(“Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты” китебинен)

222
0

(“Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты” китебинен)

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты(уландысы).

Мусулмандардан белгилүү бир шаръий өкүмдөрдү аткарууну талап кылуучу аяттар да Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону жүзөгө чыгаруу важиб экендигине далалат кылуучу далилдерден болуп эсептелет. Мисалы, Аллах Таала айтат;

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قَاتِلُوا الَّذِينَ يَلُونَكُم مِّنَ الْكُفَّارِ

Эй момундар! Жаныңардагы кафирлерге каршы согушкула”.[9:123].

وَأَعِدُّواْ لَهُم مَّا ٱسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍۢ وَمِن رِّبَاطِ ٱلْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِۦ عَدُوَّ ٱللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ

Алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөр барынча күч жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарды коркууга саласыңар”.[8:60].

وَالسَّارِقُ وَالسَّارِقَةُ فَاقْطَعُوا أَيْدِيَهُمَا

Ууру эркекти да, ууру аялды да колдорун кескиле”.[5:38].

الزَّانِيَةُ وَالزَّانِي فَاجْلِدُوا كُلَّ وَاحِدٍ مِّنْهُمَا مِائَةَ جَلْدَةٍ

Зынакер аял жана зынакер эркек — алардан ар бирине жүз балактан ургула”.[24:2].

Расулуллах с.а.в.дын сөздөрү;

مَن أحيا أرضًا ميتةً فَهيَ لَهُ

“Ким өлүк жерди тирилтсе, ал жер ошонуку”. Бухарий жана Муслим риваяты.

Расулуллах с.а.в. дагы айтат;

من بدَّل دينه فاقتلوه

“Ким динин башка динге алмаштырса, аны өлтүргүлө”. Бухарий жана Муслим риваяты. Аллах Таала мусулмандарга амр кылган бул жана ушуга окшогон өкүмдөрдү бир мусулман жалгыз өзү аткара албайт. Айрымдарын бир мусулмандын, жеке адам катары аткарышы жаиз эмес, ал тургай, мындай кылуу арам болот. Себеби, бул нерсе жеке адам сыпатындагы мусулмандын жоопкерчилиги алкагына кирбейт, тескерисинче, бул Халифанын жана ага баш ийген мамлекеттик жихаздын жоопкерчилиги болуп эсептелет. Ал жихазды болсо, Халифалык мамлекети көлөкөсүндөгү Исламий жашоодо гана пайда кылуу мүмкүн. Мындан тышкары;

“ما لا يتم الواجب إلا به فهو واجب”

“Важиб эмне менен ишке ашса, ал да важиб”, – деген шаръий коида да ушул сөзүбүздү тастыктап турат.

Чындыгында, сахабалар Расулуллах с.а.в. каза болгондон кийин ал кишинин ордун баса турган, иштерин уланта турган халифаны тикелөөгө ижмаъ кылышты. Себеби, Расулуллах с.а.в. мамлекет башчысы катары башкарган исламий жашоону улантуу зарыл болчу. Ошондуктан, сахабалар качан халифа шайлаганга чейин Расулуллах с.а.в.дын мубарак сөөгүн жайына узатууну токтотуп турушту. Негизи, шарият анын сөөгүн тезирээк жайына узатууну талап кылат эле. Себеби, халифа жана халифаны шайлоо исламий жашоо уланышындагы эң биринчи негиз,  тараза ташы жана негизги маселе болуп эсептелет. Анткени, мусулмандар Расулуллах с.а.в. дан кийин өздөрүнүн арасында Аллахтын китеби жана Расулунун сүннөтү менен өкүм жүргүзүшү негизинде халифага байъат беришет. Ушул өкүм, ушул принцип Дарул исламдан жоголуп кетпеши керек. Болбосо, Дарул ислам дарул куфрга айланып калат.

Чындыгында жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Ислам исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкатын белгилеп берген. Ушул тарыйкатка Куръани Карим жана Сүннөтү Набавийя далалат кылат. Аллах Таала айтат;

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор нажат табуучулар”.[3:104]. Мадинада түшүрүлгөн Али Имран сүрөсүндөгү бул аят жакшылыкка даъват кыла турган жана маъруфка буюруп, мункардан кайтара турган жамаатты түзүү важиб экендигине далалат кылат. Аяттагы “жакшылык” Исламды, “маъруф” важиб жана мандуб сыяктуу шаръан адал болгон нерсени, “мункар” болсо, шаръан арам болгон нерсени түшүндүрөт. Аяттын соңунда “…..дал ошолор нажат табуучулар” деп жогорудагы иштер менен алектенип жүргөн кишилер макталганы үчүн ушул аят важибдикти ифадалайт. Чындыгында, аят жогорудагы үч амалды аткаруу үчүн уюшкан жамаатты нажат табуучу деп сыпаттады. Андан кийинки аяттар да ушул важибдикти баса белгилеп келген. Аллах Таала айтат;

وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ تَفَرَّقُوا وَاخْتَلَفُوا مِن بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْبَيِّنَاتُ ۚ وَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ (105)

Анык далилдер келгенден кийин бөлүнүп кеткен жана бири-бири менен талашып-тартышкан кишилер сыяктуу болбогула! Андайлар үчүн улуу азап бар”.[3:105] Эгер Ислам үммөтү арасында жогорудагыдай жамаат пайда болбосо, бүтүндөй үммөт бөлүнүп жарылууга дуушар болгон жана бири-бири менен талашып тартышкан яхудий жана насронийлер сыяктуу күнөөкөр болуп, натыйжада катуу азапка дуушар болот.(Аллах сактасын).

Исламга даъват кылуу Исламий жашоону кайрадан баштоого болгон даъватты да камтыйт. Себеби, Исламдын көзгө көрүнө турган феълий вужуду Ислам мамлекети көлөкөсүндөгү исламий жашоону жүзөгө чыгаруу аркылуу гана ишке ашат. Себеби, Исламды(негиздерин) коргоону Аллах Таала өз мойнуна алганы үчүн Ислам тээ кыямат күнгө чейин – адамдардын зээндериндеги, китептердеги же Куръани Карим  жана Хадиси Шарифтеги пикирлер катары – эч качан жашоодон жоголуп кетпейт. Аллах Таала айтат;

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

    “Албетте бул эскертмени (Куръанды) Биз Өзүбүз түшүрдүк жана шексиз Өзүбүз аны сактоочубуз”.[15:9]. Бирок, ушул пикирлердин феълий вужудуна адамдардын сулукунда (жашоо таризинде) о.э. адамзат жашоосунда кээде төмөндүк жүз берет. Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөөгө даъват кылуу ушул вужудду жашоого кайтаруунун шаръий тарыйкаты болуп эсептелет.

    Исламий жашоону кайрадан пайда кылуунун шаръий тарыйкаты бар экендигине дагы бир далил – Расулуллах с.а.в.дын Аллах Таала Ислам менен Меккеге жөнөткөн кездеги иштери жана кыймыл-аракеттери. Куръани Карим буга мындай деп ишара кылат;

قُلْ هَٰذِهِۦ سَبِيلِىٓ أَدْعُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ ۚ عَلَىٰ بَصِيرَةٍ أَنَا۠ وَمَنِ ٱتَّبَعَنِى…

Айткын: Менин жолум ушул. Мен Аллахка даъват кыламын. Мен жана мага ээрчиген кишилер анык хужжатка-ишенимге ээбиз”. [12:108]. Демек, бул тарыйкат – Расулуллах с.а.в.дын жана ал затты ээрчиген мусулмандардын тарыйкаты. Аллах Таала айтат;

وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ

Расулуллах силерге тартуу кылган нерсени алгыла, ал зат силерди кайтарган нерседен кайткыла”. [59:7].

Расулуллах с.а.в.дын Мадинада мамлекет тикелешинен  мурунку сийратын жакшылап үйрөнүп чыккан адамга белгилүү болгондой, Расулуллах с.а.в. асхабдарын Ислам негизинде уюштурган. Алар Расулуллах с.а.в.дын буйруктарына моюн суна турган жамаат болушкан. Ибн Касирдин айтымында, күндөрдүн биринде Расулуллах с.а.в.дын сахабалары топтолушту, ошондо  алардын саны 38 адам болгон. Ошондо Абу Бакр р.а. Расулуллах с.а.в.дан бул чогулган сахабалардын ачыкка чыгышын катуу талап кылган. Ошондо Расулуллах с.а.в.; “Эй Абу Бакр, албетте биз азырынча азчылыкпыз”, – деген. Расулуллах с.а.в. сахабаларды Аркам ибн Аркамдын үйүнө топтоп, аларга Куръан аяттарынан окуп берет эле жана аларга Исламды үйрөтчү. Андан соң Умар ибн Хаттаб Исламга киргенден кийин ачыкка чыгып, Байтуллахты эки сап болуп тооп кылышты. Бир саптын башында Хамза р.а., экинчи саптын башында болсо Умар р.а. болгон. Ошентип, алар жамаат – хизб болушкан. Алардын амири Расулуллах с.а.в. эле. Расулуллах с.а.в. аларды буюрат эле, алар болсо, итаат кылышкан. Мусулмандарды Хабашистанга хижрат кылууга буйруган эле, алар Хабашистанга кетишкен. Мусъаб ибн Умайрды Мадинага барууга, Туфайл ибн Амр ад-Давсийди болсо, өз коомуна кайтууга амр кылган,  алар болсо, кың дебестен итаат кылышкан. Бирок, ал кезде Исламды жеткирүү Расулуллах с.а.в. га гана жүктөлгөн эле. Хижраттан мурда мамлекет куруу үчүн даъват жүгүн көтөрүү сахабаларга фарз эмес, мандуб болчу. Ал эми бүгүн болсо,  Ислам мамлекетин тикелөөгө даъват кылуу фарзи кифая. Ар бир кудуреттүү мусулманга Аллах Тааланын “Силерден….. бир жамаат болсун”, деген буйругунун негизинде мамлекет тикеленгенге чейин ошол мамлекетти тикелөө жолунда уюшкан жамаат менен бирге иш алып баруу важиб болот.

Расулуллах с.а.в.дын сийратын жана шаръий насстарды жакшылап үйрөнүп чыккан киши Ислам мамлекетин тикелөө үчүн болгон даъват бир нече тартиптүү, үзгүлтүксүз баскычтардан турганына күбө болот. алар төмөнкүдөй:

Нуктатул ибтида – муракказ(тартиптүү) сакафат берүү баскычы.

Нуктатул интилак – жайылуу жана Үммөт менен бирге иштөө баскычы.

Нукттатул иртиказ – өкүмдү колго алуу баскычы. (уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here