Климов: Экстремисттер Афганистандан ЖККУ мамлекеттерине качкын катары өтүүгө аракет кылууда

249
0

Климов: Экстремисттер Афганистандан ЖККУ мамлекеттерине качкын катары өтүүгө аракет кылууда

Россия Федерациялык кеңешиндеги мамлекеттин суверенитетин коргоо комиссиясынын төрагасы Андрей Климов: “Афганистандагы окуялар себептүү Россиянын чек араларына жакын аймактардагы кырдаал коопсуздук тармагындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылышы мүмкүн”, – деди. Бул тууралуу  “РИА Новости” маалымат агенттиги кабарлады.

 Ал: “Экстремисттер качкындар көрүнүшүндө КМШ жана ЖККУаймактарына өтүүнү каалап жатканын биз жакшы билебиз”, – деди.

Анын айтымында, мындай коркунуч сөзсүз мамиле билдирүүнү талап кылат.

О.э. Афганистандан АКШ аскерлери чыгарылышы Россия чек арасына жакын аймактардагы кырдаалды изден чыгарууга багытталганын баса белгиледи.

 “АКШ биздин чек арабызга жакын аймактардагы тынчтыкты бузууга, бизге проблема жаратууга аракет кылды. Алар куралды экстремисттерге калтырып кетишүүдө. Мына ушундай түшүнүксүз абалда ал жакта агентураны калтырышты”, – деп тыянактады Климов.

 Комментарий: Россия бир тараптан “Талибан” кыймылын расмий өкмөттүк деңгээлде тосуп алып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аталган кыймыл кошуна мамлекеттердин ички иштерине аралашпастыгын билдирген болсо, экинчи тараптан “Талибан” коркунучун болушунча көбүртүп көрсөтүү менен региондогу аскерий аралашуусун кеңейтүүгө аракет кылууда. Россия ушундай максатта Тажикстан жана Өзбекстан менен Афганистан чек арасына жакын аймакта биргелешкен машыгууларды өткөрдү. Ал эми 24-августта Кыргызстанда ЖККУнун машыгуулары башталды. О.э. Россия Тажикстандагы аскер базасына “Корнет” деп аталган ракетага каршы комплекстер жеткирилди. Кабарларда келишинче, “Корнет” комплекси оор аскерий техниканы, вертолётторду жана башка учкучсуз башкарыла турган аппараттарды жок кылууга каратылган заманбап курал болуп эсептелет. Мындан тышкары Россия Канттагы аскер базасын да күчөтүүдө.

О.э. качкындарды шылтоолоп, мусулмандар ортосуна тартылган жасалма чек араларды бекемдөөгө умтулууда. Путин мындан бир аз убакыт мурда, Афганистандагы кырдаалдын Россия коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси бар экендигин билдирип, афган качкындарын виза алганга чейин Борбор Азия мамлекеттерине жайгаштырууга каршы чыккан эле. Эми “экстремисттерди” шылтоолоп, качкындардын Борбор Азия мамлекеттерине киришине каршы чыгууда. Кыскасы, кожоюн катары кулдарына эмне кылышы керектиги жөнүндө көрсөтмө берип келе жатат.

 Негизи, качкындар проблемасы капиталисттик түзүмдүн натыйжасы болуп эсептелет. Колонизаторлор өздөрү басып алган мамлекеттин калкын куугунтуктап, алардын акы-укуктарын тебелеши натыйжасында адамдар малы-жанын сактап калуу үмүтүндө качкынга айланышты.

 Ислам тарыхында – фатх кылынган жерлердеги жергиликтүү калкка карата мамиле, алардын коопсуздук жана амандыгын толук камсыздап берүү, эгер Исламды кабыл алышса диндеш боордош болуу, кабыл албай өз дининде калышса зиммий өкүмүн колдонуу себептүү – бирер массалык качкындык абалы жүз берген эмес. Тескерисинче, жергиликтүү калк Ислам адилеттүүлүгүн өз көзү менен көргөн соң, ыктыярдуу түрдө Исламды кабыл алышып, Ислам дининин сакчыларына, ал тургай Ислам дининдеги алдыңкы аалымдарга айланышкан. Эгер биз бүгүнкү бузук замандан кутулууну, колонизаторлор ортобузга тартып койгон жасалма чек аралар жок болушун жана эки дүйнө бактысына жетишүүнү кааласак, үстүбүздөгү бузук капиталисттик түзүмдү оодарып таштап, анын ордуна Ислам мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз керек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here