Кыргызстан Кытай менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

204
0

Кыргызстан Кытай менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

 Кабар: Кыргызстан Кытай менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт. 15- октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кытайдын тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен бул маселени талкуулады.

 Президенттик администрация тараткан расмий кабарга ылайык, аймактык коопсуздукту камсыздоодо кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине көңүл бурулган.

 Видео конференция форматында өткөн жолугушууда Афганистандагы жагдайга көңүл бурулуп, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөш, киберкоопсуздук жаатындагы кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду. Сүйлөшүүнүн чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат бериле элек.

Комментарий: “Коопсуз шаар-2” долбоору боюнча тендерден уткан Кытайдын “Shenzhen Sunwin” компаниясы 2022-жылдын жаз мезгилинен баштап жети облус, эки ири шаар, 15 кичине шаарча жана 73 калктуу пункттарга жалпысынан 306 видеокөзөмөл жабдыктарын орнотот. Камералар жолдогу эреже бузууларды каттоого алат жана маалыматтар мониторинг борборуна жеткирилет. Ал борборлордогу жетекчи адистер кытайлыктар болору турган иш. Топтолгон маалыматтар кандай сактоону жана кандай максатта пайдаланууну Кытай тарап чечет. Өкмөт адамдарды “маалыматтарды сактоо коопсуздугу камсыздалган, маалыматтар четке чыгып кетпейт” деп тынчтандырууга аракет кылып жатканы менен борбордо иштеген жергиликтүү кадрлар коопсуздукту камсыздамак тургай, долбоордун бузулуп калган жабдыктарын да оңдой алышпайт.

 2019-жылы 21-майда Кыргызстанга сапар менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолугушуу учурунда Чыгыш Түркстан мусулмандары тууралуу сөз кылып: “Бир нече жыл мурда Чыгыш Түркстан терроризм, экстремизм жана сепаратизмден көп жабыр тартты”, – деген эле. Белгилүү болгондой, кудайсыз кытай өкмөтү намаз окууну, орозо кармоону, эркектердин сакалы менен аялдардын хижабын да терроризм жана экстремизмдин белгиси деп эсептейт. Кыргыз өкмөтү менен боло турган кызматташтыкта да, ошол исламий баалуулуктар жайылышынын алдын алууну о.э. Кытайга каршы маанай жаратууда негизги орунду ээлеген исламий жамааттар менен активдүү мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылары анык.

 Кыргыз өкмөтүнүн Россия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын  ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайлык компанияларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Ошол себептен да буга кайдыгер карап жатышат. Чындыгында Кытайдын баскынчылыгы активдүү түрдө кирип келе жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here