Суданды ким башкарууда: Европабы же Бурханбы?!

201
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суданды ким башкарууда: Европабы же Бурханбы?!

«Суданий» веб-сайтында хижрий 1443-жылы 24-мухаррам, миладий 2021-жылы 1-сентябрь күнү жарыяланган кабарда мындай делет: «Европа Союзунун Судандагы элчиси Роберт Ван Ден Дул маалымат конференциясында Судан суверендүү кеңешинин төрагасы менен өлкөдөгү саясий жана маанилүү окуялар о.э. премьерминистрдин саясий демилгесин улантуу туурасында сүйлөшкөнүн билдирди. О.э. конституциялык шайлоо комиссиясын түзүү боюнча диалог өткөрүүгө чакырыктар, конституциялык документтин толук аткарылышынын мааниси о.э. өткөөл өкмөттүн мыйзам чыгаруу кеңешин түзүү зарылчылыгы жөнүндө талкуулашкан.

Роберт баса белгилешинче, Судандын стратегиялык орду региондун туруктуулугунун күрөөсү болгонун этибарга алып, чыгыш чегаралардагы жана Эфиопиядагы абал, Түштүк Судандагы окуялар, Африка мүйүзүнүн туруктуулугу жана Кызыл деңиздин коопсуздугу жөнүндө сүйлөшкөн».

Роя:

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосунда ушуларды ачыктады: «Эгер, Бурхан кадыр барктуу мамлекеттин чыныгы жетекчиси болгондо Судандын мамлекеттер аралык иштерине Европа Союзунун элчисинин же башкасынын мурдун тыгышына жол бермек эмес. Бирок, биз курчак рувайбиза акимдер заманында жашап жатабыз, кафир Батыш алардын мойнуна милдеттерди жүктөп, эмне кылуу, эмне кылбоо керектигин көрсөтүп берүүдө.

Ал тургай, бул элчи ушундай бир даражада бетпактык кылды, Бурханга баланча-түкүнчө иштерди буйруу менен гана чектелген жок. Балким, маалымат жыйынында бүткүл массалык маалымат каражаттарына Бурхан менен Судан мамлекетинин майда барат бардык иштерин талкуулаганын айткандан уялбады! Ушундай да кордук болобу, биз ушунчалык ыплас малай режимдердин заманында жашап жатабызбы?!».

Абу Халил: «Судандын Европа Союзундагы бирер мамлекеттиндеги элчиси ошол мамлекеттин чоң же кичине ички иштеринин бирине аралашууга же аларды талкуулоого акысы барбы?», – деп суроо салып, мындай деди: «Мунун жообу ачык-айкын, Судан элчилеринин эч бирине ошол мамлекеттин ички иштери жөнүндө ал тургай сүйлөөгө да уруксат беришпейт. Ошондой болгон соң, биздин акимдерибиз Батыш мамлекеттеринин элчилерине өкмөттүн эң маанилүү иштерине аралашуусуна эмнеге уруксат беришүүдө?! Бул кордук, көз карандылык жана төмөндүк эмеспи?!

Эй акимдер!

Бизге жетекчилик кылууга жана башкарууга таптакыр акылуу эмессиңер. Себеби, биз адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматпыз, маъруфка буюрабыз, мункардан кайтарабыз. Т.а. күч-кудуретке ээ Умматпыз.

﴿وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لاَ يَعْلَمُونَ﴾

«Күч-кудурет Аллахтыкы, Расулунуку жана момундардыкы, бирок, мунафыктар (муну) билишпейт»

                                                                                                                                     [63:8]

Бир замандарда Исламга негизделген Халифалык болгон убакта мамлекетибиз дүйнөнүн биринчи мамлекети эле… Дүйнөнү изгиликке жана адилетке жетектеген, нур жана хидаят жеткирген. Бирок, бүгүн силер сыяктуу акимдердин заманына келип, биз башка умматтарды ээрчип калдык. Бизди маймыл жана доңуздар, тогутка сыйынгандар кемсинтүү менен карай турган, каныбызды төгө турган, намысыбызды тебелей турган, өлкөлөрүбүздү басып ала турган, ыйык жайларыбызды ыплас кыла турган, Пайгамбарыбыз Aды акаарат кыла турган болушту. Силер, акимдер болсо, аларга унчукпай жатасыңар, тескерисинче, кожоюнуңарды алкыштап, бизди алардын динине, кыйроого жетелеп жатасыңар».

Абу Халил сөзүнүн аягында Бурханга минтип кайрылды: «Сен кафир Батышты ыраазы кылуунун ордуна, Роббиңе тообо кыл, Анын ыраазылыгы үчүн аракет кыл. Пайгамбарлык минзажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат берүү менен күнөөлөрүңдү жуу. Ошондо ийгиликке жетүүчүлөрдөн болосуң жана атың Саъд ибн Муаздын аты менен бирге жазылат. Дүйнөдөн өткөндө Рахмандын аршы титиреген бул улуу сахаба Саъд ибн Муаз Исламга нусрат берген жана анын нусрат бериши себептүү Мадинада алгачкы Ислам мамлекети тикеленген. Бүгүн да Ислам нусратка муктаж. Ага нусрат берилсе, Аллах Субханаху ва Тааланын убадасы, Расулубуз Aдын башараты жүзөгө чыгат.

 

Роя гезити, №355, 2021-жыл, 8-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here