Жапаров ЕАЭБ ичинде жалпы газ рыногун калыптандырууну тездетүүгө чакырды

206
0

Жапаров ЕАЭБ ичинде жалпы газ рыногун калыптандырууну тездетүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына онлайн катышты. Ал өз сөзүндө энергетикалык коопсуздук өтө маанилүү экенин баса белгилеп, газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү зарылдыгын айтты.

“Биримдиктин жалпы газ рыногун калыптандыруунун негизги максаттарынын бири – ага мүчө мамлекеттердин газ муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат. Буга байланыштуу, биз жалпы газ рыногунун өз убагында иштеп башташын камсыз кылышыбыз керек жана Кыргызстан газ боюнча бардык өлкөлөр менен макулдашылган эл аралык келишимдин долбоорун кабыл алууну жактайт”.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалыматына караганда, учурда бир куб метр газ 18,05 тыйынды түзүп, өткөн жылдан дээрлик 9 пайызга кымбаттады. Ал тургай, былтыр пандемия себептүү дүйнөлүк базарда газдын баасы түшүп кеткен убакта да Кыргызстанда газ арзандаган жок. “Газпром” убада кылган газдаштыруу иштери да карапайым калктын эсебинен ишке ашырылууда. Үйүнө газ түшүрмөкчү болгон адам газ түтүгүнөн баштап дубалга кагыла турган мыкка чейин алып берүүдө.

Буга чейин Кыргызстан Россиянын “Газпром” компаниясына өлкөдөгү газ тармагын 1 долларга сатып жиберген. Бул тарыхый кыянат – саткын бийлик өз креслосун элдин кызыкчылыгынан жогору коюшунун натыйжасында жүз берген. Россия болсо Өзбекстан газын арзан алып, кайра бизге дүйнөлүк баадан бир нече эсе кымбат сатуу менен бизди да тоноп жатат.

Булардын каршысында, бийлик өз жарандары үчүн газдын баасын арзандатууну суранууга гана жарайт. Анын баасын көзөмөлдөй албайт. Ал эми ЕАЭБ ичинде бирдей тарифти киргизүү Орусиянын кызыкчылыгына каршы келет. Анткени, ар бир өлкөгө саясий басым катары ар кандай бааны колдонуу Орусияга пайдалуу.

Демек, биз газдын баасын дүйнөлүк баа боюнча алуу үчүн алгач Орусияга болгон көзкарандылыктан чыгуу талап кылынат! Ал эле эмес, Исламий мамлекетти тикелөө аркылуу үммөттүн мүлкү болгон табигый газды бардык мусулмандарга бекер берүүгө аракет кылышыбыз зарыл! Бул үчүн Ислам аймактарындагы жүздөн ашык трлн м3 газдын кору жетиштүү!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here