Афганистан: Империалисттер кутумдары

310
0

Афганистан: Империалисттер кутумдары

Империалисттер дүйнөнү басып алып, өз ара бөлүштүрүп алышкан соң, империализмдин туруктуу жашоосун кепилдей турган системаны түзүп алышкан. Колониядагы кайсы бир мамлекет чыныгы эгемендүүлүккө жетишпеши үчүн эл аралык уюмдарды түзүп, аны менен бүткүл дүйнөнү чынжырлап коюшкан. Бул уюмдардын башында БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) турат. Эгер кайсы бир мамлекет чыныгы эгемендүүлүккө умтулмакчы болсо, “демократия”, “адам укуктары”, “аялдар теңдиги”, “конституциялык түзүлүш” ж.б.у.с шылтоолор менен, колонизаторлор аны өз системасына баш ийүүгө мажбурлашат. Колонизаторлор өз ара олжо талашканда да, ушул система алкагында туруп талашышат. Империалисттер түрдүү өлкөлөргө аким кылып койгон малайлары да, өз кожоюндарына ушул система алкагында малайлык кылышат. Бул системадан кутулууну каалагандарды баарысы биригип “экстремизм”, “терроризм” же “радикализмде” айыпташат да, төө бастыга алышат. (Бул системаны коргоо жана ушул система алкагында иш алып баруу үчүн жан үрөшкөн саясатчылар, коомдук ишмерлер жана маалымат каражаттарын о.э. уюмдар өкүлдөрүн “эл аралык коомчулук” деп аташат). Мунун тастыгын азыркы Афганистан мисалында карап көрөлү.

15-августта Афганистан өкмөтү кулашы менен, БУУнун Коопсуздук кеңеши 16-августка чукул жыйын чакырды. (Талибан бийликти алганга чейин, Афганистанды “демократиялык” колония кылуу үчүн, ал өлкөдө БУУнун 300гө жакын эл аралык жана 3000дей жергиликтүү кызматкерлери иштейт эле).

Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү жабык эшик артында консультация өткөрүшкөндөн кийин прессага билдирүү менен чыгышты.

Анда Афганистанда тезинен куралдуу кагылышууларды жана зомбулуктун ар кандай түрүн токтотууга, конституциялык тартипти жана коопсуздукту орнотууга, улуттук келишимге жетишүү жана сүйлөшүүлөр жолу менен коомдун бардык катмарларын камтыган – анын ичинде аялдар да бар – жаңы өкмөттү түзүүгө чакырылды.

Уюмдун устав жана резолюцияларындагы сыяктуу эле, албетте, бул билдирүү да адаштыруучу кооз сөздөр менен шөкөттөлдү. Биз аларды жыйыштырып, билдирүүдөгү кептин чыныгы маанисине токтолобуз.

Мындагы “конституциялык тартипти орнотуу” деген кеп “азыркы империалисттик системага тескери келбеген конституция болушу керек” деген маанини туюнтат. Бул колонизаторлор колониядагы өкмөттөрдү ынтымаксыз абалда кармап, алардын тутумундагы топторду бири-бирине карама-каршы коюшат да, муну менен өздөрүнүн башкаруусун орнотушат. Мисалы, өкмөт тутумуна өз малайларынан болгон улут, мазхаб, регион өкүлдөрүн киргизет да, аларды бири-бирине каршылаштырышат. Муну сулуулап инклюзивдүү өкмөт деп аташат. Азыр да алар бийликте Талибан өкүлдөрү гана болбошу үчүн, тынымсыз инклюзивдүү өкмөт түзүүгө мажбурлашууда.

Ошондуктан да, БУУ башкатчысы Гуттереш: “Инклюзивдик өкмөт түзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенинен үмүттөнөбуз”, – деди жана талибанды ушуга баш ийдирүү үчун эл аралык коомчулукту бирдей позицияны ээлөөгө чакырды.

Ушулардан улам да, талибан жаңы өкмөт түзүүдө экс-президент Хамид Карзай, «Хизби-Исламий» тобунун башчысы Кольбуддин Хикматияр жана Улуттук жарашуу боюнча кеңештин төрагасы Абдулла Абдулла менен иштешип жатышканын маалымдады. Ал тургай, Ахмад Масъуд менен сүйлөшүүлөр алып барууда. «Талибан» билдирүүсүнө ылайык, алар ислам баалуулуктарын жогору койгон инклюзивдик өкмөт түзмөкчү болушууда.

17-августта НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг талибдерге өлкөнү террорчулуктун уюгуна айландырбоону эскертти. О.э. Столтенберг аскердик альянс өз күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кеткени менен террордук уюмдардын ал жактагы аракеттерине көз салып, аралыктан сокку урганга даярдыкта болорун кошумчалады. Бул эгер талибдер империалисттик система талаптарынын алкагынан чыгып кете турган болсо, кайрадан сокку урабыз дегенди түшүндүрөт.

Ага улай, 18-августта Эл аралык валюта фонду Ооганстанга жардам көрсөтүүнү токтотту. “Азыркы учурда эл аралык коомчулукта Ооганстандын бийлигин таануу боюнча так көз караш жок. Ошондуктан, бул өлкө Эл аралык валюта фондунун каражаттары жана башка ресурстарына ээ боло албайт”, – деп билдирди фонд.

Август айынын башындагы чечимге ылайык, фонд пандемияга байланыштуу Ооганстанга 460 миллион доллар бермек.

Мындан сырткары, валюта фонду 370 миллион долларлык кредиттик программаны да токтотту.

Ушул эле күнү Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Жозеп Боррелл талибдерди тан алуу же тааныбоо алардын мындан аркы иштерине жараша болорун белгиледи. Б.а. империалисттик системага моюн сунабы же жокпу, ушуга байланыштуу болорун кыйытты.

Бул тушта Евробиримдик Ооганстанга мурун белгиленген жардам каражаттарын токтото турарын жарыялады.

Андан соң Дүйнөлүк банк Ооганстанга финансылык жардам көрсөтүү токтотулганын жарыялады. Уюм өкүлүнүн билжирүүсүндө, банк эл аралык коомчулук жана өнөктөштөр менен биргеликте өлкөдө түзүлгөн кырдаалга карата өз ара кеңешип, иш алып бармакчы. Дүйнөлүк банк Ооганстанда 20 долбоор үстүндө иш алып барып жаткан. Негизи, ЭВФ жана Дүйнөлүк банк колониядагы мамлекеттерди империалисттердин долларлык акча системасына моюн сундуруу жана карызга батыруу иштерин алып барышат.

24-августта БУУнун Азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизли Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийинки кризистин кесепетинен калктын 14 миллионго чукулу ачарчылыкка учурашы ыктымал деп билдирди. Уюмдардын мындай божомолдору  өз кызыкчылыктарына ылайык калкты дүрбөлөңгө салуу ыкмасы болуп эсептелет.

Былтыр ноябрда чет өлкөлөр Ооганстанга гуманитардык жардам катары 4 жыл ичинде 12 млрд доллар бөлүп берүүнү пландаган. Ошол эле кезде көптөгөн өлкөлөр мындай колдоо Ооганстандагы адам укугун сактоонун абалынан көз каранды экенин кабарлашкан.

24-августта дүйнөдөгү экономикасы эң өнүккөн жети өлкөнүн “Чоң жети” тобу онлайн жыйын өткөрдү. Алар талибдер келгенден кийин өлкөдөгү соңку кырдаалга карата олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда террорчулуктун алдын алуу, адам укугун, айрыкча аялдардын, кыздардын, диний жана этникалык азчылыктардын укуктарын сактоо белгиленген. Ошондой эле, Ооганстанда жаңы өкмөт түзүүдө бардык күчтөрдүн кызыкчылыгын камтыган саясий жөнгө салуу жараянын ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик эми “Талибанда” экени айтылган.

Булар империализмдин негизи болгон, империалисттердин дүйнөнү жөргөмүштүн желесиндей чырмап алган эл аралык уюмдарынын айрым билдирүүлөрүнүн далалаттары тууралуу болду. Эми эл аралык коомчулук деп аталып жаткан империалисттик куралдын айрым фитналарына токтолобуз.

Эаралык коомчулук азыр Афганистанда улутчулдук, регионализм, мазхабпарастык фитналарын жалындатууга жан үрөп жатышат. Муну менен талибанды келишүүгө мажбурлашмакчы.

Amnesty International уюму Ооганстандын борбордук бөлүгүндө жашаган хазар азчылыгынын тогуз өкүлүн талибдер кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн жарыялады. Жана муну улуттук жана диний азчылыктарга карата зомбулук деп сыпаттады. Анткени, хазар улутундагылар өлкөдө саны боюнча 3-орунда жана шиа мазхабын карманат. Негизи, бул окуя талибандар бийликти ала электе болгон. Өзү буга чейин да, талибанды жаманатты кылып, талибандар менен улутчулдук жана мазхабпарастык негизинде душмандаштыруу үчүн АКШ атайын кызматтары ал жерлерде көптөгөн жасалма терракттарды уюштуруп келишкен. О.э. хазар улутундагы айрым адамдарды Иран аркылуу малай кылып иштетишкен. Талибан алардан өлтүргөн күндө да, ушундай саткын эсептегендерин өлтүргөн болот, анткени, алар башка улут өкүлдөрүнөн да саткын эсептегендерин өлтүргөн. Биерде улут аралык кастыктын мааниси жок.

Би-би-си, Нью-Йорк таймс басылмалары жана Глобалдык анализ үчүн норвегиялык борбор Талибандын мурун Америкага кызмат кылгандарды жазалап жатканын үрөй учурган зомбулук катары дүйнөгө жар салышты. АКШ жана ага жагалданган бир нече мамлекеттер Афганистандагы адам укуктары, аялдар жана кыздар укуктары, балдар укуктары жаатында “жан күйдүрүп ыйлап” чыгышты. Негизи, алар АКШ бомбалары астында афган жайкын тургундары кырылып жатканда мынчалык ыйлашкан эмес жана чара көрүүгө да чакырышкан эмес. АКШ авиачабуулдары ал тургай үйлөнүү тоюн бутага алып, бир тойду 150 адамдын азасына айландырган учурлар болгон. АКШ расмийлери ал үчүн “абдан өкүнүчтүү” дегенге гана араң жараган. Ичинде карапайым адамдар түшүп бараткан автоунааларды бомбалап, расмий моюнга да алган. Ошондо эл аралык коомчулук ыйлап эмес, “ырдап” жүрбөдү беле… О.э. Гуантанамо камагында мусулмандардын жырткычтарча кыйноолорго кабылышы астында бул апыртма “зомбулуктар” шоона эшпей калат го…

Демек, эл аралык коомчулуктун “көз жашы” Афганистанда оппозиция жаратууга болгон урунуудан башка нерсе эмес.

Панжшер өрөөнүндө талибанга каршы тажик тектүү жетекчилердин чыгышы да бир жагынан улутчулдук маанай менен берилип жатат. О.э. дагы бир жагынан ал күчтүү оппозициялык ок катары да берилүүдө жана алардын жетекчилери даңазаланууда. Ушунун өзү да эл аралык коомчулуктун жүзү жок саясатын айгинелеп турат. Негизи, бул талибанга каршы уюшулган демократиялык кыймылан башка нерсе эмес.

Булар эл аралык уюмдар жана эл аралык коомчулуктун айрым бир фитналары тууралуу болду.

Эми айрым империалисттик мамлекеттердин кээ бир иш-аракеттерине токтоло кетебиз.

АКШ Афганистандан аскерий чыгып кетсе да, андан биротоло кол жууп калууну каалабайт. Ошондуктан, анын алдын ала пландалган фитналары толтура. Азыр эл аралык коомчулук Талибанды басып алды деп айтып жатышат. Негизи, Афганистанды Америка басып алган эле го, Талибан аларды өз өлкөсүнөн сүрүп чыкты го…

Бирок, Америка муну менен кол куушуруп олтуруп калбайт жана ал баскынчылыктын жаңы ыкмаларын (фитналарын) ишке салууда. АКШ өз таасири астындагы эл аралык уюмдарды жана мамлекеттерди ишке салганына сырткары, өзү да түрдүү иш-чараларды көрүүдө.

18-августта АКШ Ооганстандын Борбордук банкындагы эсептерин убактылуу жапты.

Апрель айынын соңунда Ооганстандын Борбордук банкынын резервдери 9,4 миллиард долларды түзгөн. Бул каражаттар Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкында жана АКШдагы башка финансы мекемелеринде сакталып турат. Анда актив катары доллар жана алтын бар.

Ушул эле күнү мурунку вице-президент Амрулло Солих өзүн Афганистандын мыйзамдуу президенти деп жарыялады. Айрым аскерлердин куралын тапшыртпай өзүнө тартып кетти. Ал Ахмад Масъудга барып кошулду. Бул АКШнын Талибанга каршы кыймыл жаратуудагы алгачкы кадамы болуп калды. Муну менен, эгер Талибан эпке келбесе, ал өлкөнү кайрадан жарандык согушка киргизип, талибанды алсыратмакчы болууда.

О.э. Пакистан тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайшинин 25-26 августтагы Орто Азия республикалары жана Иранга жасаган сапары АКШнын регионго карата саясаты алкагында болду. Б.а. Курайши АКШ чалгынчысы кызматын өтөп жатат. О.э. анын Тажикстан пррезиденти менен болгон жолугушуусунан Талибанга далысынан бычак сайып жатканын көрүүгө болот. Анткени, ал Тажикстан президентинин Панжшер кыймылын колдоп жатканын кубаттады.

Кече 26-августта Кабул аэропортунда катар жардыруулар болуп, 10 америкалык аскер жана 60 жаран өлүм тапканы кабарланды. Буга чейин айрым Батыш өлкөлөрү Афганистандагы жарандарын аэропорттон оолак болууга чакырган эле. О.э. Байден да ИГИЛ тарабынан боло турган терракттардан эскерткен. Демек, бул алдын ала пландалган иш болгон. Биринчиден, бул каршылаштары алдында Байдендин эвакуация чечими туура болгонун тастыктайт. Экинчиден, Талибан менен ИГИЛдин ортосунда чыр чыгат. Негизи, Иракта ИГИЛ талкаланган соң, анын калдыктары Афганистанга АКШ вертолёттору менен жеткирип коюлганы ачыкка чыккан. Ошондо Америка муну ИГИЛди Талибанга каршы салуу үчүн жасаган жана алардын ортосунда бир нече кагылышуулар жүз берген. (Россия да АКШнын ИГИЛ же ал сыяктууларды киргизип жиберишинен кооптонуп жатат). Демек, Америка эми “ИГИЛ кнопкасынан” да пайдалана баштады. Кечеги терракттарды АКШ атайын кызматтары кылдыбы, же АКШ аны ИГИЛ аркылуу кылдырдыбы, айырмасыз, эми Талибан менен ИГИЛ ортосунда келишпөөчүлүктөр тереңдейт. Талибан ИГИЛди айыптайт, башкалар “коопсуздукту камсыздай албадың” деп Талибанды айыптайт. О.э. АКШ же ага караштуу тараптар ИГИЛге чабуул жасоо шылтоосу менен Талибан позицияларына сокку урууга умтулуулары да мүмкүн.

Ушулар менен катар, Америка качкындар маселеси аркылуу Россия кызыкчылыктарына да кооп туудурууда.

Россиянын болсо Афганистанды колония кылуу амбициясы жок. Ал азыр Орто Азиядагы өз колонияларын сактап калуу аракетинде. Ошондуктан, ошого карата иш-чараларды көрүүдө. Тажикстан чегарасын бекемдөөдө, Батыштын качкындар чечимине каршы чыгууда ж.б.у.с. Негизи, булар Батыштын колония талашуусуна каршы иштер болуп саналат.

Мисалы, Путин төмөнкүлөрдү айтты. “Батыш өлкөлөрү качкындарды США жана башка өлкөлөрдүн визаларын алганга чейин Орто Азия өлкөлөрүнө визасыз режимде жайгаштырып туруу маселесин кабыргасынан коюп жатышат”. “Демек, биздин кошуналарга качкындар визасыз кире беришет экен да, алардын өздөрүнө визасыз киришин каалашпайт экен”.

Бирок, Россия бул иш-чараларынын баарын Афганистанда жайгашкан Талибандан башка террористтик уюмдар кирип келиши мүмкүн деген шылтоого жамынып кылып жатат.

Бул жаатта Путин төмөнкүлөрдү айтты. “Террорчулардын чектеш өлкөлөргө киришине, айрыкча качкындар сыяктуу өтүп кетишине жол бербөө зарыл”. “Бизде качкындар көрүнүшүндө кайрадан дагы кандайдыр боевиктер пайда болушун каалабайбыз”.

Азыр Россия сыртынан Талибанды АКШга берген соккусу себептүү кубаттап жатканы менен, анын Талибанга каршы бир иши даана көрүнүүдө. Ал Тажикстан аркылуу Панжшер кыймылын колдоп жатат. Анткени, ага күчтүү Талибан керек эмес. Өтмүштө Талибанды бийликтен кетирүүдө да Россия Түндүк Альянсты колдоого алган.

Эми империалисттердин малайларына келе турган болсок, алар империалисттик системанын алкагынан чыкпастан о.э. өз кожоюндарынын көрсөтмөлөрү менен бара жатышат.

Мисалы, эң алгач тажик тектүү Амрулло Солихти президент деп тан ала турганын Афганистандын Тажикстандагы элчиси жарыялады. Албетте бул Тажикстандын колдоосу менен болду. Ал эми Эмомали Рахмоновдун азыр Россия көрсөтмөсүнөн сырт иш кылышы мүмкүн эмес. Эмомали Пакистан ТИМи менен жолугушкан соң, президент сайтында билдирүү жарыяланды жана анда төмөнкүлөр камтылды:

“Талибан региондо абдан чалкеш жана өтө татаал геосаясий абалды жаратты”

“Талибан өлкөдөгү башка саясий күчтөрдүн кеңири катышуусундагы өткөөл өкмөт түзүү тууралуу берген убадаларынан баш тартып, Ислам Эмиратын курууга даярданып жатканын фактылар көрсөтүп жатат”.

“Ооганстанда бардык этностордун кызыкчылыгын камтыган өкмөт куралбаса, Тажикстан “Талибанды” тааныбайт”.

О.э. билдирүүдө Афганистандык тажиктердин бийликте көп болушуна басым жасалган жана Афганистан маселесинде БУУ башкы ролду ойношу айтылган.

Билдирүүдө улутчулдукка басым жасалса да, негизи, анда демократиялык чечимдер айтылган. Түпкүлүгүндө, Эмомалини улутчулдук да, демократия да кызыктырбайт. Ал мында өз таажы-тактысы укум-тукумуна чейин сакталып калышы үчүн, Россия көрсөтмөлөрүн кынтыксыз аткарууда жана эл алдында улутчулдук туйгуларынан пайдаланууда.

Панжшер (улуттук каршылык) кыймылын жетектеп жаткан Ахмад Масъуд Британияда билим алып, Афганистанга келгенине 2 эле жыл болгон. Ал турган турпаты менен Батыш малайы. Ошондуктан да ал: “Биз Афганистан эркиндигинин (б.а. демократиялык Афганистандын) акыркы тирегибиз”. “Батыштык досторубуз жардам бербесе, биздин күчүбүз жетишсиз” – деди. Ахмад Масъуд бир жыл мурун “мээлүн ислам” тарапкери экенин жана радикал деген көз карашта Талибанга каршы экенин жарыялаган. Америка аны Талибанга таасир өткөрүүчү бир рычаг кылып алмакчы. Талибан койгон шарттарга аны көндүрбөйт, Талибанга болсо оор шарттарды койдурат. Ошону менен экөөнүн ортосунда ар дайым согуш коркунучу сакталып кала берет.

Булар бүгүнкү күндөгү Афганистан маселесинде империалисттердин жана алардын малайларынын айрым аракеттеринен мисалдар болду. Мында колонизаторлор Талибанды да малайга айландырууга аракет кылышууда. Мунун каршысында, Талибан бардыгы шарият негизинде болорун айтууда. Ушундай болгон сон, анда алар шарияттагы башкаруу түзүмү Халифалык экендигине жана аны орнотуунун тарыйкатына да кайрылуулары керек.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here