Асад сириялыктарды мекенге кайтууга чакырды

332
0

Асад сириялыктарды мекенге кайтууга чакырды

Сирияда болуп өткөн “шайлоо”до 95 пайыз добуш менен жеңип чыккан Башар Асад Куръан жана конституцияга ант берип, президенттик милдетине киришти. Министрлер,  ишкерлер,  академиктер,  журналисттер жана саясий партиялардын жетекчилери катышкан ант берүү аземи учурунда Башар Асад чет өлкөдөгү сириялыктарды мекенге кайтып келүүгө чакырды.

“Жалгандарга алданып, мекен жана мамлекет кулашы үчүн салым кошкон ар бир кишини мамлекетке кайтууга чакырамын. Биз силердин ар бириңерге – мамлекетибиздин душмандары тарабынан өз калкыңарга каршы эксплуатация кылынганыңарды жана силерди алдап койгон ынкылап бир куру кыял экендигин айтып келе жатабыз”, – деди Асад.

Комментарий: АКШ Сирияда Асаддын ордун ээлей турган ылайыктуу адам таба албаган соң, анын өзүн калтыруу боюнча чечим кабыл алды. Акыркы кездерде АКШ расмийлери Асадды жок кылуу планы жоктугу жөнүндө бир нече жолу билдирүү беришти. Мисалы, ЦРУнун мурдагы жетекчиси генерал Майкл Хайден ар бир иш өз жолунда кетиши үчүн учурдагы варианттардын ичинде эң абзел чечим Башар Асаддын өз ордунда калышы экендигин айткан болсо, АКШнын Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри Анкарадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Ак үйдүн расмий позициясы Асад режимин өзгөртүү эместигин баса белгиледи.

Байдендин заманына келип бул жараян бир аз активдеше баштады. АКШнын бир гана ишарасын ынтызардык менен күтүп турган Саудиянын королу Асад режими менен мамилени толук нормалдаштыруу үчүн дароо алгачкы кадамды таштады. Гезиттердин жазышынча, өткөн май айында Саудиянын делегациясы Дамаскка барып Асад менен жолугушкан жана Дамаскта Саудиянын элчиканасын ачуу тууралуу келишип алышкан.

Асадды террорчу деп келген Түркия өкмөтү да 180 градуска бурулуп, Сирия режими менен мамилени калыбына келтирүү жөнүндө сөз баштаса таң калбай эле коюңуз. Ансыз деле “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдогандын жардамчысы Мустафа Шендин “Эртең Сирия менен мамилелер албетте жакшырат. Себеби, биз кошуналар эле эмес, боордошторбуз. Түрк улуту менен Сирия калкы боордош калктар. Бул эки ага-ини кез-кезде проблемаларга дуушар болушу мүмкүн”, – деген сөздөрү Түркия-Сирия ортосундагы мамилелер кайра тикелениши үчүн алгачкы кадамдар катары бааланууда.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, ар бир мамлекет ички жана тышкы саясатында көзкарандысыз болуу үчүн өз идеологиясына ээ болушу жана ошол идеология негизинде башкарылышы керек. Бүгүнкү күндө Исламий өлкөлөрдүн эч бири – калкы мусулман болсо да – Исламий идеология негизинде өкүм жүргүзүлө турган мамлекет эмес. Ошондуктан, бул мамлекеттер тиги же бул жетекчи мамлекетке көзкаранды мамлекеттер болуп эсептелишет. Мисалы, Түркиянын президенти Эрдоган Мисирдин президенти Сисини бир нече жолу “Канкор” деп атаган эле, бүгүнкү күндө болсо аны менен кызматташа турганын билдирип жатат. Себеби Америка ушуну каалап жатат. Ырасында Исламий идеологияны негиз кылып, мамлекет ушул негиз менен башкарылбаган соң, Сирия маселесинде да кудум ушундай жолду карманууга мажбур.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here