Ала-Букада аскерлер AstraZenecaдан жабыркагандан кийин да, ал вакцинаны саюу улантылмакчы

247
0

Ала-Букада аскерлер AstraZenecaдан жабыркагандан кийин да, ал вакцинаны саюу улантылмакчы

5-август күнү кечинде Ала-Бука райондук ооруканасына 58 аскер дене табы көтөрүлүп кайрылышкан.

Аскерий бөлүктөн 90дон ашык кызматкер COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип, алардын 58и ооруканага түшкөн.

          Ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жоокерлердин мындай абалын киши организминин вакцинага реакциясы катары баалады. Буга жоокерлердин корккону да себеп болгонун билдирди.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналары сайылып жатат. Буга чейин вакцинадан каза болгон жарандын кызы кайрылуу жасап, социалдык тармактарда катуу талкууланган.

Белгилүү болгондой, вакцина дүйнөлүк капиталисттердин дагы бир киреше булагына айланып калды. Анткени, биз жашап жаткан капиталисттик системанын өлчөөсү пайдага негизделген. Мындан улам, дүйнөлүк лидерлерден тарта жергиликтүү акимдерге чейин эмдөө жараянын жарнамалап, маалымат каражаттарын ишке салышууда. Түпкүлүгүндө, бул вакциналар коронавирустун 2019-жылдагы штаммына карата жасалган. Ал эми учурда дүйнө бойлоп жайылып жаткан вирустар мутациялангандан кийинкиси, башкача айтканда, бул вакциналар мутациялангандан кийинки вирусту аныкташы мүмкүн эмес. Буга карабай ачкөз капиталисттер дүйнө калктарын өз вакциналары үчүн базар кылып алышты. Маселен, Кыргызстан алгач вакцинаны Орусиядан сатып ала баштаган. Бирок, Кыргызстандын сатып алуу мүмкүнчүлүлүктөрү тарыраак болгондуктан Кыргызстандын «калк базарын» Кытайдын вакцинасы ээлей баштады. Учурда Кыргызстан бийлиги Кытайдан алынган 2 жарым миллион доза вакцинаны колдонуп жатат. Ушундан улам, президенттин өзү кытай вакциансын сайынып, жарнамалап берди. Кытай болсо Кыргызстан менен мамилелер толук жолго коюлушу үчүн калктын 70%ы вакцина алышын талап кылууда.

Коронавирус шылтоосу менен кытай капиталисттери да үлкөн пайдаларга ээ болуп жатышат. Мисалы, The People’s Vaccine Alliance кыймылынын отчётунда көрсөтүлгөндөй, коронавируска каршы вакцина жасаган фармацевтикалык компаниялардын кирешелери себептүү дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду. Бул жаңы миллиардерлердин катарына кытайлык CanSino Biologics компаниясынын үч негиздөөчүсү, америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү, BioNTech компаниясынын башчысы, испаниялык Rovi фармацевтикалык компаниясынын башкы директору кирди. Бул миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жетти.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө Кыргызстанга окшогон алсыз өлкөлөр Кытай, Орусия, АКШ сыяктуу колонизаторлордун сыноо өткөрүүчү майданына, пайда табуучу базарына айланып калды. А түгүл, алар пандемия шылтоосу менен пайда табуу жолунда бул базарларды талаша турган болуп алышты.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here