Орто Азияда вакцина, вакцина…

201
0

Орто Азияда вакцина, вакцина…

АКШ эл аралык COVAX программасынын алкагында Өзбекстанга үч миллион доза Moderna вакцинасын берет. Вакциналар 29-июлда Ташкентке жөнөтүлөрүн жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Вашингтон буга чейин Тажикстанга 1,5 миллион доза Moderna вакцинасын берген.

Колонизатор мамлекеттер пандемия шылтоосу менен ири капиталисттердин капчыгын толтуруу жолунда жарышка түшө баштады. Өзбекстан менен Тажикстан базарын Америка вакциналары ээлеп жаткан болсо, Кытай өкмөтү Кыргызстан менен чек араны толук ачуу үчүн кыргызстан калкынын 70 пайызы эмделишин шарт кылып койду. 11-июлда Кытайдын “Sinopharm” вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Кыргызстанга жеткирилди, июль айынын аягына чейин дагы ушунча вакцина жеткириле турган болду. Натыйжада, Кытайдын шартын аткаруу үчүн кыргыз өкмөтү үймө-үй кыдырып, жарандарды вакцина алууга мажбурлай баштады. Ал тургай вакцина албаган пенсионерлерге пенсия берилбейт деген кеп сөздөр тарай баштады…

Алар коронавирус шылтоосу менен өз бизнестерин экономикасы алдыда турган калктарда ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Эми кезек жакыр жана «өнүгүп келаткан» өлкөлөргө келип жетти. Башкача айтканда, миллиаррддаган пайдага туйтунган капиталисттик компаниялар байларга саткан вакциналардын ашканын калган жакыр өлкөлөрдөгү кардарларына аларга ылайыктуу баада сата баштады. Өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн болсо пайдасынын бир бөлүгүн «садака» кылмакчы. Капиталисттердин мындай шылуундуктары ар бир жаңы оорулар чыкканда кайталанып турат. Маселен, буга чейин Америкалык Sovaldi фармкомпаниясы Гепатит С вирусу үчүн чыгарган алгачкы капсуласын 150 миң доллардан сатып бир жылда 10 млрд, кийинки жылы 19 млрд доллар пайда тапкан.

Буга чейин да айтып келгенибиздей, вакцина дүйнөлүк капиталисттердин пайда табуучу булагына айланып калды. Анткени, биз жашап жаткан капиталисттик системанын өлчөөсү пайдага негизделген. Мындан улам, дүйнөлүк лидерлерден тарта жергиликтүү акимдерге чейин эмдөө жараянын жарнамалап, маалымат каражаттарын ишке салышууда. Алар карапайым калктарды вакцина сайылган адам ооруну жеңил өткөрөт деп ишендирип жатышат. Бирок турмуш чындыгында жогорудагы жараныбызга окшоп өмүр менен кош айтышкандар да катталууда. Түпкүлүгүндө, бул вакциналар коронавирустун 2019-жылдагы штаммына карата жасалган. Ал эми учурда дүйнө бойлоп жайылып жаткан вирустар мутациялангандан кийинкиси, башкача айтканда, бул вакциналар мутациялангандан кийинки вирусту аныкташы мүмкүн эмес.  Буга карабай ачкөз капиталисттер дүйнө калктарын өз вакциналары үчүн базар кылып алышты. Мисалы, The People’s Vaccine Alliance кыймылынын отчётунда көрсөтүлгөндөй, коронавируска каршы вакцина жасаган фармацевтикалык компаниялардын кирешелери себептүү дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду. Бул жаңы миллиардерлердин катарына кытайлык CanSino Biologics компаниясынын үч негиздөөчүсү, америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү, BioNTech компаниясынын башчысы, испаниялык Rovi фармацевтикалык компаниясынын башкы директору кирди. Бул миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жетти.

Демек, капитализм адамзатка жалаң гана кырсыктарды, кризистерди, адилетсиздикти алып келди. Бул чындык жаш-кары, эркек-аял баарына белгилүү. Капитализмде эмнеге суроо-талап болсо, ошол нерсе дароо бизнеске айланат. Бул учурда адамдардын шартына, азап тартышына маани берилбейт. Ал эми Исламда коомдун саламатчылыгы алдыңкы орунда турат. Саламаттыкты сактоо пайда табууга эмес, коомдогу ооруну түп тамырынан жок кылууга негизделет. Байлыктын бир ууч адамдын колуна топтолбошу үчүн зекет түзүмү иштейт жана байлар жакырларга камкор болууга шыктандырылат. Анткени, мусулмандар ар бир амалын Аллахтын ыраазылыгын көздөп аткарат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here