Жапаров менен Мирзиёев Камбар-Ата-1 ГЭСи курулушун талкуулашты

217
0

Жапаров менен Мирзиёев Камбар-Ата-1 ГЭСи курулушун талкуулашты

Мирзиёев  Садыр Жапаровды алгачкы жолу консультативдик жолугушууга катышып жатканы менен чын дилден куттуктап, бул көп тараптуу диалог майданы региондун өнүгүүсү жолунда мамлекеттердин иш-аракеттерин бириктирүүгө кызмат кыларын баса белгиледи.

Жолугушууда, алгач быйыл 11-12-март күндөрү Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары учурунда түзүлгөн келишимдердин аткарылышы кеңири талкууланды.

Энергетика тармагындагы кызматташтык, айрыкча, Камбар-Ата-1 ГЭСин биргеликте куруу жөнүндө сөз болду.

 Мирзиёев “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолу стратегиялык жаткан аябай маанилүү экендигин, ошондуктан бул жаатта сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Комментарий: Каримов көптөгөн жылдар бою Камбар-Ата ГЭСи курулушуна каршы болуп келди. Себеби, аталган ГЭС анын бийлиги үчүн коркунуч жана басым өткөрүүчү рычагдардын бири болуп калышынан коркот эле. Ошол себептен, ал тургай суунун айынан согуш чыгышы мүмкүн экендигин айтып, коркутуу менен болсо да курулуштун башталышына тоскоолдук кылып келди.

 Каримовдон кийин бийликке келген Мирзиёев салыштырмалуу түрдө “ачык” саясат жүргүзүп, кошуна мамлекеттер менен мамилесин жакшыртты жана экономикалык алакаларды жандантып баштады. 2017-жылы өзбек бийлиги Каримов караманча каршы болгон“Камбар-Ата- 1” ГЭСин курууда өнөктөш болуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгары жөнүндө билдирүү таратты. Быйыл Садыр Жапаровдун 11-12-марттагы Ташкентке сапары учурунда бул жаатта кээ бир келишимдер түзүлдү.

 Ошондо Садыр Жапаров: “Биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу тууралуу келишим түздүк. Жумуштар ошол эле күнү башталды. Кудай буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун 3 жылда бүтүрүүнү максат кылабыз. Долбоор толугу менен ишке ашырылат. Биз аны 30 жылдан бери кура албай келдик. Азыр аны 3 жылда бүтүрүүнү пландаштырып жатабыз”, – деген эле.

 А бирок, берилген билдирүүлөр да, түзүлгөн келишимдер да азырынча кагазда гана калып жатат. Себеби, “Камбар-Ата -1” ГЭСи ири долбоор болгондуктан, муну эки республика биргеликте кура албайт. 2014-жылдагы эсеп боюнча “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулушунун баасы 2,7-3 миллиард долларга бааланган. Андан бери анын баасы көтөрүлгөндүгү анык. Эгер эки мамлекет айтылган өлчөмдөгү каражатты тапкан күндө да, булардын мындай чоң ГЭС куруу боюнча тажрыйбасы жок. Өзбекстандын суу сактагыч куруу боюнча тажрыйба жана жөндөмү канчалык экендиги “Сардаба” суу сактагычындагы кырсыктан кийин белгилүү болуп калды. Ошол себептен да кыргыз-өзбек кызматташтыгы үчүнчү бир тажрыйбалуу шерик жана инвесторго муктаж болот. Ал шерик Россиядан башкасы болушуна орус бийлиги жол бербейт. Ал тургай, Россия долбоорго катышпай койгон күндө да, ГЭС сыяктуу маанилүү стратегиялык объектини башка мамлекетке оңойчулук менен берип койбойт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here