Ондогон ливандыктар күйүүчү май продукцияларынын таңкыстыгына нааразылык билдирип, жума намазын Сайдадагы күйүүчү май сатуучу жайда окушту

175
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ондогон ливандыктар күйүүчү май продукцияларынын таңкыстыгына жана адамдар кыйын абалда калганына нааразылык билдирип, жума намазын Сайдадагы күйүүчү май сатуучу жайда окушту

 Анадолу маалымат агенттиги хижрий 1443-жылы 26-мухаррам, миладий 2021-жылы 3-сентябрь күнү тараткан  кабарда мындай делет: «Ондогон ливандыктар күйүүчү май продукцияларынын таңкыстыгына нааразылык билдирип жума намазын өлкөнүн түштүгүндөгү Сайда шаарында күйүүчү май сатуучу жайда окушту.

Ливан бир нече айдан бери күйүүчү май продукцияларынын таңкыстыгынан кыйналып келет. Мунун акыбетинде, айрым күйүүчү май саткан жайлар жабылган, айрымдарында адамдар өтө узакка созулган кезекте турушса, көп учурларда жаңжал чыгууда…

Күйүүчү май кризиси бул өлкөдө 2019-жылдын аягынан бери болуп жаткан экономикалык кризистин эң этибарды тартчу акыбеттеринин бири. Бул нерсе финансылык кризиске алып келди о.э. чет элден күйүүчү май продукцияларын импорттоо үчүн керектүү чет элдик валютанын таңкыстыгына себеп болду».

Роя:

Ливан экономикалык жактан чыныгы кризисте жашап жатат. Ливан бир тараптан режимдин жемкорлугунан о.э. проблемалардын чечими үчүн берилип жаткан чечимдердин бузгунчулугунан азап тартууда. Себеби, бул нерселер мамлекетти 100 миллиард долларга жакын карызга батырып койду. Экинчи тараптан болсо, жемкор башчылар коррупциялашкан режимди өз капчыктарын жана курсактарын толтуруу үчүн башкарышууда… Адамдардын азабы, ачкалык жана кордукта жашап жатышканы аларды кымындай кызыктырбайт. Себеби, бул жетекчилер адам эмес, аларды адамдардын катарына кошуп болбойт, алар Расулуллах Aдын:

«قُلُوبُهُمْ قُلُوبُ الشَّيَاطِينِ فِي جُثْمَانِ إِنْسٍ»

«Алардын денеси адам денеси гана, бирок, жүрөктөрү шайтандын жүрөктөрү», деген хадисиндеги кимселердин сыпатына туура келет. Бул кризистер адамдарды ушул жетекчилердин жана алардын кожоюндарынын каалоосуна моюн сундурчу атайылап системалуу түрдө жүргүзүлүп жаткан саясат! Алар адамдардан ушул вакиъликке жана абалга ыраазы болуп, моюн сунууларын каалашууда.

Бул кризистен кутулуунун жолу – жемкорлукка малынган бул бузгунчу режимди түп тамыры менен кулатуу, адамдар бири-бирине каршы туруп күчтөрүн текке жумшоосуна чекит коюу, тескерисинче, күч-кубаттарын ушул башчыларды бирин да калтырбай кулатууга багыттоо о.э. адамдар сабыр кылып, бири-бирин сабырга чакыруу. Сабыр кыйынчылык менен бирге болот. О.э. адамдардын аракеттерин башка исламий өлкөлөрдөгүлөрдүн аракеттерине байлап, Ливанды бийликтеги малай жемкор жетекчилер алып келген туңгуюктан чыгаруу үчүн аракет кылып жаткан Ливандын калыс перзенттери менен байланышуу зарыл. Аллах Таала бизди Өзүнүн жарык күндөрүн көрүүгө Өз уруксаты менен жетиштиргенге чейин, Ливан калкы Уммат жана Умматтын нажаты үчүн аракет кылып жаткандар сабындагы өз ордун сактап калышы жана ушул Шам жеринде бекем турушу зарыл. Муну менен бирге, бузгунчу вакиъликти өзгөртүүгө аракет кылып, ар дайым бул абалга нааразылыгын ачык билдириши зарыл.

 

Роя гезити, №355, 2021-жыл, 8-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here