Кыргызстан президенти: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маанилүү

269
0

Кыргызстан президенти: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маанилүү

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору Евразия темир жол түйүнүнүн Борбор Азия тилкесиндеги альтернативдүү жана маанилүү линияларынын бири болуп калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-августта Түркмөнcтанда өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу маанилүү транспорттук коридорлор өтөт, алардын ичинде ТРАСЕКА, БАРЕК, ШКУ жана башкалар бар. Андыктан, деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берген жаңы транспорттук коридор түзүү зарыл. Бул стратегиялык маанидеги милдет болуп саналат.

Буга чейин 16-июлда Ташкентте “Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш” аталышында конференция болуп өткөн. Конференцияда аймактардын байланышын бекемдей турган «Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолун курууга чакырыктар жасалды. Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиеевдин айтымында, бул долбоорду ишке ашырууда Ооганстандагы туруктуулук маанилүү ролду аткарат.

Анткени, Ооганстанда Талибан жана светтик өкмөт ортосунда ортоктош бийлик орноп, туруктуулук ишке ашса, Ооганстан Орто Азиядан келген мунай жана кен байлыктарга коридор боло алат. Башкача айтканда Орто Азиянын миңдеген тонна алтын жана башка баалуу металдары, чалкып жаткан газ жана мунай запастары Ооганстан аркылуу ташылмакчы.

Мындан көрүнүп тургандай, Борбор Азия Орусиянын эл аралык саясаттагы позициясы алсырап бараткандыктан, эми Кытай менен Американын да таасир талашуучу чекитине айланып калды. Жапаров айтып жаткан «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу да, Мирзиеев ишке ашырууга аракет кылып жаткан «Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолу да региондун Орусиянын таасиринен чыгуусуна каратылган. Ошондуктан, Орусия бул долбоорлорго болгон мүмкүнчүлүгү менен каршы чыгып, аны токтотууга же өзү да катышууга аракет кылып келет. Бирок, Борбор Азия лидерлери элин багуу сыяктуу шылтоолор менен Орусиядан жүз буруп, Кытай жана АКШ менен кызматташууга умтулушууда. Аймактагы акыркы саясий окуялар да буга ишара кылууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here