ЖККУ саммити: Путин келбесе да…

569
0

ЖККУ саммити: Путин келбесе да…

16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери саммитке чогулду. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери негизги маселе катары Ооганстандагы соңку абалды талкуулашты. Орусиянын президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус чыккан деген шылтоо менен саммитке видео байланыш аркылуу катышты. Путиндин саммитке катышпоосунун түпкү себеби 17-сентябрда башталган Мамлекеттик Думанын, губернаторлордун, аймак жана шаар депутаттарынын шайлоосуна байланыштуу. Башкача айтканда, ички саясат региондук саясаттан абзел болгондуктан катышкан жок.

Жыйындын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним арта турганын билдирди. Жапаровдун бул пикири Кыргызстан Орусиянын позициясына карай иш тута турганын билдирет. Башкача айтканда, Талибан Орусия менен ийкемдүү мамиле жүргүзсө, Кыргызстан да Орусиянын артынан жаңы өкмөт менен кызматташа берет.

Маалымат жыйынында, ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась  бир айдан кийин тажик-ооган чек арасында уюмдун дагы төрт аскердик машыгуусу болорун билдирди. Аны улай саммитке видео байланыш аркылуу катышкан Орусиянын президенти Владимир Путин уюмга мүчө өлкөлөрдүн чек арасында чыныгы коркунуч пайда болгонун билдирди.

Буга чейин Путин Батыштын талибдердин режиминен качкан оогандыктарды АКШ жана Европага виза алганга чейин Борбор Азияга жайгаштыруу сунушун сындап, «биз качкын атын жамынган жоочулардын пайда болушун каалабайбыз», – деп билдирген.

Түпкүлүгүндө, Путиндин камтама болуусу Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу эмес, тескерисинче, качкындар шылтоосу менен Батыштын таасири аймакта күчөп баруусуна байланыштуу. Ошондуктан, чек ара аймактарында кайра-кайра аскердик машыгууларды өткөрүп, аймактагы малай акимдерге эскертүү берип жатат. Демек, Борбор Азиядагы мындай чыңалган абал Орусиянын провакациялык аракеттери менен коштолушу мүмкүн. Маселен, качкындар арасынан жасалма теракттарды уюштуруу ыктымалдан алыс эмес.

Андыктан, Борбор Азия калктары Орусия менен Батыштын таасир талашы астында эзилүүдөн кутулуу жолун издеши керек. Ал эми кутулуунун жападан жалгыз жолу өз Исламдарына бекем жабышып, Халифалык мамлекетин куруу кербенине кошулуу!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here