Путин: Террорчулар Афганистандан Борбор Азияга жайыла башташы мүмкүн

292
0

Путин: Террорчулар Афганистандан Борбор Азияга жайыла башташы мүмкүн

 Кабар: Террорчулар Афганистандан кошуна өлкөлөргө жайыла башташы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Ирактан, Сириядан ал жерге согуштук тажрыйбага ээ болгон согушкерлер чогулуп жатат. Ошол себептен террорчулар чектеш мамлекеттердеги, анын ичинде, КМШ мамлекеттериндеги кырдаалды да изден чыгарууга, түздөн-түз жайылууга аракет кыла башташы мүмкүн ”, – деди Путин.

 О.э. Афганистан чек арасындагы кырдаалды тынымсыз күзөтүү жана согушкерлерге каршылык көрсөтүүгө даяр туруу маанилүү экендигин белгиледи. Ал үчүн күч түзүмдөрү иштерин координациялоо керек болгон учурда биргелешкен операцияларды өткөрүшү керек.

“Афганистандагы кырдаал жөнөкөй эмес, муну өзүңөр да жакшы билесиңер. Америка аскерлерин алып чыгып кеткен соң өкмөт өз тартиптерин, өз эрежелерин орнотуп жаткан талиптердин колуна өттү. Ошону менен бирге мамлекетте “ИШИМ” курамындагы бир катар эл аралык террорчу топтор ишин улантууда”, – деди Путин.

Россиянын президенти Борбор Азия, Кавказ жана башка региондор үчүн пайда болуп жаткан коркунучтар сентябрдагы ЖККУ жана ШКУ саммиттеринде кеңири талкууланганын айтып өттү. О.э. бул тема алдыдагы КМШ саммитинде да талкууланышын билдирди.

Комментарий: АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгып кеткени менен региондогу мамлекеттер үчүн пайдалуу, ошол эле убакта регионду Россиянын таасиринен кутулууга алып баруучу долбоорлорду ишке ашыруудан баш тарткан жок.Термиз – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар темир жолу курулса региондогу мамлекеттер үчүн Иран жана Пакистандын портторуна жол ачылат. Бул болсо, өз кезегинде Россиянын “каш-кабагына” көз каранды болгон жападан-жалгыз темир жолго альтернативалык жол болуп, регионду оруска көз карандылыктан куткарууга алып барат. Ошол себептен да АКШнын таасири алдындагы Дүйнөлүк банк тарабынан бул долбоорго алгачкы баскычтар үчүн 35 млн доллар каражат бөлүнө турган болду.

Түркмөнстан жаатында болсо, жыл сайын 33 миллиард кубометрге жакын түркмөн газын экспорт кылууга болжолдонгон 1800 км узундуктагы Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия газ түтүгү долбоору бар. Азыр Түркмөнстан газын Россия жана Кытайга гана сатууга мажбур. Эгер аталган долбоор ишке ашса региондогу эң арзан газ болуп эсептелген түркмөн газына дагы үч кардар табылат. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул долбоор ишке ашса түркмөн газы жыл сайын Афганистанга 5 миллиард кубометр, Пакистанга 14 миллиард кубометр, Индияга 14 миллиард кубометр сатыла баштайт. Ошондо Россия газдын баасы жаатында Түркмөнстанга басым өткөрө албай калат.

 Мындан тышкары, Россиянын кызыкчылыктарына тескери келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору да бар. Ушул долбоорлор ишке ашуусу үчүн Афганистанда туруктуулук орноп, мамлекетти башкарып жаткандар менен мамиле жолго коюулушу керек. Ошол себептен да региондогу мамлекеттердин (Тажикстандан тышкары) бардыгы Афганистан менен жакшы кошуналык мамиле орнотууга, дипломатиялык мамилелерди жөнгө салууга аракет кылышууда. О.э. гуманитардык жардамдар, саясий сүйлөшүүлөр аркылуу Афганистанда тезирээк тынчтык жана туруктуулук орношуна салым кошууга аракет кылып жатышат.

 Россия болсо Афганистан менен кошуна мамлекеттерди андан алысыраак кармоого умтулууда. Мында ал сыноодон өткөн ыкма болуп эсептелген “терроризм коркунучун” шылтоолоп, региондогу мамлекеттерди чек араларын бекемдөөгө үндөп жатат. Россия региондогу мамлекеттер менен кайра-кайра аскерий машыгууларды жана саммиттерди өткөрүү аркылуу өзүн региондогу “тынчтыктын гаранты” катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Учурда Россиянын региондо таасирин сактап калуу үчүн аскерий кубатка таянуудан башка чарасы калбады.

 Абдурахман Адилов 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here