Хусийлер экономикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн Дүйнөлүк Банкка ишенишүүдө!

191
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хусийлер экономикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн Дүйнөлүк Банкка ишенишүүдө!

Дүйнөлүк Банк Санъадагы Хусийлер өкмөтүнө 150 миллион доллар өлчөмүндө кошумча каражат бөлүүгө макулдук бергенин жарыялады. Банк өз билдирүүсүндө «берилип жаткан кезектеги каражаттар мекемелерди сактап калууга жардам берерин» баса белгиледи. Бул каражат БУУнун Яманда иш алып барып жаткан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна, ЮНИСЕФке жана башка уюмдарга берилет.

Баса белгилеп кетсек, бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын маалымат бөлүмү ушул кадыресе суроолорду ортого салды: «Силер, Хусийлер өз кайрылууларыңарда жана гезиттериңерде ар дайым каргап, ушул аркылуу тарапкерлериңерди алдап жаткан уюм – ушул БУУ эмес беле?! Азыр болсо, анын каражат берген колун кармап жатасыңар… Деги, мунун ордуна тарапкерлериңерди аракетке келтирүү менен, бул уюмду сындырсаңар болот го?!».

Билдирүүдө Хизб ушуларды кошумчалады: «Эй мусулмандар! Сүткордук менен алектенип Аллахка согуш ачкандар мына ушул Хусийлер болот! Хусийлер Дүйнөлүк банктан кредит алуу менен кандайдыр бир пайдалуу иш кылабыз деп ойлоп жатышабы?! Акыйкатта болсо, бул банк бир өкүл дайындап, ал аркылуу ушул каражаттарды сарптоо жолдорун да силерге көрсөтүп берип жатат го?! Биз таң калып жатабыз, Хусийлер Батыштын ушундай экономикалык мекемелеринин кучагына кирүү менен кантип экономикалык көз карандысыздыкка жетишүүсү мүмкүн?! Түпкүлүгүндө, Дүйнөлүк Банк экономикалык жардам берип адамдардын ашказанын тузакка алууну көздөп жатат. Эң маанилүүсү, Дүйнөлүк Банк Ямандагы экономикалык ресурстарга ээ болууну пландаган, бул пландын катарына Хусийлерди да кошууда».

Билдирүү ушул сөздөр менен аяктады: «Дүйнөлүк Банк менен мамиле кылууну токтотуунун жалгыз жолу – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө. Хизб-ут-Тахрир тикелөө үчүн аракет кылып жаткан ушул мамлекет гана сүткордук негизинде иш-аракет алып барууга чекит коёт».

 

Роя гезити, №348, 2021-жыл, 21-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here