Кыргызстандын “эгемендүүлүк” күнүнө карата

245
0

Кыргызстандын “эгемендүүлүк” күнүнө карата

1991-жылдан бери 31-август Кыргызстандын көз карандысыздык алган күнү катары белгиленип келет. А Кыргызстан чындыгында эгемендүүбү? Бул суроого тарыхый акыйкаттарга жана терминдик аныктамаларга кайрылуу менен жооп издейбиз.

Алгач, темага тиешесине карай, “көз карандысыздыктын” 20-кылымдагы тарыхына кайрылабыз. 2-дүйнөлүк согуштан бери “көз карандысыздык” (independence) термини колониализмден кутулуу маанисин түшүндүрүп калды. Негизи, бул анын сырткы мааниси гана. Акыйкатта болсо, башка державалардын колонияларын тартып алууга мүмкүнчүлүк жаратыш үчүн, мунун автору АКШ болгон. “Атлантика хартиясы” бул процесстин башталгыч кадамы болуп саналат.

Атлантика хартиясы – антигитлердик коалициянын негизги программалык документтеринин бири. Атлантика конференциясында Британия премьери менен АКШ президенти тарабынан кабыл алынган жана 1941-жылы 14-августта жарыяланган. 24-сентябрда ага СССР кошулган. Бул хартия союздаштар 2-дүйнөлүк согушта жеңип чыккандан кийинки дүйнөлүк тартипти аныктоо үчүн чакырылган. Бирок негизи, бул учурда АКШ согушка кире элек болчу. Ушундан соң, антигитлердик коалицияга синоним катары “Бириккен Улуттар” (United Nations) термини да иштетилип, кийин ал “Бириккен Улуттар Уюмунун” уюткусу болуп калган.

Бул конференцияда АКШ союздаштар тарабында согушка кирүү акысына башка державалардын колонияларына кирип баруу жолдорун ачып коюуну талап кылган. Алар расмий түрдө хартия документинин пункттарында камтылган. Мисалы, алардын айрымдары төмөнкүлөр:

– Суверендик укуктары жана өзүн-өзү башкаруусу күч менен тартып алынган элдердин бул укуктарын кайра калыбына кетирүү. (Бул дегени, АКШнын колониядагы өлкөлөрдү “көз карандысыздык” урааны менен эски колонизаторго каршы тукуруп, аны кайра өзүнө колония кылып алышына мүмкүнчүлүк жаратышы дегени).

– Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн зарыл болгон дүйнөлүк соодага жана сырьёлук ресурстарды алууга бардык мамлекеттердин эркин катышуусу. (Бул башка державалардын колонияларынын сырьёлорун соода аты менен тартып алууга жол ачууну түшүндүрөт).

– Глобалдык экономикалык кызматташтык (Бул башка державалардын колонияларына колонизаторлуктун экономикалык ыкмасы менен кирип барууну түшүндүрөт).

Хартиядагы ушул максаттар согуштан кийин ишке ашырылып баштады. Ал процесстер “деколонизация” аталышы менен белгилүү. Деколонизация Индиядан башталды десек болот. Ал 1947-жылы “көз карандысыздык” алды. Чындыгында болсо, АКШ бул өлкөдө “эгемендүүлүк” көтөрүлүштөрүн көтөрүп баштаганда, Британия Индия менен Пакистанга жасалма эгемендүүлүк берип, бирок, аларды өз чеңгелинде кармап калган. Мындай көрүнүш кийинки бөлүнүп чыккан мамлекеттерде да кайталанган. (Индиядагы АКШ-Британия күрөшү бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Андагы башкаруучу партиялардан “Индия улуттук конгресси” Британияга, ал эми “Индия элдик партиясы” Америкага малай. Пакистанды болсо АКШ толугу менен тартып алган). 60-жылдарга чейинки деколонизация процесси негизинен Азия өлкөлөрүндө жүрдү.

60-жылдары “деколонизация” Бириккен Улуттар Уюму тарабынан күчтүү колдоп-кубатталды. БУУ ушул жылы “колониядагы өлкөлөр жана калктарга көз карандысыздык берүү боюнча декларация” кабыл алды. 1961-жылы АКШ президенти менен СССР жетекчиси Хрущев Венада колонияларды өз ара бөлүшүүгө келишип алышты. Ушундан кийин айрыкча Африкада “көз карандысыздык” алуулар күчөп кетти.

Жогорудан белгилүү болгондой, “көз карандысыздык” күрөштөрү аркылуу АКШ жана СССР тигил жактан Британия менен Франциянын (башка чаканыраак колонизатор мамлекеттердин да) колонияларына кирип барууга жол ачып алышты. Ал эми эски колонизаторлор болсо мунун каршысында, мурунку колонияларындагы таасирлерин сактап калууга, жаңы колонизаторлорду киргизбөөгө аракет кылышты. Мисалы, Британия өз колонияларындагы өлкөлөрдү “Улуттар кызматташтыгы”(Commonwealth of Nations) уюму аркылуу кармап калууга аракет кылды (андагы мамлекеттердин айрымдарына азыр АКШ жарым-жартылай кирип барган болсо, айрымдарын бүтүндөй тартып алган). Франция болсо “Француз коомчулугу” (Communauté française) уюму аркылуу аракет кылды. Ошентип, бул колонизаторлордун мындай колония талашуулары саясий, экономикалык, аскерий, маданий келишимдер аркылуу жүрө турган болуп калды. Бул көрүнүш “неоколонизаторлук” термини менен аталды. Анын курмандыктары болгон мамлекеттер “өнүгүп келе жаткан” же “3-дүйнө мамлекеттери” деп аталды.

Мындан кийин АКШ менен ага атаандаш СССРдин ортосунда “суук согуш” же “кансыз согуш” деп аталган күрөш жүрдү. Мында СССР жеңилүүгө учурады жана кулады. СССР курамындагы союздук республикалар жасалма эгемендүүлүккө жетишишти. Россия болсо өз колонияларын сактап калыш үчүн “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги” (СНГ) уюмун түздү. Бирок, аны менен колонияларын толук чеңгелинде кармап кала албады. Улам таасири таасири тарып бара берди. Андан соң, аскерий жактан ОДКБ, экономикалык жактан ЕАЭС уюмдарын түздү. Анын колонияларындагы мамлекеттер башка эл аралык уюмдарга мүчө болгондугу жана аларга башка колонизаторлордун кирип келүү жолдору ачылгандыгы себептүү, анын таасири дагы да кыскарып барууда.

Башка союздук республикалардын катарында Кыргызстан да жасалма эгемендүүлүк алган жана ал азыр неоколонизаторлук жүрүштөрүнүн бутасы болууда. Кыргызстанда эски колонизатор Россиянын таасири үстөм болгону менен, АКШ ички иштерибизге аралаша ала турган деңгээлде кирип келип калды. Үзөңгү-Куушту алуу менен неоколонизаторлугун баштаган Кытай – бүгүнкү күнгө келип – эң башкы карыз берүүчү, эң башкы инвестор көрүнүшүндө экономикалык экспансиясын жайылтууда.

Демек, 31-август Кыргызстан калкы үчүн эегемендүүлүк күнү эмес, ал неоколонизаторлук күнү.

Ошондуктан, ушуларды эске салуу менен, Кыргызстан калкына кайрылабыз:

Эй Кыргызстан калкы, биз мусулман калкпыз. Биздин колонизаторлуктан кутулуу жолубуз – өз Исламыбызда. Андыктан, баарыбыз биргеликте Исламыбызды үйрөнөлү жана ага амал кылууга шашылалы.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here