Тунис режими саясий жана идеологиялык күрөштө ийгиликсиздикке учурап, эми Хизб-ут-Тахрирдин даъватына каршы саясий полициядан пайдаланууда!

176
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис режими саясий жана идеологиялык күрөштө ийгиликсиздикке учурап,
эми Хизб-ут-Тахрирдин даъватына каршы саясий полициядан пайдаланууда!

Тунис Ыңкылап өкмөтү Тунис суверенитетин бузуу жана анын саясий эркин тартып алуу сыяктуу чет мамлекеттердин элчилеринин кылмыштарын токтото албаса да, бирок, саясий активисттерди камакка алууга батынып жатат!

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятында беш Хизб мүчөсү билдирүү себептүү же иш-аракеттери артынан режим тарабынан камакка алынды. Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Ыңкылап өкмөтү идеялык жана саясий жактан Хизб-ут-Тахрирге каршы тура албады, анын үнүн өчүрүү да колунан келбеди. Хизб мүчөлөрүнүн билдирүү же саясий иш-аракеттери себептүү камакка алынышы – мамлекеттин шерменделиги. Бул нерсе жетекчилердин алсыздыгын, конституция жана мыйзамга баш ийүү жөнүндөгү сөздөрү жалган экендигин көрсөтөт. Хизбдин даъваты колонизаторлорду жана алардын жергиликтүү куурчактарын тынчсыздантып, Ислам негизинде рошид Халифалыкты тикелөө аракети Батыштын элчилеринин тынчын бузуп жаткан көрүнөт. Ошондуктан, Батыш Хизбдин үнүн басуу максатында малайларын Хизб мүчөлөрүн камакка алууну буйруду. Хизбдин билдирүүсү бийлик үчүн бири-бири менен күрөшүп жаткан расмий элитанын Батыш өкүмдарлыгына моюн сунуп жатканын ачып таштаган соң, Хизб-ут-Тахрир аракетине тоскоолдук кылмакчы болушту… Хизб Тунистеги саясий кризиске себеп болуп жаткан демократиялык жемкор режимди кулатууга чакырып, Ислам менен өкүм жүргүзүү аркылуу исламий жашоону кайра баштоого чакырууда. Хизб-ут-Тахрирге жана анын Исламды бийликке алып келүү даъватына каршы Буркиба, Ибн Али, Сабсий сыяктуу мурунку режимдер да күрөшүп, баары кыйрашты. Бирок, Хизб даъваты жана жигиттери дагы эле бар. Бүгүн Кайс Саид да ошол эски жолдон басууга аракет кылып жатат. Аллахтын уруксаты менен, аны да мурункулардын тагдыры күтүп жатат».

Роя гезити, №359, 2021-жыл, 6-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here