Гвинея төңкөрүшү Анын себептери жана акыбеттери

258
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Гвинея төңкөрүшү

Анын себептери жана акыбеттери

 Устаз Ахмад Хутваний

Мамади Думбуя жетектеген президенттин атайын күчтөрү Гвинея президенти Альфа Кондени бийликтен кулатты. Конде камакка алынып, өкмөт жана анын бардык расмий мекемелери таратылды, конституция токтотулду, мамлекеттин аба жана кургактагы чегаралары жабылды.

Думбуя жетектеген төңкөрүшчүлөр төңкөрүштүн себебин «өлкөдөгү саясий кырдаалдын бузулушу, демократиялык принциптер менен соттордун көз карандысыздыгынын бузулушу, мамлекеттик администрациянын саясатташуусу, калктын жашоо деңгээли төмөндөшүүсү жана эркиндиктердин тебелениши» менен түшүндүрүштү.

Кулатылган президент Альфа Конде үчүнчү ирет президент болуу максатында конституцияга өзгөртүү киргизип, бул аракети менен өзүнө каршы аскерий төңкөрүш жасалышына дагы бир себепти пайда кылды.

Гвинея башка Батыш Африка мамлекеттери сыяктуу чоң стратегиялык мааниге ээ жана ресурстарга бай болуп, бул жагдай колонизатор мамлекеттердин шилекейин агызат. Ошондуктан, бул өлкө көптөгөн эл аралык оюнчулардын таасир тийгизүү, ресурс жана өкүмдарлыкты колго алуу үчүн күрөшүп жаткан кызуу күрөш майданына айланды.

Франция, АКШ жана Британия ортосундагы салттуу күрөш линиясына эми Кытай жана Россия да оор салмак менен кирип келишти. Соңку кездерде Франциянын Африкадагы таасирин жок кылууга каратылган Россия сыяктуу жаңы ири мамлекеттердин сезилерлик аскерий жана экономикалык иш-аракеттери байкалууда. Айрыкча, Америка Россиянын Африкага активдүү аралашып жатканына көз жумууда. Мисалы АКШнын Африкадагы куралдуу күчтөрүнүн (USAFRICOM) командачысы генерал Стивен Таунсенд билдирүү берди. Стивен Таунсенд Конгресстин куралдуу күчтөр комитетинде Африкадагы АКШ-Россия-Кытай күрөшү жөнүндө сүйлөп, мындай деди: «Мен Россиянын атаандаштыгынан көп кабатырланбайм. Орустар Кытайга караганда анчейин маанилүү эмес деп билемин. Себеби, алар узак мөөнөткө проблема жаратпайт. Бүгүнкү күндө жана узак мөөнөткө проблема жарата турган тарап – бул Кытай».

Америка 2008-жылы Мусса Камара төңкөрүшү аркылуу Гвинеяда Франциянын таасирине чекит койгон. Бирок, Америка таасиринин жанында Франция жана Европанын таасири да сакталып калды, бүтүндөй жок болбоду. Кийин ошол төңкөрүштөн бир жыл өтүп Камара кулатылды жана 2009-жылы Секуба Конате төңкөрүш жасап Гвинеяга Франциянын таасири кайтып келди. Кийин 2010-жылы Альфа Конде жалпы шайлоолор аркылуу жана аскерий башкаруудан алыс болгон таризде бийликке келди. Альфа Конде Франция-АКШ таасирлеринин келишилген президенти болду. Муну менен Гвинеяда Франция менен Америка таасири жанаша орноду.

Бирок, Америка Альфа Кондени Россия менен кызматташууга үндөдү… Гвинеяга орус компаниялары жана «Вагнер» жалданма аскерлери киргизилди. Россия Кондего – айрыкча, анын бийлигин узартууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөрдү конституцияга киргизгенден кийин – чоң саясий жардамдарды берди… Франция мындай конституциялык өзгөртүүлөргө каршылык билдирген. Ага карабастан, Конде Россия компанияларына боксит издөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берди. Бул нерсе Франциянын ачуусун келтирди.

Африкадагы Мисир, Борбордук Африка, Эритерия, Мадагаскар, Мозамбик жана Судан сыяктуу Америкага малай же анын күчтүү таасири астында болгон мамлекеттерде Россиянын аскерий базалары курулушуна уруксат берилди. Натыйжада, Гвинея да орустун базалары курулушуна талапкер болгон мамлекеттердин бирине айланды.

Россиянын «Вагнер» жалданма аскерлери Францияга каршы бир нече куралдуу кол салуу операцияларын жасап Африкага кирип келди. Мына ошондо Франция коркунучту сезип – президенттик башкарууну өз колуна алган Россиянын Борбордук Африкадагы сценарийи кайталанбашы үчүн – бүгүнкү төңкөрүш аркылуу Альфа Кондени кулатты.

Накта французча төңкөрүш:

Өткөн жекшемби күнү Франциянын массалык каражаттары Гвинея атайын күчтөрүнүн командачысы Мамади Думбуя президент Альфа Кондеге каршы төңкөрүш жасап, аны камакка алганы о.э. Мамади Думбуя жеке өзү президент Альфа Кондени кулатканы жана аны камакка алганы көрсөтүлгөн видеолорду таратты. Маалымат каражаттары өз президентине каршы төңкөрүш жасаган төңкөрүш жетекчиси Думбуя жөнүндө ушул маалыматтар таратышты: Думбуя өзүнүн бардык идеяларын жана аскерий машыгууларын Франция армиясында болгондо алган… Президент Альфа Конде Думбуяны 2018-жылы Гвинеяга чакырып, элиталык күчтөрдүн командачысы кылып дайындаганга чейин Думбуя Франциянын чет элдик легионунун курамында болгон. Ал кезде бул легион жаңы түзүлгөн эле. Думбуя аскердик окуу жайды Франциянын борбору Парижде бүтүргөн жана көп жыл француз чет элдик легионунда согушкан. Ал француз армиясында он беш жылдык аскерий тажрыйбага ээ. Өзүнүн согуштук билимин жана миссиясын Кот-д’Ивуар, Жибути, Борбордук Африка Республикасы, Афганистан жана башка мамлекеттерде өткөргөн. Думбуя француз күчтөрүндө кызмат кылганда Франция аны (израиль), Сенегал жана Габонго жөнөтүп, коргонууну башкаруу, командачылык жана стратегия боюнча адис катары атайын даярдыктан өткөргөн.

Француздар менен мына ушундай бекем алакада болгон Думбуя француз аялга үйлөнгөндүгү бул алаканы дагы да бекемдеди. Маалымат каражаттарынын кабарына ылайык, Франция Улуттук Жандармериясынын мүчөсү болгон бул француз аялдан Думбуянын 3 перзенти бар.

Маалымат каражаттары кабарлагандай, Гвинеяда болгон бул төңкөрүш капыстан болгон жок. Себеби, Думбуянын Конде режимин кулатуу аракети элиталык күчтөрдү коргоо министрлигинен көз карандысыз кылмакчы экенин жарыя кылган убактан башталган. «Jeune Afrique» гезитинин жекшемби күндөгү санында жарыялагандай, акыркы айларда Думбуянын өзүнүн аскерий бөлүгүн коргоо министрлигинен көз карандысыз кылуу аракети бийлик үчүн күрөшүү коркунучтарын күчөткөн. Гезитте баса белгиленгендей, коргоо министрлиги элиталык күчтөргө көз карандысыздык берүүнү каалабагандан кийин Думбуя менен борбор Конакридеги өкмөттүн ортосунда проблемалар пайда болгон.

Гвинеяны ондогон жылдар колония кылып келген Франция бул өлкөнү анын салттуу таасирине кирген майдан деп карап келет. Гвинея жана Африкадагы башка франкофония мамлекеттери Франция экспорту үчүн ири керектөөчү базар о.э. бул регион Франция жана Европа үчүн нефть, газ жана уран сыяктуу энергия булактарынын бирине айлангандыктан табигый байлык жана ресурстарды колго алуу булагы болуп эсептелет. Мындан тышкары, Гвинея алюминий өндүрүлгөн бокситти экспорттогон дүйнөдөгү эң ири мамлекет.

Чындыгында, Батыш Африка, Жээк, Сахара Россия менен Франциянын ортосундагы таасир жана өкүмдарлык талашуунун жаңы күрөш майданына айланды. 2020-жылы 20-ноябрда Франция президенти Эммануэль Макрон Африкада Парижге каршы маанайды күчөткөн стратегияны алып барууда деп Россияны айыптады.

Бул Россия-Франция күрөшү – АКШнын каалоосу менен – мурунку АКШ-Франция күрөшүнүн ордун ээледи.

Ошентип, Африка ири колонизатор мамлекеттер үчүн күрөш очогу болуп калууда… байлыктары талап-тонолуп, перзенттери кыргын кылынууда… Мында негизинен чоң капиталисттердин каалоолорун жана амбицияларын кандыруу көздөлгөн. Африка калктары бул ири мамлекеттердин ортосундагы күрөштөрдө согуш, качкындык жана ойрондулуктан башка нерсеге ээ болушпайт. Бул жалаң гана өлүм, жакырчылык жана кыйроо алып келүүдө. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here