Эрдаган Түркиясы Сирия байлыктары үстүндө душман менен тил бириктирип жатканына ишенбегендер дагы эле барбы?!

201
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган Түркиясы Сирия байлыктары үстүндө душман менен тил бириктирип жатканына ишенбегендер дагы эле барбы?!

Бул акылга сыйбайт

Маътарам, Тафтаназ жана Мастума шаарларындагы Түркиянын патруль кызматынын пункттары алдында демонстрация жана жүрүштөр болуп өттү. Бул иш-чараларда фронтторду ачуу талап кылынып, Түркиянын кыргындарга сүкүт кылып жатканы сынга алынды. Бейшемби күнү демонстрацияга катышкан катардагы жарандар дөңгөлөктөрдү өрттөө аркылуу Жабали Завиядагы шаар жана айылдарды туташтырган трассаларды тосуп, өз шаар жана айылдары режим жана Россия тарабынан бомбаланышын токтотууну «кепил» Түркия жана согушкер топтордон талап кылышты.

Баса белгилеп кетсек, Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын борбордук алакалар комитетинин төрагасы устаз Абулхамид Абдулхамид айрым сириялыктардын Түркиядан өз милдетин толук аткарууну талап кылып чыгышканын сындады. Устаз өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында ушул суроолорду ортого салды: «Бул «кепилдин» анык жүзүн билбегендер дагы эле барбы, бул акылга сыйбайт, деги, Түркия өз милдетин толук аткарышы-аткарбашы эмнени өзгөртөт?!».

Абдулхамид баса белгилешинче: «Астана келишиминде режим менен козголоңчулардын ортосунда ок атууну токтотуу зарылдыгы о.э. азат кылынган аймактарга ок атууну токтотуу милдеттемесин режим аткарышы үчүн Россия кепил болору, ок атууну токтотуу милдеттемесин козголоңчулар аткарышына Түркия кепил болору айтылган. Келишимге кол коюлгандан баштап Россия менен Түркия «кепил» атын алышкан. Эки мамлекет союздаш тараптын экинчи тарапка ок атпашы жана анын аймактарына чабуул кылбоо милдеттемесине баш ийиши үчүн кепил болушат».

Абдулхамид ушуларды баса белгиледи: «Россия аткарууга убада берген милдетин ошол убактан тартып ушул күнгө чейин аткарбады. Тескерисинче, ал режим менен биргеликте козголоңчулар жайгашкан аймактарды бомбалоо жана бул аймактардын көлөмүн азайтуу менен алектенүүдө. Түркия режими болсо, өз милдетин толук аткарып келүүдө т.а. согушкер топтордун режимге карата ок атууну токтотуусун көзөмөлдөп жатат, аз гана абалдарда ок атылууда».

Абдулхамид сөзүн ушул түшүндүрмө менен аяктады: «Түркиянын «кепил» деп аталышынын себеби мына ушундай. Башкача айтканда, бул «кепил» канкор Сирия режимине каршы согушкер топтор тарабынан ок атылбашы үчүн Сирия режими, Россия жана АКШ алдында кепил. Чынында эле ушундай болууда. Кепил Түркия өз милдетин толук аткарууда жана бул ишинде үлкөн ийгиликке жетишти. Анын ушунча кылмыштарына карабастан, кээ бирөөлөр Түркия өз милдетин толук аткарсын деген талаптар менен чыгышууда!».

 

Роя гезити, №350, 2021-жыл, 4-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here