Бүгүнкү күндө мусулмандар жашап жаткан вакиъ (уландысы).
Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (китебинен)
Ислам дүйнөсүндөгү айрым мамлекеттердин “биз Ислам республикасыбыз”, “конституциябыздын негизги булагы Ислам” деген билдирүүлөрүнө негизделип кээ бир адамдардын зээнинде: “Эмнеге ушундай мамлекеттер да дарул ислам боло алышпайт?”- деген суроо пайда болот. Бул суроонун жообу, ошол исламий мамлекеттер деп күмөн кылынып жаткан мамлекеттердин вакиъсин түшүнүүдөн келип чыгат. Андай мамлекеттер ар кандай башка мусулман өлкөлөрдөн аталышы, айрым жузъий мыйзамдары о.э. вазъий (адамзат ойлоп тапкан) түзүмдөргө Исламдан кээ бир жамактарды салышы менен гана айырмаланып турат. Мындай мамлекетте өзүнүн ички жана тышкы саясатында вазъий түзүм жана мыйзамдар колдонулат. Алар Ислам дүйнөсүндөгү башка мамлекеттерди тааныйт. Ар кандай мамлекеттин эл аралык вазъий мыйзамдар менен корголгон аймактарын жана алардын көзкарандысыздыгын тааныйт. Динди турмуштан ажыратуу акыйдасына курулган демократияны колдонууга чакырат.
Дарул ислам жана халифалык мамлекетинин вакиъсин дагы да айкындаштыруу үчүн Халифалык мамлекетинин шаръий сыпат жана өзгөчөлүктөрүнө токтолуп өтөбүз. Ал сыпат жана өзгөчөлүктөр зарыл болгон төрт негизге курулат.
Биринчиси;
Ислам мамлекетинде жетекчилик шарияттыкы гана болот. Ал мамлекетте жеке адамдын, үммөттүн жана акимдин иштерин жүргүзө турган фактор – акыл же көпчүлүктүн добушу эмес, шарият болот. Аллах таала айтат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنكُمْ ۖ فَإِن تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِن كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ
“ Эй момундар, Аллахка итаат кылгыла жана Расулга, өзүңөрдөн болгон (т.а. мусулман) иш ээлерине итаат кылгыла! Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар — эгер чынында эле Аллахка жана акырет күнүнө ишенсеңер — ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла!”. [4:59].
Демек, мамлекетти да, Үммөттү да аракетке келтире турган нерсе – бул Мухаммад соллаллаху алайхи ва саллам Аллахтын алдынан алып келген шарият. Ушул шарият иш-аракеттер жана нерселердеги, адамдар арасындагы, аким менен элдин ортосундагы же Ислам мамлекети менен башка мамлекет жана калктар ортосундагы келишпестиктерди жоюуда кайрыла турган жападан-жалгыз негиз болуп эсептелет. Ушул мамлекетте Үммөт акимге – ал Аллахтын буйрук жана кайтарууларын аткарышы
т.а. шариятты аткарышы үчүн – Аллахтын китеби жана Расулунун сүннөтү негизинде байъат берет. Эгер аким шарияттан четтесе, качан ал шариятка кайтып келмейинче Үммөт аны мухасаба кылат. Эгер ал куфри баввах (ачык куфрду) көрсөтсө, Үммөт ага каршы күрөшөт. Эгер буга тескери көрүнүштө, байъат берүүчүлөр шарияттан чыгып кетишсе, алар шариятка кайтып келгенге чейин, аким
аларга каршы күрөшөт.
Демек, Үммөт да, жеке адам да, аким да шариятка моюн сунат. Мына ушундан келип чыгып айтарыбыз, жетекчилик Исламда элдики же акылдыкы эмес, шарияттыкы гана болот. Демек, Дарул исламдагы ар бир ишти аракетке келтирүүчү жана аны жүргүзүүчү фактор шарият. Аллах таала айтат;
وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ
“Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти буюрган убакта бирер мумин жана мумина үчүн (Аллахтын хукмун коюп) өз иштеринде ыхтыяр кылуулары жаиз эмес”. [33:36]. Дагы айтат:
فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ
“Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча эч качан момун боло алышпайт”. [4:65].
Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам айтат;
من أحدث في أمرنا هذا ما ليس منه فهو رد
“Кимде-ким биздин бул ишибизде т.а. динибизде жок нерсени жаңылык кылып киргизсе, ал мардуд кылынган (четке кагылган)”. Бухарий жана Муслим риваяты.
Экинчиси:
Ислам мамлекетинде салтанат Үммөттүкү. Салтанатка т.а. күч жана өкүмгө Үммөт гана ээлик кылат. Өкүм дегени бул жерде шаръий өкүмдү аткаруу маанисинде келип жатат. Бирок, Аллах таала шариятты аткаруу үчүн да бир тарыйкатты белгиледи. Шариятты колдонуунун шаръий тарыйкаты – бул башында халифа турган бир мамлекет болуп, Үммөт ошол халифага байъат берет. Халифа шариятты колдонууда, аны дүйнө жүзүнө алып чыгууда Үммөттүн пикирий жана маддий (материалдык) күчүнө таянган абалда Үммөттөн бир наиб (катчы) болот. Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам айтат;
كَانَت بَنُو إسرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبياءُ، كُلَّما هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبيٌّ، وَإنَّهُ لا نَبِيَّ بَعدي، وسَيَكُونُ بَعدي خُلَفَاءُ فَيَكثُرُونَ، قالوا: يَا رسول اللَّه، فَما تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: أَوفُوا بِبَيعَةِ الأَوَّلِ فالأَوَّلِ، ثُمَّ أَعطُوهُم حَقَّهُم، وَاسأَلُوا اللَّه الَّذِي لَكُم، فَإنَّ اللَّه سائِلُهم عمَّا استَرعاهُم
“Бану Исраилге пайгамбарлар саясат жүргүзүшөр эле. Качан бир пайгамбар өлсө, артынан башка бир пайгамбар келчү. Менден кийин болсо пайгамбар жок, халифалар болот. Алар көп болот. Сахабалар «бизди эмнеге буюрасыз?» деп сурашты. Айтты: Эң биринчисинин, жана дагы эң биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Алардын акыларын өздөрүнө бергиле. Анткени, Алла алардан калкты кандай башкаргандыгы жөнүндө сурайт”. Бухарий жана Муслим риваяты. Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам салтанат ээси болгон Үммөткө кайрылып;
من بايع إماما فأعطاه صفقة يده وثمرة قلبه فليطعه إن استطاع فإن جاء آخر ينازعه فاضربوا عنق الآخر
“Кимде-ким бир имамга-халифага байъат кылса, ага колун (т.а. кол берүү менен иштерди башкарууну) жана дилин (т.а. чын дилден итаат кылуу убадасын) берсин. Ага колунан келишинче ага итаат кылсын. Эгер башка бирөө андан халифалыкты талашып келсе, аны өлтүргүлө”, – деген. Муслим жана Насаи риваяты.
Үммөттө калыптанган халифалыкты талашуучу адамды өлтүрө турган бул салтанат – шариятты бекем кармап жаткан болсо – халифанын колунда болот, “хад”дарды колдонуу, сугурларды (исламды бузуучу чекиттерди) коргоо о.э. даъватты жихад жолу менен бүтүндөй адамзатка алып чыгуу сыяктуу ички жана тышкы өкүмдөрдү халифа ошол салтанат аркылуу ишке ашырат.
Үчүнчүсү: Мусулмандар үчүн бир гана халифа болушу т.а. дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандардын бир гана халифасы, бир гана мамлекети болушу керек. Себеби, мусулмандарга бирден ашык халифанын бар болушу арам. Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам айтат:
إذا بويع لخليفتين فاقتلوا الآخر منهما
“Эгер эки халифага байъат берилсе, экинчисин өлтүргүлө”. Муслим риваяты. Арфажадан риваят кылынат, ал айтат: Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам мага мындай деди:
من أتاكم وأمركم جميع على رجل واحد يريد أن يشق عصاكم أو يفرق جماعتكم فاقتلوه
“Ишиңер бир кишинин кол астында жамдалып турганда, силерге бирер киши келсе жана силердин биримдигиңерди бузмакчы болуп, силердин араңарды ажыратмакчы болсо, ал адамды өлтүргүлө”. Муслим риваяты. Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам дагы айтат:
فإن جاء آخر ينازعه فاضربوا عنق الآخر
“Эгер дагы башкасы халифалыкты талашып келсе, ошол келгендин башын алгыла”.
Расулуллох соллаллаху алайхи ва салам көз жумгандан кийин ансорлор мухажирлерге: “Силерден бир киши, бизден бир киши болсун”, – дегенде сахабалар мына ушул өкүмгө т.а. халифанын бирөө болушуна ижмаъ кылышкан. Ошондо Умар ибн Хаттаб розияллоху анху: “Бир кынга эки кылыч батпайт ” – деген. Абу Бакр розияллоху анху: “Мусулмандар үчүн эки амир болушу адал болбойт”, – деген. Мына ошондон кийин сахабалар Расулуллох соллаллаху алайхи ва салламдын биринчи халифасына, жалгыз Абу Бакр розияллоху анхуга байъат берүүгө ижмаъ кылышкан.
Төртүнчүсү: Раъийят иштерин башкарууга тиешелүү болгон жерлерде шаръий өкүмдөрдү табанний кылуу укугу халифага гана берилет. Эгер бир маселеде шаръий ижтихаддар бир нече болуп кетсе, ал күмөнүндө мына ушул ижтихаддар арасынан колдонуу үчүн эң туурасы деп эсептеген бир шаръий өкүмдү табанний кылат о.э. ал Аллахтын алдында да, мусулмандар алдында да ушундан жоопкер болот.
Абу Бакр розияллоху анху халифа болуп турганда ушундай шаръий өкүмдөрдү табанний кылган жана адамдарды ошол өкүмдөргө амал кылууга мажбурлаган. Андан кийин Умар, Усман жана Али розияллоху анхулар да башка шаръий өкүмдөрдү табанний кылышып, алар да адамдарды ушул өкүмдөргө амал кылууга мажбурлашкан. Сахабалардын бири да бул абалды четке каккан эмес. Себеби, халифанын белгилүү бир өкүмдөрдү табанний кылуу укугу бар экендигине бардык сахабалар тарабынан ижмаъ болгон. Бул жаатта белгилүү шаръий коидалар истинбат кылынган. Мисалы, “Султан жүз берген кыйынчылыктарга карап, жаңы өкүмдөрдү чыгаруу укугуна ээ”, “имамдын амири ихтилафты жоёт”, “имамдын амири зохирде да батинде да өтүүчү”, – деген коидалар. Ошондуктан, мусулман адам өзү менен мамлекеттин ортосунда жана өзү менен башка адамдар ортосунда ашкере көрнүп туруучу иштерде да, кудум ушундай эле, мамлекеттен жашыруун болгон иштеринде да Ислам халифасынын буйругун аткарат. Ошондой болсо да, мусулман киши халифа табанний кылган өкүмгө тескери башка белгилүү бир ижтихаддын тууралыгына канааттанган болсо, ал ошол ижтихадды адамдарга үйрөтүшү жана ага даъват кылышы мүмкүн. Себеби, сахабалардын ижмаъсы халифа табанний кылган өкүмгө амал кылуу зарыл экендигине далалат кылат. Халифа табанний кылган өкүмдү таълим берүү жана ага даъват кылуу мажбурий эмес. Мисалы, Абу Бакр розияллоху анху халифа болуп турганда малды мусулмандар арасында бирдей бөлүштүргөн. Умар розияллоху анху болсо, мындан башка өкүмдү туура көргөн. Ал тургай, бул өкүмдө Абу Бакр менен тартышкан. Бирок, иш жүзүндө Абу Бакр розияллоху анху табанний кылган өкүмгө моюн сунган. Халифалык колуна тийгенден кийин өзү табанний кылган өкүмдү колдонгон. Ошондуктан, халифанын табаннийи ага даъват кылууда эмес, амал кылууда мажбурий болот. (уландысы бар).