирди мухасаба кылууда мококтук кылышса да, маъруф иштерде амирге итаат кылышпаса да жана ага итаат кылуудан моюн толгошсо да бирдей күнөөкөр болушат. Расулуллах с.а.в. айтат;
من خلع يدًا من طاعة الله لقي الله يوم القيامة، لا حجة له
“Ким итааттан баш тартса ал Кыямат күнү Аллах Таалага хужжатсыз абалда жолугат”. Муслим риваяты.
Анткени, итаат кылууда жамааттын вужудун сактап калуу о.э. амирге көмөк көрсөтүү касиети бар. Мухасабада болсо, шаръий тарыйкат негизинде түз жүрүү кепилдиги бар.
Халифа же андан башка макамдагы амирди бийликтен бошотуунун эки абалы бар:
Биринчиси; Эгер амирдин абалы өзгөрүп, аны амирликтен чыгарып жибере турган деңгээлге түшүп калса, ал амирликтен четтетилет. Мындай абалда анын бийликтен кетиши жөнүндө өкүм чыкпаган болсо да, анын абалынын өзү ошол убактан баштап аны жоопкерчиликтен четтетет. Натыйжада ага итаат кылуу важиб болбой калат жана анын буйруктары да аткарылбайт. Мисалы, эгер ал Исламдан кайтып, муртад болсо же толук акылынан адашып, мажнун болуп калса же душмандын колуна түшүп, туткун болуп, ал туткундуктан кутулуунун эч кандай чарасы болбосо, амир бийликтен кетет. Себеби, жогорудагы ушул үч абал, үч сыпаттын ар бири амирлик акдына жана анын рукндарына тескери келет. Буга окшогон абалдар жүз берген убакта амирлик акды батыл болот. Ошондуктан, амир кылып шайлоочу момундар мындай амирге итаат кылуудан азат болушат.
Экинчи абал: амирдин истиъфасы (отставкага кетиши) важиб болуп кала турган абал. Мында амирдин абалы өзгөрүп, бул өзгөрүү аны амирликтен чыгарып жибербейт, бирок анын амирликте калышы да шаръан жаиз болбой калат. Мисалы, анын фасыктыгы анык болуп калса же анын үстүнө бир зордукчул өкүмдар отуруп алып, анын амирлик иштерин жүргүзүшүнө тоскоолдук кылса, натыйжада ал амирлик милдеттерин аткарууга алсыздык кылып калса, же ал аял кишиге айланып калса, же болбосо, эркек же аял экендигин ажыратуу кыйын болгон хунасага айланып калса, андай амирдин бийликте калышы шаръан жаиз болбой калат. Бирок, ушул абалдардын кайсы бири жүз берсе, ошол жүз берген абал боюнча, ал чындап эле болгону жөнүндө далил керек болот. Анын далили болсо, шарият амирдин үстүнөн доо арызды жана анын истиъфасын карап чыгуу укугун берген уюмдун алдында чечилет.
Мына ушул жогоруда айтылгандар амирлик өкүмдөрүнө, хизб амирине итаат кылууга о.э. хизб табанний кылган өкүмдөр, пикирлер жана райъларды табанний кылууга, амирге каршы чыгуу же анын амирлигинен чыгууга, же болбосо, амирдин истиъфага чыгышына тиешелүү болгон пикирлер. Ал эми табаннийден башка орундарда болсо, ар бир мусулмандан – ал хизб мүчөсү болобу же жокпу, айырмасыз – өзү аткарып жаткан ар бир иштин же жашоодо өзү муктаж боло турган ар бир нерсенин шаръий өкүмүн билиши талап кылынат. Хизб бул өкүмдү табанний кылабы, же жокпу, мунун этибары жок. Себеби, хизбдин өзүнө керек боло турган белгилүү бир пикир жана өкүмдөрдү табанний кылышы мусулмандан – жеке адам катары – мына ошол өкүмдөр гана талап кылынышын түшүндүрбөйт. Тескерисинче, мусулман үчүн – ал хизбий болобу же хизбий болбойбу, айырмасыз – жеке адам катары керек боло турган пикирлер, райълар жана өкүмдөрдөн башка өкүмдөр да (коомду) өзгөртүү жана ойгонуу үчүн аракет кылып жаткан саясий хизб үчүн керек болушун түшүндүрөт.
Экинчи баскыч
Тафаъул баскычы; (Үммөткө иштөө жана ага таасир өткөрүү баскычы) Бул баскыч төмөнкү багыттар менен жүрөт;
Нуктатул интилак (жайылуу чекити). Бул баскычтагы иштер;
Муракказ сакафат берүү.
Жамаий сакафат берүү.
Куфр пландарын ашкере кылуу.
Үммөт кызыкчылыктарын табанний кылуу жана акыркысы;
Нусрат талап кылуу.
а) Нуктатул интилак: (жайылуу чекити): Хизб көтөрүп жаткан мабдаъ хизб мүчөлөрүндө калыптанып, ушул мабдаънын пикирлери хизб мүчөлөрүнүн алдында түшүнүктөргө айлангандан кийин хизбийлер жашоодо мына ушул түшүнүктөр негизинде жүрүшөт. Мына ошондон кийин ушул түшүнүктөр табигый түрдө коомго да көчүп өтөт. Себеби, АДАМ жашоосун тартипке сала турган мабдаъга ыйман келтиргенден кийин бул мабдаъ анын ичинде сакталып калышы мүмкүн эмес, тескерисинче, бул анын ичинде жарылат жана айланасындагы адамдарга да таасирин тийгизет. Мына эми, ушул мабдаъны көтөрүп чыгып жаткан күч өзгөртүү үчүн аракет кылып жаткан САЯСИЙ ХИЗБ болсо кандай болушун бир элестетип көрүңүз!
Расулуллах с.а.в. ыйман келтирген адамдарды исламий сакафат менен сакафаттагандан кийин Аллах Тааланын мына бул аяттары түшүрүлдү;
وَأَنذِرْ عَشِيرَتَكَ الْأَقْرَبِينَ
“ дагы эң жакындарыңды (тууган-урук, дос-жар) акырет азабынан эскерткин ”.
فَاصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ
“Демек, сен өзүңө буйрулган ишти (т.а. Акыйкат динге даъват кылууну) аткар жана мушриктерден жүз үйүр ”.[15:94].
Мына ошондон кийин Расулуллах с.а.в.дын интилак нуктасы (жайылуу чекити) Мекке коомуна каратылды. Меккеликтер топтолуп турганда аларга мындай хытаб кылды;
يَا مَعْشَرَ قُرَيْشٍ، اشْتَرُوا أَنْفُسَكُمْ ، لاَ أُغْنِي عَنْكُمْ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ، يَا بَنِي عَبْدِ مَنَافٍ لاَ أُغْنِي عَنْكُمْ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ، يَا عَبَّاسُ بْنَ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ لاَ أُغْنِي عَنْكَ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ، وَيَا صَفِيَّةُ عَمَّةَ رَسُولِ اللَّهِ لاَ أُغْنِي عَنْكِ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ، وَيَا فَاطِمَةُ بِنْتَ مُحَمَّدٍ سَلِينِي مَا شِئْتِ مِنْ مَالِي لاَ أُغْنِي عَنْكِ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا
“Эй Курайш жамааты! Өз жаныңарды өзүңөр сатып алгыла. Мен силерди Аллахтан эч качан куткара албаймын. Эй бани Абду Манаф, мен силерди Аллахтан эч качан куткара албаймын. Эй Аббас ибн Абдул-Мутталиб, мен сизди Аллахтан эч качан куткара албаймын. Эй Расулуллахтын эжеси Сафия, мен сизди Аллахтан эч качан куткара албаймын. Эй Фатима бинти Мухаммад, малымдан каалаганча сура, бирок мен сени да Аллахтан эч качан куткара албаймын”. Бухарий жана Муслим риваяты.
Андан соң Расулуллах с.а.в. меккеликтердин бут-санамдарына жана Меккенин чоңдоруна о.э. алардын жаман адаттарына каршы чабуулга өттү. Ошентип, Ислам пикирлери куфр пикирлери менен жекеме-жеке күрөшө баштады.
б) тафаъул баскычындагы иштер;
Муракказ сакафат берүү.
Жамаий сакафат берүү.
Үммөт кызыкчылыктарын табанний кылуу.
Куфр пландарын ашкере кылуу, андан соң;
Нусрат талап кылуу.
Муракказ сакафат:
Муракказ сакафат ушул баскычта да хизбдин пикирий жана саясий вужудун коргоо үчүн о.э. мамлекет курулганга чейин да, мамлекет курулгандан кийин да Үммөттү жетектөөгө кудуреттүү болгон мумтаз исламий шахсияларды пайда кылууда токтобостук үчүн кудум мурунку баскычтагы сыяктуу уланат.
Жамаий сакафат берүү:
Расулуллах с.а.в. ушул баскычта сахабаларга исламий сакафат берүүнүн катарына өздөрү жашап жаткан коом үчүн да жамаий сакафат берүүнү кошту. Ал үчүн ажылык мавсумунда, массалык жайларда Ислам пикирлеринен сөз баштап, жахилият ишенимдеринин жана жахилий пикирлердин ката экендигин адамдарга түшүндүрө башташты. Бул болсо, өзүнөн-өзү Ислам пикирлери менен куфр пикирлери ортосунда карама-каршылыктар пайда болушуна себеп болду. Бул карама-каршылыктардан болсо, айрым мушриктердин Исламга кириши, айрымдарынын болсо, текебердиги ашып, өздөрүнүн куфрун дагы да бекемирээк кармашына алып барды. Бул болсо, эки тарап ортосундагы күрөштү пайда кылды. Натыйжада, мушриктер Расулуллах с.а.в.га жана мусулмандарга ар түрдүү жолдор менен азар жеткире башташты. Бул арада араб жарым аралы эле эмес, Рум жана Фарс да Ислам даъватын угушту.
Интилак нуктасынан кийин жана коомго киришилгенден кийин хизбдин Үммөт жана шахстардын саясий жана пикирий аң-сезимин өстүрүү үчүн Үммөт кызыкчылыктарын табанний кылуу, куфр пландарын ашкер кылуу сыяктуу о.э. хизбийлерге мураккказ сакафат берүү менен бир катарда жамаий сакафат менен да алектенүү сыяктуу саясий иштерди кылышы натыйжасында коомдун ушул даъват пикирлерине карата реакциясы башталат. Бул болсо, коомдогу маглута-чалгытылган пикирлер менен хизб даъват кылып жаткан Ислам пикирлери ортосунда өз ара карама-каршылыктар пайда болушуна алып барат. Хизбдин мындан көздөгөн максаты Үммөттү Ислам казанына салып эритүү жана анагы райълар, пикирлер жана этикаддарды хизб табанний кылган жосунда бириктирүү. Ошондо хизб үчүн массалык таяныч (Үммөт таянычы) пайда болот о.э. хизб пикирлерине карата умумий аң-сезимден келип чыккан раъй ъамма жүзөгө чыгат. Мындан көздөлгөн максат болсо, салтанатты ээлөө жана өкүм-башкарууну колго алуу. Башкачараак айтканда, Исламга болгон ишеними ойгонуп, хизбди кабул алгандан кийин Үммөт өзүнүн үстүндө Ислам менен өкүм жүргүзүү үчүн тизгинди хизбге тапшырышы керек. Расулуллах с.а.в. Мединага элчи кылып жиберген Мусъаб ибн Умайр р.а. кудум ушул ишти кылган. Ал Ислам негизиндеги умумий негизди о.э. Исламга болгон умумий аң-сезимден келип чыккан раъй ъамманы пайда кылып алгандан кийин Мединадагы мусулмандар өздөрүнүн үстүндө Ислам менен өкүм жүргүзүшү үчүн Расулуллах с.а.в. келишин ынтызардык менен күтүштү. Ал тургай, яхудий жана мушриктердин эч бири Мединада пайда болгон раъй ъаммадан коркуп, өзүнүн душмандыгын ачык жарыялоого батына алган эмес.
Жамаий сакафат берүү хизбден адамдарга өзү табанний кылган пикир жана өкүмдөрдү мечиттерде, телевидение жана радиодо, базарларда жана ушундай жерлерде ачык эле, кайрат менен хытаб кылууну талап кылат. Хизб өзүнүн бул хытабында адамдарды Ислам мамлекетин куруу аркылуу исламий жашоону баштоонун шаръий тарыйкаты боюнча амал кылууга чакырат. Ал үчүн маъруза, лекция, китеп жана баракчалар сыяктуу бардык мубах услуб жана васиталарды ишке салат. Расулуллах с.а.в. Аллах Тааланын;
فَاصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ
“Демек, сага буйрулгандар тууралуу ачык айткын жана мушриктерден жүз үйүр”, – аяты түшкөндөн кийин өзүнүн тууган-уругуна Ислам жөнүндө ачык айта баштаган. Түрдүү урууларга барып, алардын жашаган жерлеринде, базарларда жана ажылык мавсумдарында аларга айтат эле;
يا بني فلان ، إني رسول الله إليكم ، يأمركم أن تعبدوا الله ولا تشركوا به شيئا ، وأن تخلعوا ما تعبدون من دونه من هذه الأنداد ، وأن تؤمنوا بي ، وتصدقوا بي ، وتمنعوني ، حتى أبين عن الله ما بعثني به.
“Эй баланча коом! Албетте мен силерге жиберилген Аллахтын элчисимин. Аллах силерди Өзүнө гана ибадат кылууга жана Ага эч нерсени шерик кылбоого буюрат. Аллахтын ордуна силер сыйынып жаткан мына бул буттардан баш тартып, мага ыйман келтиришиңерге, менин пайгамбар экенимди тастыкташыңарга жана Аллах мага жиберген нерсени баян кылып бергениме чейин мени коргошуңарга чакырат”.
О.э. аларга Куръан тилават кылып берет эле. Расулуллах с.а.в.дын Мусъаб ибн Умайр, Абу Зарр ал-Гифарий жана Туфайл ибн Амр сыяктуу Меккенин тышкарысына жиберген элчилери да кудум Расулуллах с.а.в. кылган ишти кылышат эле. Ал тургай, Ислам зикири ачык кылынган даъват менен жамаий сакафат берүү натыйжасында соодагерлер, ажылар жана мусапырлар аркылуу Шам өлкөсүндө Румга чейин жана Ирак өлкөсүндө Фарска чейин жетип барды. Бул даъват Мединада Мусъаб ибн Умайрдын аракети астында болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти. Ал тургай, Ислам зикири Мединанын ар бир үйүнө кирип барды. Натыйжада, Исламга киргендер үчүн Ислам элдин талабына айланды. Имам Ахмад Жабирден чыгарган хадисте айтат;
فأتمرنا واجتمعنا وقلنا: حتى متى رسول الله صلى الله عليه وسلم يطرد في جبال مكة ويخاف؟ فرحلنا حتى قدمنا عليه في الموسم، فواعدنا بيعة العقبة…
“Биз кеңешип, бир жайга жыйылдык жана; Аллахтын элчиси качанга чейин Макка тоолорунда куугун болуп жүрөт жана качанга чейин коркунуч астында болот, – дедик. Ошондон кийин биз сапарга аттанып, ажылык мавсумунда ал затка келдик. Натыйжада, акаба байъатына келишип алдык”. Ахмад риваяты.
Даъватты жеткирүүчүлөр муракказ сакафатта Мусъаб ибн Умайр р.а. жеткен ийгиликке жетишүү үчүн бүгүкү күндөгү “динди мамлекеттен ажыратуу” жана коммунисттик акыйда сыяктуу Исламга бүтүндөй карама-каршы болгон акыйдаларга о.э. илманийлик, улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу чалгытуучу пикирлерге, демократия, артка кетүү, террорчулук сыяктуу дин душмандары Исламга жабыштырмакчы болуп жаткан өтө тар, тайыз пикирлерге каршы турушу важиб болот. Мына булардын бардыгына, ар бирине өзүнө ылайыктуу болгон услубдарды колдонгон абалда эч кандай жагынуу жана алдамчылык жолу менен эмес, тескерисинче ачыктан-ачык каршылык кылуу керек. Мындай абалдарда кандай жол тутууну бизге Куръани Карим жана Аллахтын элчиси Мухаммад с.а.в. таалим берген. Аллах Таала айтат;
وَلَا تُجَادِلُوا أَهْلَ الْكِتَابِ إِلَّا بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ إِلَّا الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ
“Ахли китеп менен эң көркөм жосунда талашып-тартышкыла, бирок алардын арасындагы зулум кылгандар менен (кескин мамиле кылышыңар мүмкүн) ”.[29:46].
Алардан зулум кылгандарына Аллахтын мына бул сөзүндө мындай келгендей айтылат;
لعن الذين كفروا من بني إسرائيل على لسان داود وعيسى ابن مريم، ذلك بما عصوا وكانوا يعتدون،
“Бани Исраил арасынан кафир болгон кимселер Давуд менен Иса ибн Марям тили менен каргышка калышкан. Буга себеп алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары”.[5:78].
Аллах Таала насоролор жөнүндө айтат;
لَّقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ ثَالِثُ ثَلَاثَةٍ
“Аллах – үчтүн бири», деген кимселер да анык кафир болушат”.[5:73].
Аллах Таала аларга дос болуп жүргөндөр жөнүндө да мындай деген;
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَىٰ أَوْلِيَاءَ ۘ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۚ وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
“Эй момундар, яхудийлер жана насронийлерди дос тутпагыла! Алардын айрымдары айрымдарына дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте, Аллах залим коумду хидаят кылбайт ”.[5:51].
Чындыгында, Аллах Таала кайрымусулмандардын мавкифин алардын мусулмандарга кылган мамилесине карап белгилеп берген жана ошондуктан аларды эки топко бөлгөн. Аллах Таала айтат;
لَّا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُم مِّن دِيَارِكُمْ أَن تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوا إِلَيْهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ (8) إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُم مِّن دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَىٰ إِخْرَاجِكُمْ أَن تَوَلَّوْهُمْ ۚ وَمَن يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
“Аллах силерди диниңер туурасында силер менен урушпаган жана силерди өз мекениңерден айдап чыгарбаган кишилерден — аларга жакшылык кылууңардан жана аларга адилеттүү болууңардан кайтарбас. Албетте Аллах адилеттүүлүк кылуучуларды сүйөт. Аллах силерди жалгыз диниңер туурасында силер менен урушкан, силерди өз журттарыңардан куп чыгарган жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардамдашкан кимселерден – алар менен достошууңардан кайтарат. Кимде-ким алар менен достошсо, мына ошолор залим кимселердин өзү ”.[60:8-9].
Кайрымусулмандардын айрымдарына жакшылык жана адилеттүүлүк менен мамиле кылабыз. Алар биздин арабызда жашашат жана бизге душмандык кылышпайт. Кайрымусулмандардын айрымдары менен достошуу мүмкүн эмес. Алар мусулмандарга душмандык кылышат, мусулмандарга жана динибизге каршы тил бириктиришет. Алар бүгүнкү күндөгү яхудийлер сыяктуу мусулмандарды өз өлкөсүнөн чыгарып жиберишет. Алар америкалыктар, англистер жана башкалар сыяктуу мусулмандарды өз өлкөсүнөн чыгарып жиберүүгө жардам беришет. (уландысы бар).