Эрдаган яхудийлердин жаңы президентин куттуктады: бул анын Фалестин маселесиндеги саткындыгын далилдөөдө

193
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган яхудийлердин жаңы президентин куттуктады: бул анын Фалестин маселесиндеги саткындыгын далилдөөдө

RT Арабик веб-сайты хижрий 1442-жылы 2-зулхижжа, миладий 2021-жылы 12-июль күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Дүйшөмбү күнү кечкурун Түркия президентинин байланыш бөлүмү кабарлашынча, Эрдаган Герцогду (израиль) президенти болуп кызматка кириши менен телефон аркылуу куттуктады. Сүйлөшүү учурунда Түркия-(израиль) алакалары Жакынкы Чыгыш регионунун коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн чоң мааниге ээ экендиги баса белгиленди.

Эрдоган Түркия менен (израиль) түрдүү тармактарда, өзгөчө энергетика, туризм жана технология тармактарында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигине көңүл бурду.

Ушуга ылайык, Түркия президенти: “Эл аралык коомчулук Фалестин-(израиль) жаңжалын БУУнун резолюциялары алкагында “эки мамлекет” чечиминин негизинде туруктуу жана ар тараптуу чечүүгө умтулууда”, – деди».

Роя:

Эрдаган менен Герцогдун ортосундагы сүйлөшүүдөн көрүнүп тургандай, Эрдаган мындай пикирлеп жатат. Башкача айтканда, анын ойу боюнча Фалестин маселесин Американын “эки мамлекет” чечими боюнча чечүү керек, азырга чейин ушундай таризде чечилбегендиги көптөгөн мамлекеттердин яхудий вужуду менен ар тармактарда кызматташуусуна тоскоолдук болууда о.э. яхудийлердин согушу, кан төгүшү жана ыйык жайларды тебелеп-тепсеши Эрдаган жана ага окшогон жетекчилерди ыңгайсыз абалга салууда. Ошондуктан, Эрдаган Фалестин маселеси «чечим» деген маска астында мүмкүн болушунча батыраак жок кылынышын арзуу кылып жатат… Бул нерсеге яхудий вужуду ыраазы болушу үчүн Эрдаган ага ар түрдүү убадаларды берип, алдоого даяр турат. Эрдагандын позициясы мына ушундай. Түпкүлүгүндө, позиция туура саясий аң-сезим үстүнө курулушу керек. Эрдаган жана анын режими – Американын жөө күчтөрү. Бул жөө чүчтөр мусулмандардын каны жана ыйык жайлары эсебинен Американын пландарын аткарып келишүүдө. Эрдагандын жакында Газа секторуна жасалган согуш учурунда Куддусту үч дин негизинде бөлүштүрүү туурасындагы сунушу буга ачык далил. Анын туйгуну козгогон билдирүүлөрү болсо, массалык маалымат каражаттарынын жардамында баёо мусулмандарды алдоодон башка нерсе эмес.

Шексиз, Фалестин маселесинин жалгыз чечими – мындай малай режимдерди кулатуу о.э. исламий кошуундарды колонизатор мамлекеттердин жана алардын малайларынын кишендеринен кутулуп, Аллаху Акбар ураандары астында Фалестинди азат кылууга аракетке келтирүү.

 

Роя гезити, №348, 2021-жыл, 21-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here