Сорос фонду 13 долбоорду каржылайт

229
0

Сорос фонду 13 долбоорду каржылайт

Кыргыз Интернет айдыңына MediaJasa долбоору материалдык колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдаганын «азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, “Сорос-Кыргызстан” фондусунун каржылык колдоосу менен сынак жарыяланып, алардын ичинен 13 долбоор тандалып алынды. Талапка жараша жаштардан түзүлгөн топ ушул жылдын ноябрь айына чейин аялдардын укуктары, жаштарга жыныстык тарбия берүү, экологиялык көйгөйлөр, жарандык укуктарды билүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашырышат.

Батыш эркиндиктер беткабы астындагы бузукулуктарын өзүндө эле жайылтпастан, мусулман өлкөлөрүнө да гранттарды бөлүү аркылуу жайып жатат. Жогорудагы Сорос фонду мындай бузукулуктарды жаюучу уюмдардын алдыңкы катарында турат. Ал ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун коргоо, алардын коопсуздугун камсыздоо, мыйзамдарды чыгартуу максатында 2018-жылы 4 млн доллар каражат бөлгөн. Алардын пропагандасынын натыйжасында ЛГБТ өкүлдөрүнүн саны өлкөдө 22 миңге жеткени айтылат. Бул багытта кылган аракеттеринен окуучулар да тышта калбай жатат. Маселен, Сорос фонду таркаткан окуу куралдарында ЛГБТ түстөрү үйрөтүлөт жана тең укуктуулук шылтоосу менен пропаганда жүргүзүлөт.

Жогорудагы долбоорлордун ичинде имамдарга, казыларга социалдык тармакта иштөөнү үйрөтүү жана медиа менен иштешүү сыяктуу багыттар да камтылган.

Демек, Батыш тең укуктуулук, жыныстык маданият деген ураандар астында өздөрүнүн бузукулук толгон сакофатын жаюуну гана көздөйт. Анткени, демократиялык түзүмдө аялдар сатылуучу товар, ырахат алуучу дене катары каралат. Бул түзүм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Ошондой эле, диндер аралык диалог деген капиталисттик көз караш негизинде имамдарды теңирчилик сыяктуу бузук акыйдаларга карата «сабырдуу» болууну үйрөтүшмөкчү жана салттуу динди карманууга чакырышмакчы.

Түпкүлүгүндө, мусулман адамда эркиндик жок т.а бардык ишти мубах катары кыла берүүгө эркиндик берилген эмес. Ошондой эле Ислам аялга гендердик теңдик көз карашынан эмес, тескерисинче, аял киши корголушу важиб болгон ар-намыс жана үй бекеси деген көз караш менен мамиле кылат. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Анткени, Ислам насилди сактоо үчүн тукум улоо инстинктин кандыруу туура жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Ушул максатта таалим программасы кыздар менен балдарды өзүнчө бөлүп билим берүүгө негизделген. Муну менен болушу мүмкүн болгон кылмыштуу иштердин алды алынат.

Жыйынтыктап айтканда, Исламда адамзат насилин сактоо үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр сарпталат. Мына ушул чектен чыккан кылмышкерлер жалпы коомдун бакубаттыгы үчүн жазаланат. Аларга берилген шарият жазасы кылган күнөөсүн моюндарынан сакыт кылып, Акыретте бул күнөөсү үчүн жазалануудан сактайт.

Аллах Таала айтат: “Эй момундар, Алла силер үчүн адал кылып койгон таза-пакиза нерселерди арам дебегиле жана (Алла белгилеген) чектен ашпагыла! Албетте Алла чектен ашуучу адамдарды сүйбөйт”.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here