Фалестин режими түпкүлүгүндө карамүртөздүк жана зомбулуктан турган куру кечиримдер менен коомчулукту тынчтандырууга урунууда!

201
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин режими түпкүлүгүндө карамүртөздүк жана зомбулуктан турган куру кечиримдер менен коомчулукту тынчтандырууга урунууда!

«Maan News» веб-сайты хижрий 1442-жылы 13-зулхижжа, миладий 2021-жылы 23-июль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Фалестин администрациясынын жарандык иштер министри Хусайн Шайх активист Низар Баннаттын өлтүрүлүшү боюнча кечирим сурап: «Мен президент Абу Мазиндин (Махмуд Аббас) атынан о.э. Фалестин администрациясынын атынан бул окуя үчүн кечирим сураймын жана биз муну кырсык деп билебиз», – деди. Ал: «Бирок, бул сыяктуу окуя дүйнөнүн ар кандай мамлекетинде болот. Бул сыяктуу жаңылыштык Америка, Франция жана дүйнөнүн башка ар кандай мамлекетинде кезигиши мүмкүн», – деп кошумчалады. «Болуп өткөн окуяга мындан башкача жандашуудан о.э. катаны оңдоого аракет кылуудан башка жол жок. Биз болуп өткөн окуядан сабак алышыбыз о.э. мыйзам, эрежелерге туура амал кылышыбыз зарыл», – деди ал. Дагы ал кошумчалап: «Кайталап айтамын, өкүнүчтүү, бул сыяктуу окуя дүйнөнүн көпчүлүк демократиялык мамлекеттеринин ар биринде жүз бериши мүмкүн. Бирок, биз муну кырсык жана бактысыз окуя деп билип, кечирим сурайбыз жана мындан сабак алууну үмүт кылабыз», – деди.

Буга түшүндүрмө берип, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:

«Мындай текебер кечирим кечигип, режим бул жийиркеничтүү кылмышты жасагандан бир ай өтүп суралды, бул кечиримдин сөздөрүнө көңүл бурган киши, Фалестин режими бул сыяктуу окуя ар кандай мамлекетте болушун бир нече ирет айтты жана муну менен атайылап кылмыштын көлөмүн азайтууга, аны жасагандардын жырткычтыгын жабууга аракет кылды. Кудум, бул жол-транспорт окуясы же адамдардын кылган катасы сыяктуу, өз-өзүнөн болгон бактысыз окуя деп көрсөттү!

Режим жана анын жетекчилеринин мындай кайдыгер аракеттери, адамдардын ачуусуна мамилеси, коомчулукту кысымга алган басымы, адамдардын зээни менен ойношуу аркылуу суралган мына ушундай кекирейген кечирими о.э. көп жасалчу жөнөкөй абал деп көрсөтүлүшү адамдарга түрткү болушу зарыл. Бул түрткүнүн негизинде адамдар режимди тергеп-тескөө жана акыйкатты айтууга олуттуу аракет кылышы керек. Антпесе, бул режим тынымсыз жасап жаткан кылмыштарын мына ушундай кечиримдер менен жашырууну уланта берет. Негизи, мындай кечиримдер кылмыштан кем эмес!

 

Роя гезити, №350, 2021-жыл, 4-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here